Скрыть
10:1
10:2
10:5
10:8
10:9
10:11
10:12
10:14
10:15
Абы-Мелектен кийин Ысрайылды куткарыш єчєн, Исахар уруусунан Додонун уулу, Пуянын уулу Тола чыкты. Ал Эпрайым тоосундагы Шамирде жашачу.
Ал Ысрайылга жыйырма єч жыл башкаруучу болду. Кљз жумуп, Шамирге коюлду.
Андан кийин гилаттык Жайыр чыкты, ал Ысрайылга жыйырма эки жыл башкаруучу болду.
Анын отуз жаш эшекке минип жєргљн отуз уулу болгон, алардын отуз шаары бар эле. Аларды ушул кезге чейин Гилат жериндеги Жайырдын шаарлары дешет.
Жайыр кљз жумуп, Камонго коюлду.
Ысрайыл уулдары кайрадан Тењирдин кљз алдында жаман иштерин кыла башташты. Алар Баалдар менен Ашейраларга, арамейликтердин, сидондуктардын, мааптыктардын, амондуктардын, пелиштиликтердин кудайларына кызмат кылып жатышты. Тењирди таштап, Ага кызмат кылбай калышты.
Тењир Ысрайылга каарданып, аларды пелиштиликтер менен амондуктардын колуна салып берди.
Алар ошол жылдан тартып Иордандын аркы љйєзєндљ, аморлуктардын Гилаттагы жеринде жашаган ысрайылдыктарды он сегиз жыл кысымга алып эзишти.
Амондуктар Жєйєт, Бенжемин жана Эпрайым уруулары менен согушуу єчєн, Иордандан љтєп келишти. Ысрайыл уулдары абдан кыйналышты.
Ошондо Ысрайыл уулдары Тењирге боздоп кайрылышты: «Биз Сенин алдыњда кєнљљгљ баттык, себеби Кудайыбызды таштап, Баалдарга кызмат кылдык».
Тењир Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Силерди мисирликтер, аморлуктар, амондуктар, пелиштиликтер,
сидондуктар, амалыктыктар, мааптыктар эзишкенде, силер Мага кайрылганда, Мен силерди алардын колунан куткарып турган жок белем?
Силер болсо Мени таштап, башка кудайларга табынып кеттињер. Ошон єчєн Мен силерди эми куткарбайм.
Баргыла да, љзєњљр тандап алган кудайларыњарга жалынгыла, башыњарга тєшкљн кыйынчылыктан силерди ошолор куткарсын».
Ошондо Ысрайыл уулдары Тењирге: «Кєнљљгљ баттык, бизди эмне кылсањ, Љзєњ бил, азыр бизди куткарып кал», – дешти.
Ошентип, алар бљтљн кудайларды таштап, Тењирге кызмат кыла башташты. Ысрайылдын азап тартып жатканын кљрєп, Ал чыдап тура алган жок.
Амондуктар чогулуп, стандары менен Гилатка жайланышышты. Ысрайыл уулдары да чогулуп, стандары менен Миспага жайланышышты.
Ошондо Гилаттын эли менен тљрљлљрє бири-бирине: «Амондуктарга каршы салгылашты ким биринчи баштаса, ошол бардык Гилат тургундарынын башчысы болот», – дешти.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible