Скрыть
54:2
54:11
54:14
54:15
54:16
«Кубан, баласы жок, тљрљбљс аял! Кубанып кыйкыр, катуу єн сал, толгоо тартып кыйналбаган аял! Анткени кєйљљсє бар аялга караганда кєйљљсє таштап кеткен аялдын балдары кљп», – дейт Тењир.
Чатырыњдын турган ордун чоњойт, турак жайыњдын жабууларын кењейт. Уялба, аркандарыњды узун ташта, казыктарыњды орнот.
Анткени сен оњго да, солго да жайыласыњ, сенин тукумуњ элдерди каратып алып, бош калган шаарларга отурукташат.
Коркпо, анткени уятка калбайсыњ. Уялба, анткени маскара болбойсуњ, жаш чагыњда маскара болгонуњду унутасыњ, мындан ары жесирлигињдин айынан жаманатты болгонуњду эстебейсињ.
Анткени сенин Жаратканыњ – сенин кєйљљњ. Анын ысымы – Себайот Тењир, сенин Куткаруучуњ – Ысрайылдын Ыйыгы. Ал бєт жер жєзєнєн Кудайы деп аталат.
Анткени Тењир сени кєйљљсє таштап кеткен, кайгыга баткан аялды чакыргандай, жаш кезинде аялдыкка алынып, кийин четке кагылган аялды чакыргандай чакырып жатат, – дейт сенин Кудайыњ.
Мен сени аз убакытка таштагам, бирок улуу ырайым менен кабыл алам.
Каарым кайнап турганда, Мен сенден Љз жєзємдє убактылуу жашырдым, бирок сага тєбљлєктєє ырайым менен ырайым кылам, – дейт сенин Куткаруучуњ, Тењир.
Анткени бул Мен єчєн Нухтун учурундагы суулардай: Мен мындан ары Нухтун учурундагыдай суулар жерди каптабайт деп ант бергендей, сага каарданбайм, сени жемелебейм деп ант бердим.
Тоолор жылат, дљњсљљлљр солкулдайт, бирок Менин ырайымым сенден четтебейт, Менин тынчтык келишимим бузулбайт», – дейт сага ырайым кылуучу Тењир.
«Бороон учурган, сооротулбаган байкуш! Мен сенин таштарыњды кызыл лаалдын єстєнљ коём, пайдубалыњды кљк жакуттан тургузам.
Терезелерињди кызыл лаалдан, дарбазањды берметтен, дубал-коргондоруњдун баарын асыл таштардан жасайм.
Сенин уулдарыњдын баарын Тењир єйрљтљт, уулдарыњда улуу тынчтык болот.
Сен акыйкаттык менен бекемделесињ, эзєєдљн алыс болосуњ, анткени сен корко турган эч нерсе жок, коркунучтан да коркпойсуњ, анткени ал сага жакын жолобойт.
Сага каршы куралданып чыгышат, бирок Менден эмес. Сага каршы ким куралданып чыкпасын, ал љлљт.
Мен темир устаны жараттым, ал оттогу чокту єйлљп, љзєнєн иши єчєн курал жасайт, кырыш єчєн Мен кыруучуну жараттым.
Сага каршы жасалган бир да курал сени жење албайт, сени менен сотто талашып-тартышкан ар бир тилди сен айыптайсыњ. Бул – Тењирдин кулдарына Мен берген мурас жана адилдик», – дейт Тењир.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible