Скрыть
13:3
13:4
13:6
13:7
13:8
13:10
13:12
13:13
13:15
13:16
13:17
13:18
13:19
13:20
13:22
13:23
13:25
13:27
13:28
13:29
13:31
13:32
13:34
13:35
13:36
13:37
Ыйса ийбадатканадан чыгып бара жатканда, шакирттеринин бири: «Устат, карачы! Кандай кооз таштар! Кандай кооз имараттар!» – деди.
Ошондо Ыйса ага: «Бул чоњ имараттарды кљрєп жатасыњбы? Мунун баары кыйратылат, бул жерде таш єстєндљ таш калбайт», – деди.
Ыйса ийбадаткананын мањдайындагы Зайтун тоосунда отурганда, љздљрєнчљ калышканда, Петир, Жакып, Жакан жана Андрей Андан:
«Бизге айтып берчи, бул качан болот? Мунун баарынын ишке ашарын кандай белги аркылуу билсе болот?» – деп сурашты.
Ыйса аларга мындай деп айта баштады: «Силерди бирљљ адаштырып кетпеши єчєн сак болгула.
Анткени кљптљр Менин ысымымды жамынып келип: “Машайак Менмин”, – деп, кљптљрдє адаштырышат.
Согуштар жана согуш кабарлары жљнєндљ укканыњарда, єрљйєњљрдє учурбагыла. Анткени булар болушу керек, бирок бул дєйнљнєн акыры эмес.
Бир эл бир элге, бир падышачылык бир падышачылыкка каршы кљтљрєлљт, жер-жерлерде жер титирљљлљр, ачкачылык жана козголоњдор болот. Булар – кыйынчылыктардын башталышы.
Бирок силер љзєњљргљ сак болгула. Анткени силерди сотко беришет, синагогаларда уруп-сабашат. Мен жљнєндљ кєбљлљндєрєшєњљр єчєн, силерди башкаруучулар менен падышалардын алдына алып барышат.
Баарынан мурда бардык элдерге Жакшы Кабар таратылышы керек.
Силерди салып берєє єчєн алып бара жатышканда, эмнени айтабыз деп тынчсызданбагыла. Ошол саатта силерге эмне берилсе, ошону айткыла. Анткени силер эмес, Ыйык Рух сєйлљйт.
Бир тууган бир тууганын, атасы балдарын љлємгљ кыят. Балдары ата-энелерине каршы кљтљрєлєп, аларды љлтєрєшљт.
Менин ысымым єчєн бардыгына жек кљрєндє болосуњар. Ал эми акырына чейин чыдаган адам куткарылат.
Окуган адам тєшєнєп алсын: Даниел пайгамбар аркылуу айтылган кыйратуучу жийиркенич турбашы керек болгон жерде турганын кљргљнєњљрдљ, Жєйєт аймагындагылар тоолорго качып кетишсин.
Ким єйдєн тљбљсєндљ болсо, ал бир нерсе алуу єчєн, єйєнљ кирбесин.
Ким талаада болсо, ал кийимин алуу єчєн, артка кайрылып келбесин.
Ошол кєндљрдљ кош бойлуу жана эмчекте баласы бар аялдарга кыйын болот.
Качууњар кыш мезгилине туура келип калбас єчєн сыйынгыла.
Анткени ошол кєндљрдљ чоњ алаамат болот, андай алаамат дєйнљ жаратылгандан баштап, азыркыга чейин болгон эмес жана кийин да болбойт.
Эгерде Тењир ал кєндљрдє кыскартпаса, анда эч бир адам куткарылмак эмес. Бирок Ал Љзє тандап алгандар єчєн гана ошол кєндљрдє кыскартты.
Ошондо силерге кимдир бирљљ: “Мына, Машайак бул жерде” же “Тигине, тигил жерде”, – десе, ишенбегиле.
Анткени жалган машайактар, жалган пайгамбарлар чыгат. Мємкєн болсо, тандалгандарды да адаштыруу єчєн, жышаандарды жана кереметтерди кљрсљтєшљт.
Силер болсо сак болгула. Мына, Мен силерге бардыгын алдын ала айттым.
Бирок ошол кєндљрдљ ошол алааматтан кийин, кєн карањгылап, ай жарыгын бербей калат.
Асмандан жылдыздар тєшєп, асман кєчтљрє кыймылдайт.
Ошондо Адам Уулунун булуттардын єстєндљ улуу кєч жана дањк менен келе жатканын кљрєшљт.
Ошондо Ал Љзєнєн периштелерин жиберип, тљгљрљктєн тљрт бурчунан, бєт жер жєзєнљн Љзєнєн тандалгандарын чогултат.
Анжыр дарагынан сабак алгыла: анын бутактары кљљп, бєчєр байлап калганда, жай келерине аз калганын билесињер.
Ошол сыяктуу эле, силер да булардын боло баштаганын кљргљнєњљрдљ, аз убакыт калганын, босогодо турганын билгиле.
Силерге чындыкты айтып коёюн, мунун баары болмоюнча, бул муун жок болуп кетпейт.
Асман менен жер жок болуп кетет, Менин сљздљрєм болсо жок болбойт.
Ал кєндє же ал саатты эч ким билбейт: асмандагы периштелер да, Уул да билбейт, бир гана Ата билет.
Байкагыла, сергек болгула, сыйынгыла. Анткени ал убакыттын качан келерин билбейсињер.
Бул жолго чыгарда єй-жайын калтырып, кулдарына бийлик берип, ар бирине љзєнчљ иш тапшырган, дарбаза кайтаруучуга болсо сак болууну буйруган єй ээсине окшош.
Ошондуктан сергек болгула. Анткени єйдєн ээси качан келерин, кечиндеби, тєн ортосундабы, короз кыйкырган маалдабы, тањ аткандабы, билбейсињер.
Ал кєтєлбљгљн убакта, силер уктап жатканда келип калбасын!
Силерге айтып жатканым баарына тиешелєє: сергек болгула!»
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible