Скрыть
6:2
6:5
6:8
6:18
6:21
6:23
6:29
Бенжемин балдары, Иерусалимдин ичинен качкыла, Текояда сурнай тарткыла, Бейт-Акеремде от менен белги бергиле, анткени тєндєктљн улуу кайгы жана кыйроо келе жатат.
«Мен Сиондун сулуу, эрке кызын кыйратам.
Койчулар љз койлору менен ага келишет, анын айланасына чатырларын тигишет. Ар бири љзєнєн жерине малын жаят».
Аны менен согушууга даярдангыла. Тургула, тєштљ барабыз. Бизге кайгы! Кєн батып бара жатат, кечки кљлљкљ узарып калды.
Тургула, тєн болсо да барабыз, анын чептерин кыйратабыз!
Анткени Себайот Тењир мындай дейт: «Дарактарды кыйгыла, Иерусалимге каршы жал жасагыла: бул шаар жазаланышы керек, ал зордук-зомбулукка толгон.
Булак љзєнљн суу бєркєп чыгаргандай, ал љзєнљн жамандык чыгарып жатат: анын ичинен зордук-зомбулук, талап-тоноочулук угулуп жатат. Менин алдымда дайыма кыйналуу жана кайгы тартуу болуп жатат.
Иерусалим, акылыња кел, Менин жаным сенден алыстап кетпесин, Мен сени чљлгљ, эч ким жашабаган жерге айлантпайын».
Себайот Тењир мындай дейт: «Ысрайылдын калдыгын жєзєм сыяктуу акырына чейин терип алышат. Себеттерди толтуруп, жєзєм жыйнаган адамдай, љз колуњ менен иште.
Алар уксун єчєн, Мен кимге айтам, кимди эскертем? Мына, алардын кулагы сєннљтсєз, ошондуктан алар уга алышпайт. Мына, алар Тењирдин сљзєнљ кєлєп жатышат, Анын сљзє аларга жакпайт.
Ошондуктан Мен Тењирдин каарына аябай толдум, аны Љзємдљ кармап тура албайм. Аны кљчљдљгє балдарга жана топтошкон уландарга тљгљм. Аялы менен кєйљљсє, улгайып калганы менен карылыгы жеткени олжого кетет.
Талаалары менен аялдары сыяктуу эле, єйлљрє да жат бирљљлљрдєн колуна љтљт, анткени Мен бул жердин тургундарына каршы колумду сунам, – дейт Тењир.
Анткени кичинесинен чоњуна чейин, булардын ар бири ач кљздєккљ берилген, пайгамбардан ыйык кызмат кылуучуга чейин жалган иш кылышат.
Менин элимдин жараатын “Тынчтык! Тынчтык!” деп, жењил ойлуулук менен дарылап жатышат, бирок тынчтык жок.
Алар жийиркеничтєє иштерди кылгандан уялышабы? Жок, такыр уялышпайт, кызарып да коюшпайт. Ошон єчєн алар кулагандар менен кулашат, Мен аларды жазалаган кєнє алар кулашат», – дейт Тењир.
Тењир мындай дейт: «Љзєњљрдєн бара жаткан жолуњарда токтогула, артыњарды карагыла, байыркы жолдор жљнєндљ сураштыргыла, жакшы жол кайда экенин сурагыла, ошол жолго тєшкєлљ, ошондо жаныњарга тынчтык табасыњар». Бирок алар: «Барбайбыз», – дешти.
«Ошондо Мен силердин єстєњљрдљн сакчыларды коюп: “Сурнайлардын єнєн уккула”, – дедим. Бирок алар: “Укпайбыз”, – дешти».
«Ошондуктан кулак салгыла, элдер, алардын эмне болорун бил, жамаат!
Ук, жер жєзє! Мына, Мен бул элге бєлгєн тєшєрљм, бул – алардын ойлорунун жемиши, анткени алар Менин сљздљрємдє укпай, Менин мыйзамымды четке кагышты.
Шебадан келе жаткан ладандын, алыскы љлкљдљн келе жаткан жыпар жыттуу жылгындын Мага эмне кереги бар? Силердин бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыгыњар Мага жакпайт, курмандыктарыњар Мага жагымсыз».
Ошондуктан Тењир мындай дейт: «Мына, Мен бул элдин алдына тоскоолдуктарды коюп жатам, ага аталары балдары менен бирге, кошунасы досу менен бирге чалынат жана љлљт».
Тењир мындай дейт: «Мына, тєндєк жактагы љлкљдљн эл келе жатат, жер кыйырынан улуу эл кљтљрєлєп келе жатат.
Алар колдоруна жаа, найза кармап алышкан. Алар катаал жана ырайымсыз, алардын єнє дењиздей шуулдайт, аттарга минип учуп келе жатышат, сени менен салгылашуу єчєн бир кишидей тизилишкен, Сион кызы».
Биз алар жљнєндљ кабар укканда, эмне кыларыбызды билбей, кайгыга баттык, толгоо тарткан аялдай кыйналдык.
Талаага чыкпагыла, жолдо жєрбљгєлљ, анткени душмандын кылычы келе жатат, туш-туштан коркунуч туулду.
Элимдин кызы, белињди зумбал менен курча, башыња кєл сеп, жалгыз уулуњ љлгљндљй кайгырып, катуу ыйла, анткени кыйратуучу бизге кєтєлбљгљн жерден келет.
«Сен Менин элимди билишињ єчєн жана анын жолуна кљз салып турушуњ єчєн, Мен сени Љзємдєн элимдин ичине мунара жана чеп кылып койдум.
Алардын баары – љтљ ишенимсиз адамдар, ушакчылык кылып жашашат. Булар – жез жана темир, бардыгы бузулган адамдар».
Жел єйлљгљн кљљрєк љрттљнєп кетти, коргошун отто жок болду: эритєєчє адам текке эритти, анткени андан жаман кошундулары бљлєнбљй калды.
Аларды четке кагылган кємєш деп аташат, анткени аларды Тењир четке какты.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible