Скрыть
14:1
14:3
14:5
14:6
14:9
14:10
14:11
14:15
14:17
14:18
14:19
14:20
14:21
14:23
14:24
14:26
14:27
14:28
14:29
14:30
14:31
14:32
14:33
14:34
14:36
14:37
14:38
14:39
14:40
14:41
14:42
14:43
14:45
14:47
14:48
14:49
14:50
14:52
14:53
14:55
14:56
Тењир Мусага мындай деп айтты:
«Пес оорулуу жљнєндљгє, аны тазалоо убактысы жљнєндљгє мыйзам мындай: аны ыйык кызмат кылуучуга алып келиш керек.
Ыйык кызмат кылуучу стандын сыртына чыгат. Эгерде ыйык кызмат кылуучу пес оорулуунун пес оорусунан айыкканын кљрсљ,
анда ыйык кызмат кылуучу тазалана турган адамга эки тирєє адал канаттууну, кедр жыгачын, кочкул кызыл жипти, иссопту алып келєєнє буйруйт.
Анан ыйык кызмат кылуучу бир канаттууну алып, чопо идиштеги агын суунун єстєнљ мууздоону буйрук кылат.
Ал эми љзє тирєє канаттууну, кедр жыгачын, кочкул кызыл жипти, иссопту алып, аларды жана тирєє канаттууну агын суунун єстєнљ мууздалган канаттуунун канына малат.
Анан пес оорусунан тазалана турган адамга жети жолу кан чачып, аны таза деп жарыялайт да, тирєє канаттууну талаага коё берет.
Тазалана турган адам љз кийимдерин жууп, бєт тєгєн кырдырып, сууга жуунат, ошондо таза болот. Андан кийин станга келип, жети кєн љз чатырынын сыртында турсун.
Жетинчи кєнє денесиндеги бєт тєгєн: чачын, сакал-мурутун, кашын, денесинде болгон бєт тєгєн кырдырат, анан кийимдерин жууйт, денесин сууга жууйт, ошондо ал таза болот.
Сегизинчи кєнє ал кемчилиги жок эки кочкор, кемчилиги жок бир жылдык ургаачы козу, нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон єч бљлєгєнчљлєк буудай унун, бир лог зайтун майын алып келсин.
Тазалай турган ыйык кызмат кылуучу тазалана турган адамды курмандыктары менен бирге Тењирдин алдына, жыйын чатырынын эшигинин алдына коёт.
Анан ыйык кызмат кылуучу бир эркек козу алып, айып єчєн чалынуучу курмандыкка чалат. Ошондой эле бир лог зайтун майын алып, аларды Тењирдин алдында силкилдетет.
Ал козуну кєнљљ єчєн чалынуучу курмандык менен бєтєндљй љрттљлєєчє курмандык союла турган жерде, ыйык жерде соёт, анткени айып єчєн чалынуучу бул курмандык кєнљљ єчєн чалынуучу курмандык сыяктуу эле ыйык кызмат кылуучуга тиешелєє. Бул – эњ ыйык курмандык.
Анан ыйык кызмат кылуучу айып єчєн чалынган курмандыктын канынан алып, тазалана турган адамдын оњ кулагынын кљнчљгєнљ, оњ колунун бармагына жана оњ бутунун бармагына сыйпайт.
Анан ыйык кызмат кылуучу зайтун майынан бир лог алып, љзєнєн сол алаканына куят.
Анан ыйык кызмат кылуучу оњ колунун сљљмљйєн сол алаканындагы зайтун майына малып, Тењирдин алдында жети жолу чачат.
Ал эми алаканында калган зайтун майын ыйык кызмат кылуучу тазалана турган адамдын оњ кулагынын кљнчљгєнљ, оњ колунун бармагына, оњ бутунун бармагына, айып єчєн чалынган курмандыктын каны сыйпалган жерлерге сыйпайт.
Ыйык кызмат кылуучу алаканында калган зайтун майын тазалана турган адамдын башына сыйпап, аны Тењирдин алдында тазалайт.
Андан кийин ыйык кызмат кылуучу кєнљљ єчєн чалынуучу курмандыкты чалып, тазалана турган адамды таза эместигинен тазалайт. Ошондон кийин бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыкты соёт.
Анан ыйык кызмат кылуучу бєтєндљй љрттљлєєчє курмандык менен нан курмандыгын курмандык чалынуучу жайга коёт. Ыйык кызмат кылуучу аны ошентип тазалайт, ошондо ал таза болот.
Эгерде ал жарды болсо, колунда жок болсо, анда љзєн тазалаш єчєн, Тењирге арнап айып єчєн чалынуучу курмандыкка силкилдетип алып келєє єчєн, бир эркек козу, нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон бир бљлєгєнчљлєк буудай унун, бир лог зайтун майын алып келсин.
Колунан келген эки бактекти же эки жаш кљгєчкљндє алып келсин. Канаттуулардын бирин кєнљљ єчєн чалынуучу курмандыкка, экинчисин бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыкка алып келсин.
Буларды тазалануунун сегизинчи кєнє Тењирдин алдына, жыйын чатырынын эшигинин алдына, ыйык кызмат кылуучуга алып келсин.
Ыйык кызмат кылуучу айып єчєн чалынуучу курмандык козуну жана бир лог зайтун майын Тењирдин алдында силкилдетсин.
Анан эркек козуну айып єчєн чалынуучу курмандыкка соёт. Ыйык кызмат кылуучу айып єчєн чалынган курмандыктын канынан алып, тазалана турган адамдын оњ кулагынын кљнчљгєнљ, оњ колунун бармагына, оњ бутунун бармагына сыйпайт.
Анан ыйык кызмат кылуучу зайтун майын љзєнєн сол алаканына куят.
Анан сол колундагы зайтун майына оњ колунун сљљмљйєн малып, Тењир алдында жети жолу чачат.
Ыйык кызмат кылуучу алаканындагы зайтун майын тазалана турган адамдын оњ кулагынын кљнчљгєнљ, оњ колунун бармагына, оњ бутунун бармагына, айып єчєн чалынган курмандыктын каны сыйпалган жерлерге сыйпайт.
Ал эми алаканында калган зайтун майын тазалана турган адамдын башына сыйпайт, аны Тењирдин алдында тазалоо єчєн сыйпайт.
Анан тазалана турган адам алып келген бактектердин бирин же жаш кљгєчкљндљрдєн бирин алып келет.
Анын алып келген канаттууларынын бирин кєнљљ єчєн чалынуучу курмандыкка, экинчисин нан курмандыгы менен бирге бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыкка чалат. Ыйык кызмат кылуучу тазалана турган адамды Тењирдин алдында ошентип тазалайт».
Тазаланып жаткан пес оорулуу кедей жљнєндљгє мыйзам ушул.
Тењир Муса менен Арунга дагы мындай деп айтты:
«Мен силерге берген Канаан жерине киргенињерде, силер ээлеген жердеги єйлљргљ пес оорусун каптатам.
Ошондо кимдин єйєн пес оорусу каптаса, ал ыйык кызмат кылуучуга барып: “Менин єйємдљ жара сыяктуу бир нерсе пайда болуп жатат”, – деп айтсын.
Ыйык кызмат кылуучу єйгљ кирип жараны карап кљрљрдљн мурун, єйдљгє нерселердин баары таза эмес болуп калбашы єчєн, єйдє бошотууну буйруйт, ошондон кийин гана ыйык кызмат кылуучу єйдє кљрєєгљ келет.
Ал жараны карап кљрљт. Эгерде жара єйдєн дубалдарына жашыл же кызыл оюкчаларды пайда кылып, дубалга терењдеп баратса,
анда ал єйдљн чыгып, єйдє жети кєнгљ бекитет.
Жетинчи кєнє ыйык кызмат кылуучу кайра келип карап кљрљт. Эгерде жара єйдєн дубалдарына жайылып баратса,
анда ыйык кызмат кылуучу жарасы бар таштарды чыгарып алып, шаардын сыртындагы таза эмес жерге алып барып таштоону буйрук кылат.
Ал эми єйдєн ички шыбагын бєт кырып чыгып, кырындыларды шаардын сыртындагы таза эмес жерге ташташат.
Анан алынган таштардын ордуна башка таштарды коюп, башка ылай жасап, єйдє кайрадан шыбап чыгышат.
Эгерде таштарды чыгарып алып, єйдєн шыбагын кырып, таза эмес жерге таштагандан кийин да, жара єйдљ кайрадан пайда болуп, жайыла баштаса,
анда ыйык кызмат кылуучу келип карап кљрљт. Эгерде жара жайылып кетсе, анда ал – єйдє оюп кете турган пес оорусу, ал єй таза эмес.
Ал єйдє бузуп, таштарын, жыгачтарын, шыбактарын шаардын сыртындагы таза эмес жерге алып барып ташташ керек.
Ким єй жабык турганда кирсе, ал кечке чейин таза эмес болот.
Ким ал єйдљ тєнљсљ, кийимдерин жуусун. Ким ал єйдљ тамак жесе, кийимдерин жуусун.
Анан ыйык кызмат кылуучу келип карап кљрљт. Эгерде ыйык кызмат кылуучу келип, єй шыбалгандан кийин, єйгљ жара жайылбаганын кљрсљ, анда єйдє таза деп жарыялайт, анткени жара љтєп кеткен.
Ал єйдє жарадан тазалаш єчєн, эки канаттуу, кедр жыгачын, кочкул кызыл жип жана иссоп алып,
бир канаттууну агын суу куюлган чопо идиштин єстєнљ мууздайт.
Анан ал кедр жыгачын, иссопту, кочкул кызыл жипти, тирєє канаттууну алып, агын суунун єстєнљ мууздалган канаттуунун канына малып, єйгљ жети жолу чачып чыгат.
Ал єйдє канаттуунун каны менен, агын суу менен, тирєє канаттуу менен, кедр жыгачы менен, иссоп менен, кочкул кызыл жип менен тазалайт.
Анан тирєє канаттууну шаардын сыртындагы талаага коё берет. Yйдє ал ошентип тазалайт, ошондо єй таза болот.
Пес оорусунун жарасы жљнєндљгє, таз жљнєндљгє,
кийимдин, єйдєн пес оорусу жљнєндљгє, шишик, темирљткє жана тактар жљнєндљгє,
алардын качан таза, качан таза эмес болору жљнєндљгє мыйзам ушул. Пес оорусу жљнєндљгє мыйзам ушул».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible