Скрыть
48:3
48:5
48:6
48:7
48:14
48:15
48:19
Жакыптын тукуму, Ысрайылдын ысымы менен аталгандар жана Жєйєт булагынан чыккандар, Тењирдин аты менен ант бергендер, чындык менен болбосо да, акыйкаттык менен болбосо да, Ысрайылдын Кудайын Кудай деп тааныгандар, муну уккула!
Анткени алар љздљрєн ыйык шаардан чыккан адамдарбыз деп аташат, Ысрайылдын Кудайына таянышат. Анын аты – Себайот Тењир.
«Мурункуну Мен кљп убакыт мурун кабарлап турчумун. Алар Менин оозумдан чыкчу. Мен аны жарыя кылчумун, аны кєтєлбљгљн жерден ишке ашырчумун, бардыгы ордунан чыкчу.
Мен сенин љжљр экенињди, мойнуњдагы тарамыштарыњ темир экенин, чекењ жез экенин билчємєн.
Ошондуктан кљп убакыт мурун, бул иш жєзєнљ ашканга чейин, Мен сага кабарлагам, “Муну менин жасалма кудайым кылды, муну менин бурканым менен куюлган кудайым буйруду” деп айтпашыњ єчєн, Мен сага алдын ала эле кабарлагам.
Сен уктуњ, ушунун баарын карап чык. Чын эле, силер муну мойнуњарга албайсыњарбы? Азыр болсо Мен сага жањы жана жашыруун нерсени кабарлап жатам, сен муну билчє эмессињ.
Бул кљп убакыт мурун эмес, бир кєн мурун эмес, азыр болду. “Мына! Мен муну билгем!” деп айтпашыњ єчєн, сен бул жљнєндљ уккан эмессињ.
Сен бул тууралуу уккан да эмессињ, билген да эмессињ, кулагыњ мурун ачык эмес болчу, анткени Мен сенин жєзє каралык кыларыњды билгем. Сен энењдин курсагында жатканда эле Кудайдан баш тарткан адам деп аталгансыњ.
Љзємдєн ысымым єчєн Мен каарымды кийинкиге калтыргам, Љзємдєн дањкым єчєн Љзємдє Љзєм токтотуп, сени кырып салган жокмун.
Мына, Мен сени эриттим, бирок кємєштє эриткендей эмес, сени кыйынчылыктардын отуна салып сынадым.
Мен муну Љзєм єчєн, Љзєм єчєн кылып жатам, анткени Менин ысымым кантип булгансын? Мен Љз дањкымды башкага бербейм.
Жакып, Мен чакырып алган Ысрайыл, Мага кулак сал: Мен ошол эле Тењирмин, биринчи да Менмин, акыркы да Менмин.
Жерди Менин колум негиздеген, асманды Менин оњ колум жайган. Аларды чакырсам, бардыгы биригип, Менин алдыма келишет».
Баарыњар чогулуп, уккула: алардын арасынан ким муну алдын ала айтты? Тењир аны жакшы кљрљт, ошондуктан ал Тењирдин эркин Бабылда аткарат, Анын каруу-булчуњун каздимдерге кљрсљтљт.
«Мен, Мен айттым, аны чакырдым. Аны Мен алып келдим, ошондуктан анын жолу ийгиликтєє болот.
Мага келгиле да, муну уккула! Мен башынан эле жашыруун сєйлљчє эмесмин, бул болуп жаткан мезгилден бери эле Мен ошол жерде болчумун». Азыр да Мени Кудай-Тењир жана Анын Руху жиберди.
Тењир, сенин Куткаруучуњ, Ысрайылдын Ыйыгы мындай дейт: «Сени пайдалуу нерсеге єйрљткљн, сени жєрєшєњ керек болгон жол менен алып жєргљн Кудай-Тењирињ Менмин.
Оо, сен Менин осуяттарымды уксањ кана! Анда сенин тынчтыгыњ дарыядай болмок, сенин чындыгыњ дењиз толкунундай болмок!
Сенин тукумуњ кумдай болмок, сенден чыккандар кум бєртєктљрєндљй болмок. Менин алдымда анын аты љчмљк эмес, жок болмок эмес».
Бабылдан чыккыла, каздимдерден качкыла. Муну кубанычтуу єн менен кабарлагыла, жарыялагыла, бул кабарды жердин кыйырына чейин тараткыла: «Тењир Љз кулу Жакыпты куткарып алды!» – деп айткыла.
Тењир аларды чљл аркылуу алып бара жатканда, алар суусашпайт. Тењир аларга таштан суу чыгарып берет, асканы жарат, ошондо суулар тљгєлљт.
«Мыйзамсыздарга болсо тынчтык жок», – дейт Тењир.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible