Скрыть
27:1
27:4
27:8
27:10
27:11
27:12
27:17
27:18
27:21
Жєйєт падышасы Жошия уулу Жайакимдин падышачылыгынын башталышында Жеремияга Тењирден мына бул сљз болду:
Тењир мага мындай деди: «Љзєњљ кишен жана моюнтурук жасап, аларды мойнуња сал.
Аларды Иерусалимдеги Жєйєт падышасы Ситкияга келген элчилер аркылуу Эдом падышасына, Маап падышасына, Амон уулдарынын падышасына, Тир падышасына жана Сидон падышасына берип жибер.
Анан ал элчилерге љздљрєнєн падышаларына мындай деп айтып баруусун буйру: Ысрайылдын Кудайы, Себайот Тењир, мындай деп айтып жатат: Љз падышаларыњарга мындай деп айткыла:
“Мен Љзємдєн зор кудуретим менен, сунулган билегим менен жерди, жер бетиндеги адамды жана жаныбарларды жараттым, аны Мен кимге кааласам, ошого бердим.
Эми бул жерлердин бардыгын Мен Љзємдєн кулум – Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна берип жатам, атєгєл, талаа жырткычтарын да ага кызмат кылууга бердим.
Анын жеринин да, љзєнєн да мезгили келгенге чейин, бєт элдер ага, анын уулуна, анын уулунун уулуна кызмат кылышат. Ага кљп элдер, улуу падышалар кызмат кылышат.
Эгерде кайсы бир эл жана падышачылык ага – Бабыл падышасы Небухаданасарга кызмат кылгысы келбесе, Бабыл падышасынын моюнтуругуна љз мойнун сунбай турган болсо, анда Мен ал элди анын колу менен биротоло жок кылмайынча, кылыч менен, ачарчылык менен, жугуштуу оору менен жазалайм.
Силер болсо љзєњљрдєн пайгамбарларыњардын, тљлгљчєлљрєњљрдєн, тєш кљрєєчєлљрєњљрдєн, сыйкырчыларыњардын, жылдыз эсепчилерињердин силерге: «Бабыл падышасына кызмат кылбайсыњар», – деген сљздљрєн укпагыла.
Анткени алар силерди љз жерињерден чыгарыш єчєн, Мен силерди кууп жибериш єчєн, силер кырылышыњар єчєн, силерге жалган пайгамбарчылык кылып жатышат.
Бабыл падышасынын моюнтуругуна љз мойнун сунуп, ага кызмат кылган элди болсо Мен љз жеринде калтырам, – дейт Тењир, – ал эл ошол жерди иштетип, ошол жерде жашайт”».
Жєйєт падышасы Ситкияга да мен ушул сљздљрдєн бардыгын айттым: «Бабыл падышасынын моюнтуругуна љз мойнуњарды сунгула жана ага да, анын элине да кызмат кылгыла, ошондо аман каласыњар.
Тењир Бабыл падышасына кызмат кылбаган эл жљнєндљ айткандай, сенин жана сенин элињдин кылычтан, ачарчылыктан жана жугуштуу оорудан кырылышынын эмне кереги бар?
“Бабыл падышасына кызмат кылбайсыњар”, – деп айтып жаткан пайгамбарлардын сљздљрєн укпагыла, анткени алар силерге жалган пайгамбарчылык кылып жатышат».
«Аларды Мен жиберген эмесмин, – дейт Тењир. – Мен силерди кууп чыгыш єчєн, силер да, силерге пайгамбарчылык кылган пайгамбарлар да кырылышы єчєн, алар силерге Менин атымдан жалган пайгамбарчылык кылып жатышат».
Бирок мен ыйык кызмат кылуучуларга жана бул элдин бардыгына мындай деп айткам: «Тењир мындай дейт: Силерге пайгамбарчылык кылып: “Мына, жакында Бабылдан Тењир єйєнєн идиштерин кайра алып келишет”, – деген пайгамбарларыњардын сљздљрєн укпагыла, анткени алар силерге жалган пайгамбарчылык кылып жатышат.
Аларды укпагыла, Бабыл падышасына кызмат кылып жашай бергиле. Бул шаарды урандыга айландыруунун эмне кереги бар?
Эгерде алар пайгамбарлар болсо, аларда Тењирдин сљзє бар болсо, анда Тењир єйєндљ, Жєйєт падышасынын єйєндљ жана Иерусалимде калган идиштер Бабылга љтєп кетпеш єчєн, Себайот Тењирдин алдында жалынып жалбарып љтєнєшсєн».
Бабыл падышасы Небухаданасар Жєйєт падышасы Жайаким уулу Жайахинди жана жєйєт элинин бєт атактууларын, Иерусалим тургундарын Иерусалимден Бабылга алып кетип бара жатканда албай кеткен
мамылар жљнєндљ, жез чара жљнєндљ, астына койгучтар жљнєндљ жана ушул шаарда калган башка буюмдар жљнєндљ Себайот Тењир мындай дейт:
Тењир єйєндљ, Жєйєт падышасынын єйєндљ жана Иерусалимде калган идиштер жљнєндљ Ысрайылдын Кудайы, Себайот Тењир, мындай дейт:
«Алар Бабылга жеткирилет, Мен аларды жазалаганга чейин, алар ошол жерде болот, – дейт Тењир, – ошондон кийин Мен аларды алып чыгып, бул жерге кайра алып келем».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible