Скрыть
4:2
4:5
4:7
4:12
4:14
4:16
4:17
4:18
Ысрайыл уулдары, Тењирдин сљзєн уккула! Анткени Тењир бул жердин тургундарын соттойт. Себеби бул жерде акыйкаттык да, боорукердик да, Кудайды таанып билєє да жок.
«Ант берєє, алдамчылык, киши љлтєрєє, уурулук кылуу, бузуктук кылуу аябай жайылган, кан тљгєєнєн артынан кан тљгєє.
Ошон єчєн бул жер ыйлайт, анын єстєндљ жашагандын баары – талаадагы айбанаттар да, асмандагы канаттуулар да алсырайт, атєгєл, дењиздеги балыктар да кырылат.
Бирок бири-бири менен талашып-тартышпасын, бирин-бири ашкерелебесин. Анткени сенин элињ ыйык кызмат кылуучулар менен талашып-тартышкандарга окшош.
Сен кєндєз мєдєрєлєп жыгыласыњ, сени менен кошо пайгамбар тєн ичинде мєдєрєлєп жыгылат, энењди жок кылам.
Элим Мени таанып билбегендиктен кырылды. Сен таанып билєєнє четке каккандыктан, Мен да сени Менин алдымда ыйык кызмат кылуудан четтетем. Сен љз Кудайыњдын мыйзамын унуткандыктан, Мен да сенин балдарыњды унутам.
Алар канчалык кљбљйгљн сайын, Мага каршы ошончолук кљп кєнљљ кылып жатышат. Алардын дањкын маскарачылыкка айлантам.
Алар Менин элимдин кєнљљлљрє менен азыктанып жатышат, алардын жаны анын мыйзамсыздыгына умтулуп жатат.
Элге эмне болсо, ыйык кызмат кылуучуга да ошол болот. Аны љзєнєн жолдоруна жараша жазалайм, ага љзєнєн кылган иштерине жараша тиешесин берем.
Жешет, бирок тоюшпайт, бузуктук кылышат, бирок кљбљйєшпљйт, анткени Тењирге кызмат кылууну таштап коюшкан.
Бузуктук, шарап жана ичимдиктер алардын жєрљгєн ээлеп алган.
Менин элим љзєнєн дарагынан сурап жатат, ага љзєнєн таягы жооп берип жатат. Анткени бузуктук руху аларды адаштырды, алар бузуктук кылып, љз Кудайынан баш тартышты.
Алар тоолордун чокуларында курмандык чалып жатышат, дљњсљљлљрдљгє эмен дарактарынын, кайыњдардын жана кара жыгачтардын тєбєндљ жыпар жыттуу зат тєтљтєп жатышат, анткени алардын кљлљкљсє жакшы. Ошондуктан кыздарыњар бузуктук кылып жатышат, келиндерињер ойноштук кылып жатышат.
Мен бузуктук кылып жаткан кыздарыњарды, ойноштук кылып жаткан келиндерињерди жазалабайм, анткени силер љзєњљр бузулган аялдар менен кошулуп жатасыњар, бузуктук кылгандар менен бирге курмандык чалып жатасыњар, тєркљй эл болсо љлєп жатат.
Ысрайыл, сен бузуктук кылсањ да, Жєйєт кєнљљ кылбасын. Гилгалга барбагыла, Бейт-Абенге чыкпагыла, “Тењир тирєє!” деп ант бербегиле.
Анткени Ысрайыл љжљр кунажындай љжљр болуп калды, ошон єчєн Тењир эми аларды кенен жайытта козу кайтаргансып кайтармак беле?
Эпрайым буркандарга байланып калды. Аны буркандары менен калтыр!
Алар масы тарагандан кийин бузуктук кылганын улантышат. Алардын тљрљлљрє уятсыз иштерди жакшы кљрєшљт.
Шамал аларды канаттары менен курчап алат, алар љздљрє чалган курмандыктары єчєн уят болушат.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible