Скрыть
27:1
27:11
27:12
27:14
27:16
27:17
27:18
27:19
27:20
27:23
27:24
27:25
27:26
27:28
27:29
27:32
27:33
27:34
27:36
Анан мага Тењирден сљз болду:
«Сен да, адам уулу, Тир єчєн ыйла.
Дењиз булуњдарыњда жайланышкан, кљп аралдардагы элдер менен соода жєргєзгљн Тирге айт: Кудай-Тењир мындай дейт: “Тир! Сен: «Мен сулуулуктун жеткен чегимин!» – дейсињ.
Сенин чек араларыњ дењиздердин жєрљгєндљ. Куруучуларыњ сенин сулуулугуњду жеткилењдикке жеткиришкен:
Сенин бєт такталарыњды Сенирдин кипарис жыгачынан жасашкан. Сага мамыларды жасаш єчєн, Лебанондон кедр алышкан.
Калактарыњды Башандын эмен жыгачынан жасашкан. Отургучтарыњды бук жыгачынан жасашкан, алардын алкактарын Китим аралдарынан алынып келинген пил сљљгєнљн жасашкан.
Парустарыњ Мисирдин гєлдєє зыгыр кездемесинен жасалды, алар сага желек катары болду, жабууларыњ Элиша аралдарынын кљк жана кочкул кызыл тєстљгє кездемелеринен болду.
Сидон менен Арбат тургундары калакчыларыњ болду. Тир, сенде акылман адамдар бар эле. Алар сенин кеме башкаруучуларыњ болду.
Гебалдын аксакалдары менен акылмандары сенин кемелерињдин тешиктерин бєтљљчєлљр эле. Дењиздеги бардык кемелер жана кеме айдоочулар аркылуу сенин соодањ жєрєп турган.
Сенин аскерлерињдин арасында персиялыктар, луттуктар, путтуктар бар эле, алар сенин жоокерлерињ эле. Алар сага калкан жана туулга илишчє, сага алар кљрк берип турчу.
Арбат уулдары менен сенин аскерлерињ дубалдарыњдын єстєнљ тегерете турушчу, гамдыктар сенин мунарањдын єстєндљ турушчу. Алар сенин дубалдарыњды айланта љз саадактарын илишчє, алар сенин сулуулугуњду чегине жеткиришти.
Ар кандай байлыктын молдугунан Таршыш сени менен соода жєргєзчє. Сенин товарларыња кємєш, темир, калай, коргошун беришчє.
Жабан, Тубал жана Мешех сени менен соода жєргєзєп, сенин товарларыња адамдар менен жез идиштерди алмашышчу.
Тогарма єйєнљн сенин товарларыњдын ордуна жылкыларды, минги аттарды, качырларды беришчє.
Сени менен Дыдан уулдары соода жєргєзчє. Кљп аралдар сени менен товар алмашып турчу. Пил сљљгєн жана кара жыгачты сага тљлљм кылып жиберип турушчу.
Сен кљп нерселерди љндєрєп чыгаргандыктан, сени менен арамейликтер соода жєргєзчє. Алар сенин товарларыњдын ордуна зымырыт, кочкул кызыл кездеме, саймалуу кездеме, зыгыр кездеме, маржан, лаал беришчє.
Сени менен Ысрайыл жери жана Жєйєт аймагы соода-сатык жєргєзчє. Сенин товарларыњдын ордуна Минит буудайын, бал, таттуу нерселерди, жыгач майын, бальзам беришчє.
Сен кљп нерселерди љндєрєп чыгаргандыктан, ар кандай байлыгыњ мол болгондуктан, Дамаск сени менен соода жєргєзєп, сенин товарларыњдын ордуна Хелбон шарабын жана ак жєн берчє.
Бедан менен Жабан сенин товарларыњдын ордуна жип беришчє; сенин товарларыња иштетилген темир, корица жана жыпар жыттуу камыш алмашып турушчу.
Дыдан сени менен ат єстєнљ жабылуучу кымбат баалуу ат жабуулары менен соода кылчу.
Аравия жана Кейдардын бардык тљрљлљрє сени менен товар алмашып турушчу: сенин товарларыња козуларды, койлорду жана эчки-текелерди алмашышчу.
Шеба менен Раманын кљпљстљрє сенин товарларыња ар кандай жыпар жыттуу заттарды, ар кыл асыл таштарды жана алтын беришчє.
Сени менен Харан, Каней, Эден жана Шеба кљпљстљрє, Ашур жана Килмат соода жєргєзєп турчу.
Алар сени менен кымбат баалуу кийимдер менен, жибек жана саймалуу кездемелер менен соода кылып турушчу. Аларды сенин базарларыња кедр жыгачынан жасалган сандыктарга салып, жакшылап тањып алып келишчє.
Таршыш кемелери сенин соодањ єчєн сага кербен болуп турушкан. Ошентип, сен дењиз ортосунда бай жана атактуу болуп калдыњ.
Калакчыларыњ сени чоњ сууларга алып киришти, бирок чыгыш шамалы сени дењиздердин ортосунда талкалады.
Сенин байлыгыњ да, товарларыњ да, сактоочу кампаларыњ да, кеме айдоочуларыњ да, кеме башкаруучуларыњ да, кеме тешиктерин бєтљљчєлљрєњ да, соодањды башкаруучуларыњ да, жоокерлерињ да, кљп сандаган элињ да сен кулаган кєнє сени менен кошо дењиз тєбєнљ тєшљт.
Сенин кеме башкаруучуларыњдын љкєрєгєнљн тегеректегилер солкулдайт.
Калакчылар, кеме айдоочулар, кеме башкаруучулар љз кемелеринен тєшєп, жерде турушат.
Сени жоктоп катуу кыйкырышат, баштарына кєл чачып, топуракка оонап, катуу онтошот.
Сени жоктоп, чачтарын такырайта кырдырышат, белдерине зумбал курчанышат, сени жоктоп, жандары кейип, љксєп ыйлашат.
Сени жоктоп кайгырып, минтип кошок кошуп ыйлашат: «Дењиздин ортосунда Тирге окшоп кыйраган шаар барбы?!»
Дењиздерден товарларыњ келип турганда, сен кљп элдерди тойгузчу элењ. Мол байлыгыњ менен, соодањ менен жердеги падышаларды байытып турчу элењ.
Эми сени дењиздер талкалады, товарларыњ жана ичињдеги кљп сандаган элињ айлампага чљктє.
Сен жљнєндљ укканда, аралдарда жашагандардын баарынын єрљйє учту, алардын падышалары титиреп, љњдљрє бузулду.
Башка элдердин соодагерлери сен жљнєндљ ышкырышты. Сен коркунучка айландыњ, эми сен тєбљлєккљ жок болосуњ”».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible