Скрыть
19:1
19:10
19:12
19:14
Тењир мындай деди: «Бар, карапачыдан чопо кумура сатып ал. Љзєњ менен кошо эл аксакалдарын жана ыйык кызмат кылуучулардын башчыларын ал.
Анан Харсит дарбазасынын алдындагы Ином уулдарынын љрљљнєнљ чык, ошол жерде Мен сага айта турган сљздљрдє жарыя кыл.
Ошондо мындай де: “Жєйєт падышалары жана Иерусалим тургундары, Тењирдин сљзєнљ кулак салгыла! Ысрайылдын Кудайы, Себайот Тењир мындай дейт: «Мына, бул жерге Мен кайгы каптатам, ал тууралуу уккан адамдын кулагы тунат.
Анткени алар Мени таштап кетишти, бул жерди Мага жат жер кылышты, бул жерде љздљрє да, ата-бабалары да, Жєйєт падышалары да билбеген башка кудайларга жыпар жыттуу зат тєтљтєштє, бул жерди айыпсыз канга толтурушту.
Баалга бутканаларды курушту, љз уулдарын Баалга арнап бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыкка љрттљштє, Мен аны буйрук кылган эмесмин, айткан эмесмин, ал Менин оюма да келген эмес.
Ошон єчєн, мына, кєндљр келе жатат, – дейт Тењир, – ошол кєндљрдљн кийин бул жер Топет же Ином уулдарынын љрљљнє эмес, Љлтєрєє љрљљнє деп аталып калат.
Бул жерде Жєйєттєн да, Иерусалимдин да кењешин жок кылам, аларды љз душмандарынын кљз алдында кылыч менен, аларды љлтєргєсє келгендердин колу менен љлтєрљм, алардын љлєктљрєн асман канаттууларына жана жердеги жырткычтарга азык кылам.
Бул шаарды кљргљн элдин єрљйєн учургудай кылам, кєлкєгљ айлантам. Бул шаар аркылуу љткљн ар бир адам тањ калат, анын бардык жараатын кљрєп ышкырат.
Аларга љз уулдарынын жана љз кыздарынын этин жедирем. Аларды љлтєргєсє келген душмандары кысымга алганда, курчоодо, эзєєдљ жатып, ар кимиси љз жакынынын этин жейт»”.
Анан сени менен келген кишилердин кљз алдында кумураны талкала.
Аларга мындай деп айт: Себайот Тењир мындай дейт: “Мен бул элди жана бул шаарды карапачынын талкаланган, калыбына келбей турган идишиндей кылып талкалайм. Кљмєєгљ жер жетишсиз болгондуктан, аларды Топетте кљмєшљт.
Бул жерди, – дейт Тењир, – жана бул жерде жашагандарды так ушундай кылам, бул шаарды Топеттей кылам.
Иерусалимдин єйлљрє да, Жєйєт падышаларынын єйлљрє да Топет жериндей таза эмес жер болот, анткени бардык єйлљрдєн тљбљсєндљ бардык асман кошуундарына жыпар жыттуу зат тєтљтєшљт, бљтљн кудайларга куюлуучу курмандыктарын куюшат”».
Жеремия Тењир пайгамбарчылык кылууга жиберген Топеттен келип, Тењир єйєнєн короосунда туруп алып, бєт элге мындай деп айтты:
«Ысрайылдын Кудайы, Себайот Тењир, мындай дейт: “Мына, Мен бул шаарга жана Жєйєттєн бардык шаарларына, ага каршы айткан бєт кайгыны каптатам, анткени алар – тоњ моюн эл, Менин сљздљрємдє угушпайт”».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible