Скрыть
66:5
66:7
66:13
Тењир мындай дейт: «Асман Менин тагым, жер болсо – буттарымды коё турган жер. Анан силер Мага кайсы жерге єй курасыњар? Менин эс ала турган жайым кайсы жерде болот?
Анткени мунун баарын Менин колум жасады, мунун баары болду, – дейт Тењир. Бирок мен мындай адамга: моюн сунган, руху менен кайгырган, Менин сљзємдєн алдында титиреп турган адамга кљз кырымды салам.
Љгєздє сойгон адам киши љлтєргљн адамга барабар. Козуну курмандыкка чалган адам итти муунткан адамга барабар. Нан курмандыгын алып келген адам чочконун канын алып келген адамга барабар. Жыпар жыттуу зат тєтљткљн адам бурканга сыйынган адамга барабар. Алар љз жолдорун тандап алышты, алардын жаны љздљрєнєн жийиркеничтєє нерселеринен ыракат алат.
Ошондуктан Мен алардын азгыруучу нерселерин пайдаланам, аларга коркунучтуу нерсени каптатам, анткени Мен чакырганда, эч ким жооп берген жок, Мен сєйлљгљндљ, алар укпай коюшкан. Тескерисинче, алар Менин кљз алдымда жамандык кылышты, Мага жакпаган нерсени тандап алышты».
Тењирдин сљзєнєн алдында титиреп тургандар, Анын сљзєнљ кулак салгыла: «Менин ысымым єчєн силерди жек кљргљн, силерди куугунтукка алган силердин бир туугандарыњар: “Тењир Љз дањкы менен Љзєн кљрсљтсєн, ошондо биз силердин кубанганыњарды кљрљбєз”, – дешет. Бирок алар уятка калышат».
Мына, шаардан ызы-чуу чыгып жатат, ийбадатканадан бир єн чыгып жатат. Ал єн – Љз душмандарынын жазасын берип жаткан Тењирдин єнє.
Толгоо тартпай туруп эле тљрљп койду, толгоосу келе электе эле уул тљрљдє.
Мындайды ким укту эле? Мындайды ким кљрдє эле? Бир кєндљ пайда болгон љлкљ барбы? Бир заматта жаралган эл барбы? Сион сыяктуу толгоосу тартып-тартпай эле уул тљрљгљн барбы?
«Ай-кєнєнљ жеткирип, тљрљтпљй коймок белем? – дейт Тењир. Же болбосо тљрљгљнгљ кєч берип туруп, курсакты бекитип коймок белем?» – дейт сенин Кудайыњ.
Иерусалим менен кошо кубангыла, аны сєйгљндљрдєн баары, ага сєйєнгєлљ! Ал жљнєндљ кайгыргандардын баары, аны менен кошо кубангыла!
Ошондо анын сооротуучу тљшєнљн тамактанып тоёсуњар, анын ашып-ташыган дањкынан тоё ичип ыракаттанасыњар.
Анткени Тењир мындай дейт: «Мына, Мен ага тынчтыкты дарыядай агызып жатам, силердин жыргалчылыгыњар єчєн элдердин байлыгын ташкындаган суудай агызып жатам. Силерди колдоруна кљтљрєп жєрєшљт, тизелерине алып эркелетишет.
Мен силерди энеси баласын соороткондой сооротом. Силер Иерусалимде соороносуњар.
Ошондо муну кљрєп, жєрљгєњљр кубанат, сљљгєњљр жаш љсємдєктљй гєлдљйт». Тењирдин колу Љзєнєн кулдарына ачылат, Љз душмандарына болсо каарданат.
Анткени Тењир Љзєнєн ачуусун каары менен, Љзєнєн каарын жалындаган от менен тљгєш єчєн, от ичинде келет, Анын арабалары куюндай болуп келет.
Анткени Тењир ар бир адамды Љзєнєн кылычы жана оту менен жазалайт, Тењир љлтєргљндљр кљп болот.
«Ал эми токойчолорго барып табыныш єчєн љздљрєн тазалап, ыйыктагандар, биринин артынан бири чочконун этин, жийиркеничтєє нерселерди жана чычкандарды жегендердин баары кырылат, – дейт Тењир.
Анткени Мен алардын иштерин жана ойлорун билем. Мен бардык элдерди, ар кандай тилде сєйлљгљн элдерди чогултуш єчєн келем. Алар келип, Менин дањкымды кљрєшљт.
Ошондо алардын єстєнљ белги коём, алардын ичинен куткарылгандарды элдерге жиберем: Таршышка, Пулга, Лутка, жаа тарткандарга, Тубалга, Жабанга, Мен тууралуу укпаган жана Менин дањкымды кљрбљгљн алыскы аралдагыларга жиберем. Алар Менин дањкымды бардык элдерге жарыя кылышат.
Ысрайыл уулдары Тењирдин єйєнљ таза идишке салып тартуу алып келген сыяктуу, бардык элдердин арасынан бєт бир туугандарыњарды алып, аттарга мингизип, арабаларга тєшєрєп, замбилдерге салып, качырларга жана кєлєк тљљлљргљ мингизип, Тењирге тартуу катарында Иерусалимдеги Менин ыйык тоомо алып келишет, – дейт Тењир.
Ошондой эле алардын арасынан ыйык кызмат кылуучу жана леби кылып алам, – дейт Тењир.
Анткени Мен жарата турган жањы асман жана жањы жер дайыма Менин алдымда тургандай эле, – дейт Тењир, – силердин тукумуњар да, ысымыњар да дайыма Менин алдымда турат.
Ошондо ай сайын, ишемби сайын ар бир адам Менин алдыма таазим кылууга келип турат, – дейт Тењир.
Сыртка чыгып, Менден баш тарткан адамдардын љлєктљрєн кљрєшљт, анткени алардын курту љлбљйт, алардын оту љчпљйт. Алар ар бир адам єчєн жийиркеничтєє болот».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible