Скрыть
45:2
45:3
45:4
45:6
45:10
45:11
45:15
45:22
Тењир Љзєнєн майланган Корешине мындай дейт: «Элдерди сага багынтып бериш єчєн, Мен сени оњ колуњдан кармап турам, сен єчєн эшиктер ачылып, дарбазалар жабылбаш єчєн, падышалардын белинен курларын чечип алам.
Мен сенин алдыњда барам, тоолорду тегиздейм, жез эшиктерди кыйратам, темир кулпуларды талкалайм.
Сен Менин Тењир экенимди, сени атыњдан чакырган Ысрайылдын Кудайы экенимди билишињ єчєн, Мен сага карањгы жерге сакталган казыналарды жана катылган байлыктарды берем.
Сен Мени билбесењ да, Љзємдєн кулум Жакып єчєн, Љзєм тандап алган Ысрайылым єчєн, сени атыњдан чакырдым, сага ысым бердим.
Мен Тењирмин, Менден башка Тењир жок, Менден башка Кудай жок. Сен Мени билбесењ да, Мен сенин белињди курчадым.
Кєн чыгыштан батышка чейинки элдер Менден башка Кудай жок экенин билиши єчєн ошенттим. Мен Тењирмин, Менден башка Тењир жок.
Мен жарыкты жасайм, карањгыны жаратам, тынчтык берем, мєшкєл тєшєрљм. Мен, Тењир, ушунун баарын жасап жатам.
Асман, жогорудан себеле, булуттар акыйкаттык тљксєн. Жер ачылып, куткаруу алып келсин, аны менен бирге акыйкат љнєп чыксын. Муну Мен, Тењир, жаратып жатам».
Оо Љзєнєн Жаратуучусу менен тирешкен сыныктын сыныгы! Карапачыга чопо: «Сен эмне кылып жатасыњ?» – деп айтмак беле? Сенин колуњ менен жасалган нерсе сен жљнєндљ: «Анын колу жок», – деп айтмак беле?
Атасына: «Сен мени эмне єчєн жарыкка чыгардыњ?» – деп айткан адамга, ал эми энесине: «Сен мени эмне єчєн тљрљдєњ?» – деп айткан адамга кайгы!
Ысрайылдын Ыйыгы жана Жаратуучусу, Тењир, мындай дейт: «Силер Менин уулдарымдын келечеги жљнєндљ сурап жатасыњар. Мага Љзємдєн колдорум жараткан иштерди єйрљткєњљр барбы?
Мен жерди жараттым жана анын єстєнљ адамды жараттым. Мен, Менин колдорум асманды жайды, анын бєт кошуундарына мыйзам берген Менмин.
Мен аны чындык менен тургуздум, анын бардык жолдорун тегиздейм. Ал Менин шаарымды курат, Менин туткундарымды бошотот, алар єчєн кун да, белек да албайт», – дейт Себайот Тењир.
Тењир мындай дейт: «Мисирликтердин эмгектери, эфиопиялыктардын соодасы жана бойлуу шебалыктар сен тарапка љтљт, алар сеники болот. Алар сенин артыњдан ээрчишет, кишендери менен келип, сенин алдыња жыгылышат. Сага: “Сенин гана Кудайыњ бар, андан башка Кудай жок”, – деп жалынышат».
Чындыгында эле, Сен Љзєн жашырган Кудайсыњ, Ысрайылдын Кудайысыњ, Куткаруучусусуњ!
Алардын баары уятка калып, маскара болушат, алар менен бирге буркан жасагандардын баары уят болушат.
Ысрайыл болсо Тењир аркылуу тєбљлєк куткарылуу менен куткарылат. Силер кылымдан кылымга уятка калбайсыњар, маскара болбойсуњар.
Анткени асманды жараткан, жерди жараткан, аны жасаган, аны орноткон, аны бекер эмес, жашоо єчєн жараткан Кудай-Тењир мындай дейт: «Мен Тењирмин, Менден башка Тењир жок.
Мен жашыруун айткан жокмун, Мен жердин карањгы жеринде сєйлљгљн жокмун. “Мени бекер эле издеп жєрљсєњљр”, – деп, Жакыптын тукумуна айткан эмесмин. Мен чындыкты айткан, акыйкаттыкты ачкан Тењирмин.
Элдердин ичинен аман калгандардын баары, чогулуп келгиле, жакын келгиле. Љзєнєн жыгач бурканын кљтљрєп алып, куткарбай турган кудайына сыйынып жєргљндљр – акылсыздар.
Љз ара кењешип жарыя кылгыла, айткыла. Муну байыркы замандан бери ким кабарлады? Муну ким алдын ала айтты? Тењирињер, Мен, айткан жок белем? Менден башка Кудай жок. Менден башка адилеттєє, куткара турган Кудай жок.
Бєт жер жєзє, Мага кайрылгыла, ошондо куткарыласыњар, анткени Мен Кудаймын, Менден башка Кудай жок!
Љзєм менен ант берем: Менин оозумдан чындык чыгат, Менин алдымда ар бир уруу баш иет, ар бир тил Мени менен ант берет деген љзгљрєлбљс сљз чыгат.
Мен тууралуу: “Чындык менен кєч бир гана Тењирде”, – деп айтышат». Тењирге каршы чыккандардын бардыгы Анын алдына келип уят болушат.
Ысрайылдын бардык тукуму Тењир аркылуу акталат жана дањазаланат.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible