Скрыть
25:1
25:4
25:6
25:10
25:11
25:14
25:16
25:17
Анан мага Тењирден сљз болду:
«Адам уулу! Љз жєзєњдє Амон уулдарына бур, аларга каршы пайгамбарчылык кыл.
Амон уулдарына айт: “Кудай-Тењирдин сљзєн уккула! Кудай-Тењир мындай дейт: «Сен Менин ыйык жайым булганганда, Ысрайыл жери кыйратылганда, Жєйєт туткундалып кеткенде, «И-и! И-и!» дегенињ єчєн,
мына ошон єчєн Мен сени чыгыш уулдарына мураска берем, алар сенин жериње љз кошуундарын коюшат, сенин жериње љз чатырларын тигишет, сенин жемиштерињди жешет, сенин сєтєњдє ичишет.
Мен Рабени тљљлљрдєн жайытына айландырам, Амон уулдарынын жерин койлор єчєн жатак жер кылам, ошондо силер Менин Тењир экенимди билесињер»”».
Анткени Кудай-Тењир мындай дейт: «Сен кол чаап, жер тепкилегенињ єчєн, Ысрайыл жерин жек кљрєп, чын жєрљктљн кубанып турганыњ єчєн,
ошон єчєн Мен Љз колумду сага каршы сунуп, сени элдерге талатып-тонотом, сени элдердин арасынан жок кылам, жер єстєнљн атыњды љчєрљм, сени талкалайм, ошондо сен Менин Тењир экенимди билесињ».
Кудай-Тењир мындай дейт: «Маап менен Сеир: “Жєйєт да башка элдердей эле болуп калды!” – дешкени єчєн,
ошон єчєн Мен Мааптын капталын анын шаарларынан баштап, жердин асылы болгон анын бардык чек ара шаарларынан: Бейт-Айешимоттон, Баал-Мейондон жана Кирийатайимден баштап ачам.
Аны чыгыш уулдары єчєн ачып, элдер арасында мындан ары Амон уулдарынын аты аталбашы єчєн, аны Амон уулдары менен бирге чыгыш уулдарына мураска берем.
Ошентип, Маапты жазалайм, ошондо Менин Тењир экенимди билишет».
Кудай-Тењир мындай дейт: «Эдом Жєйєт тукумунан ырайымсыз љч алганы єчєн, андан љч алып оор кєнљљгљ батканы єчєн,
ошон єчєн Кудай-Тењир мындай дейт: Колумду Эдомго каршы сунуп, анын элин да, малын да жок кылам, аны Теймандан тартып Дыданга чейин кыйратам, алардын баары кылычтан љлєшљт.
Мен Эдомдон Љзємдєн Ысрайыл элимдин колу менен љч алам. Алар Эдомдон Менин каарым менен, Менин кыжырым менен љч алышат, ошондо Менин љч алып жатканымды билишет», – дейт Кудай-Тењир.
Кудай-Тењир мындай дейт: «Пелиштиликтер љч алганы єчєн, тєбљлєк кастык єчєн кырып, жєрљгєндљ жек кљрєє менен љч алганы єчєн,
ошон єчєн Кудай-Тењир мындай дейт: Мен Љз колумду пелиштиликтерге каршы сунам, криттиктерди кырам, алардын дењиз жээгиндеги калдыгын жок кылам.
Алардан каардуу жазалар менен катуу љч алам. Мен алардан љч алып жатканда, Менин Тењир экенимди билишет».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible