Скрыть
38:4
38:6
38:7
38:9
38:10
38:11
38:14
38:15
38:16
38:21
Ошол кєндљрє Хиския абдан катуу ооруп калды. Ошондо ага Амостун уулу Ышайа пайгамбар келип: «Тењир мындай дейт: “Љз тукумуња мурас кагазын калтыр, анткени сен љлљсєњ, айыкпайсыњ”», – деди.
Хиския жєзєн дубалга буруп, Тењирге мындай деп сыйынды:
«Оо Тењир! Сенин алдыњда туура жєргљнємдє, Сага чын жєрљгємдљн берилип, Сага жаккан иштерди кылганымды эстей кљр». Анан Хиския катуу ыйлады.
Ошондо Ышайага Тењирден мындай сљз айтылды:
«Хискияга барып, мындай деп айт: Сенин атањ Дљљттєн Кудай-Тењири мындай дейт: “Мен сенин сыйынууњду уктум, кљз жашыњды кљрдєм, Мен сенин љмєрєњљ дагы он беш жыл кошом.
Сени жана бул шаарды Ашур падышасынын колунан сактайм, бул шаарды коргойм”.
Тењир Љзє айткан сљздє аткарарын ырасташ єчєн берген жышаан бул:
Ахаздын тепкичтери менен љтєп кеткен кєндєн кљлљкљсєн Мен он тепкич артка жылдырам». Ошондо кєн љзє љтєп кеткен он тепкичке артка жылды.
Жєйєт падышасы Хискиянын ооруп жаткандагы жана оорудан айыккандагы сыйынуусу:
«”Жарым љмєрєм љткљндљ љлгљндљр жаткан жайга баруум керек. Мен калган љмєрємдљн ажырап калдым”, – дегем.
Мен мындай деп айткан элем: “Эми мен Тењирди кљрбљйм, Тењирди тирєєлљрдєн жеринен кљрбљйм, мындан ары дєйнљ жєзєндљ жашагандарды кљрбљйм.
Менин турак жайым турган жеринен чечилип, койчунун алачыгындай болуп учуп кеткени жатат, токуучу жип кескендей, мен љз љмєрємдє кесєєгљ тийишмин. Ал мени тамырымдан кесет. Сен мага жибере турган љлємдє кєн да, тєн да кєттєм.
Мен тањ атканга чейин кєттєм. Ал арстанга окшоп, менин сљљктљрємдє талкалады. Сен мага жибере турган љлємдє кєн да, тєн да кєттєм.
Мен каркыра менен чабалекейдей болуп єн чыгарып жаттым, кљгєчкљндљй куса болуп жаттым. Кљздљрєм асманды муњая карап жатты: Тењир! Мен кыйналып турам, куткар мени!
Мен эмне деп айта алам? Ал мага айтканын аткарды. Жанымдын кыйналганына карабастан, бєт љмєрємдє тынч љткљрљм.
Тењир! Ушинтип жашап жатышат, ушунун бардыгында менин рухумдун жашоосу бар. Сен мени айыктырасыњ, мага љмєр бересињ.
Катуу кайгы мен єчєн жакшы болду. Сен менин жанымды љлєм орунан куткарып алдыњ, менин кєнљљлљрємдєн бардыгын Љзєњдєн артыња таштадыњ.
Анткени Сени љлгљндљр жаткан жай дањктабайт, Сени љлєм мактабайт, Сенин чындыгыња мєрзљгљ тєшкљндљр таянышпайт.
Азыр мен дањктап жаткандай, Сени тирєє адам, тирєє адам гана дањктайт. Атасы балдарына Сенин чындыгыњды кабарлайт.
Мени Тењир куткарат. Ошондо биз љмєрєбєз љткљнчљ, кєє аспаптардын коштоосунда Тењирдин єйєндљ ырдайбыз”».
Анан Ышайа: «Анжырдын кабыктарын алып келип, аларды жарага жабышсын. Ошондо ал айыгат», – деди.
Хиския болсо: «Тењирдин єйєнљ барарыма кандай жышаан болот?» – деди.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible