Скрыть
14:1
14:2
14:4
14:5
14:7
14:8
14:9
14:10
14:11
14:13
14:14
14:16
14:18
14:20
Шимшон Тимнатага барып, Тимнатадагы Пелишти кыздарынын ичинен бир кызды кљрдє.
Ал келип, атасы менен энесине: «Мен Тимнатадагы Пелишти кыздарынын ичинен бир кызды кљрдєм, мага ошол кызды алып бергиле», – деп кабарлады.
Атасы менен энеси ага: «Сєннљткљ отургузулбаган пелиштиликтерден аял алганы барам дегидей, бир туугандарыњдын, бєткєл элимдин арасында кыз жок бекен?» – деди. Шимшон атасына: «Ошол кызды алып бер, мен аны жактырып калдым», – деди.
Атасы да, энеси да бул Тењирден экенин, ал пелиштиликтерден љч алуунун ыњгайлуу учурун издеп жатканын билишкен жок. Ошол учурда ысрайылдыктарга пелиштиликтер єстљмдєк кылып турган.
Анан Шимшон ата-энеси менен Тимнатага жљнљдє. Тимнатанын жєзємзарларына жакын келишкенде, анын алдынан жаш арстан ырылдап чыкты.
Шимшондун єстєнљ Тењирдин Руху тєштє, колунда эч нерсе жок болсо да, ал арстанды улактай тытып салды. Ал эмне кылганын атасына да, энесине да айткан жок.
Анан ал пелиштилик кызга келип, аны менен сєйлљштє. Кыз Шимшонго жагып калды.
Аны алыш єчєн, бир нече кєндљн кийин ал дагы келди. Љзє љлтєргљн арстанды кљргљнє келип, љлєктєн ичинен аарынын уюгу менен балды кљрдє.
Ал балдан алып, жол бою жеп жєрєп отурду. Келип, атасы менен энесине берди, алар да жешти, бирок аларга балды арстандын љлєгєнєн ичинен алганын айткан жок.
Атасы кыздын єйєнљ келди. Єйлљнгљндљр той бергендей эле, Шимшон да той берди.
Ал жердегилер аны кљргљндљ, анын жанында болууга отуз кєйљљ жолдош тандашты.
Шимшон аларга: «Мен силерге бир табышмак айтайын. Эгерде силер анын жандырмагын той бєткљнчљ, жети кєндєн ичинде тапсањар, туура тапсањар, мен силерге жука матадан тигилген отуз кљйнљк жана отуз сыйра кийим берем.
Эгерде табышмакты жандыра албасањар, анда силер мага жука матадан тигилген отуз кљйнљк, отуз сыйра кийим бергиле», – деди. Алар: «Табышмагыњды айт, угалы», – дешти.
Ал аларга: «Жегичтен тамак чыкты, кєчтєєдљн таттуу чыкты», – деп айтты. Алар табышмакты єч кєн бою жандыра алышкан жок.
Жетинчи кєнє Шимшондун колуктусуна: «Кєйљљњдє кљндєр, табышмактын жообун айтсын, болбосо сени да, атањдын єйєн да љрттљп жиберебиз. Силер, эмне, бизди тоногону чакырдыњар беле?» – дешти.
Аялы Шимшондун алдына келип ыйлап: «Сен мени жек кљрљсєњ, сєйбљйсєњ. Менин элимдин уулдарына табышмак айттыњ, бирок мага жообун айткан жоксуњ», – деди. Ал аялга: «Жандырмагын атама да, энеме да айткан эмесмин, анан сага айтмак белем?» – деди.
Той болуп жаткан кєндљрє, жети кєн бою аялы анын алдына келип ыйлай берди. Жанын койбой сурай бергендиктен, акыры, жетинчи кєнє ал аялына табышмактын жандырмагын айтты. Аялы болсо табышмактын жандырмагын љз элинин уулдарына айтып койду.
Жетинчи кєнє кєн батар алдында жанагы кишилер келип, ага: «Балдан таттуу, арстандан кєчтєє эмне бар?» – дешти. Шимшон аларга: «Эгерде менин кунаажыным менен кош айдабасањар, табышмагымды таба алмак эмессињер», – деди.
Анын єстєнљ Тењирдин Руху тєшєп, ал Ашкелонго жљнљдє. Ал жерден ал отуз кишини љлтєрєп, кийимдерин чечип алып, табышмактын жандырмагын тапкандарга отуз сыйра кийим берди. Ал абдан каарданып, атасынын єйєнљ кетип калды.
Шимшондун аялы болсо аны жандап жєргљн кєйљљ жолдошуна тийди.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible