Скрыть
8:2
8:3
8:4
8:9
8:11
8:12
8:13
8:14
8:16
8:18
8:20
8:21
8:23
8:25
8:29
8:30
8:32
Тењир Мусага мындай деди: «Фараонго барып айт: Тењир мындай дейт: “Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.
Эгерде сен аларды коё бергенге макул болбосоњ, анда Мен сенин бардык жериње курбака каптатам.
Ошондо дарыяда курбакалар быкылдап, андан чыгып, єйєњљ да, уктоочу бљлмљњљ да, тљшљгєњљ да, кулдарыњ менен элињдин єйлљрєнљ да, мешињдин ичине да, камыр ачыткан челегиње да кирет.
Курбакалар сенин, элињдин жана кулдарыњдын єстєнљ чыгат”».
Тењир Мусага мындай деди: «Арунга мындай деп айт: “Колуњдагы таягыњды дарыяларга, агын сууларга жана кљлдљргљ сунуп, Мисир жерине курбака каптат”».
Арун колун Мисир жериндеги сууларга сунганда, курбакалар чыгып, Мисир жерин каптады.
Сыйкырчылар да љз сыйкырлары менен ушундай кылып, Мисир жерине курбака каптатышты.
Фараон Муса менен Арунду чакырып алып: «Тењирге сыйынгыла, Ал курбакаларды менден, менин элимден жок кылсын. Ошондо мен Ысрайыл элин Тењирге курмандык чалууга коё берем», – деди.
Муса фараонго мындай деди: «Сенин жерињдеги, єйлљрєњдљгє курбакалар жок болуп, дарыяларда гана калсын деп, сен єчєн, кулдарыњ єчєн, элињ єчєн сыйынар убакытты мага љзєњ белгиле».
Ал: «Эртењ», – деди. Муса ага: «Сен айткандай болсун, ошондо биздин Кудай-Тењирибиздей эч ким жок экенин билесињ.
Курбакалар сенден, єйлљрєњдљн, кулдарыњдан жана элињден жок болуп, дарыяларда гана калат».
Муса менен Арун фараондон чыгышты. Фараондун жерине каптаткан курбакалардан арылтуусун сурап, Муса Тењирге сыйынды.
Ошондо Тењир Мусанын айтканындай кылды. Yйлљрдљгє, короолордогу жана талаадагы курбакалар кырылып калды.
Аларды єймљк-єймљк кылып жыйып коюшту. Ошондо жер сасып кетти.
Фараон жењилдик болгонун кљргљндљ, жєрљгєн катуулантып, Тењир айткандай, аларды укпай койду.
Ошондо Тењир Мусага мындай деди: «Арунга мындай деп айт: “Таягыњды кљтљрєп, жердеги топуракты чап, ошондо топурак майда чиркейге айланып, бєткєл Мисир жерине толуп кетет”».
Алар ошондой кылышты. Арун колундагы таягын кљтљрєп, топуракты чапканда, адамдарга да, малга да майда чиркейлер жабышты. Бєткєл Мисир жериндеги топурактын баары майда чиркейге айланды.
Сыйкырчылар да љз сыйкырлары менен майда чиркей чыгарууга аракет кылышты, бирок чыгара алышкан жок. Ошентип, майда чиркейлер адамдарга да, малга да жабышты.
Ошондо сыйкырчылар фараонго: «Бул – Кудайдын колу», – дешти. Бирок фараондун жєрљгє катууланып, Тењир айткандай, аларды укпай койду.
Ошондо Тењир Мусага мындай деди: «Эртењ менен эрте туруп, фараондун алдына бар. Ал сууга чыгат, ошондо сен ага мындай де: Тењир мындай дейт: “Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.
Эгерде элимди коё бербесењ, анда Мен сага, сенин кулдарыња, элиње, єйлљрєњљ кљгљљн каптатам, ошондо мисирликтердин єйлљрє, алар жашаган жер кљгљљнгљ толот.
Бирок ошол кєнє Менин элим жашаган Гошен жерин бљлєп коём, ал жерде кљгљљн болбойт, ошондо жер єстєндљгє Тењир Мен экенимди билесињ.
Менин элим менен сенин элињдин ортосун бљлєп коём. Эртењ ушул жышаан болот”».
Тењир так ошондой кылды: фараондун єйєн, анын кулдарынын єйлљрєн жана бєт Мисир жерин кљгљљн каптады. Жер кљгљљндљн кыйрап жатты.
Ошондо фараон Муса менен Арунду чакырып алып: «Баргыла, Кудайыњарга ушул жерде курмандык чалгыла», – деди.
Бирок Муса ага: «Андай кылууга болбойт, анткени Кудай-Тењирибизге арнап чалган курмандыгыбыз мисирликтер єчєн жийиркеничтєє. Эгерде мисирликтер єчєн жийиркеничтєє болгон курмандыкты алардын кљз алдында чалсак, алар бизди таш барањга алышпайбы?
Биз єч кєн жол жєрєп, чљлгљ барып, Кудай-Тењирибизге Љзє айткандай кылып курмандык чалабыз», – деди.
Ошондо фараон: «Мен силерге љзєњљрдєн Кудай-Тењирињерге курмандык чалыш єчєн, чљлгљ барууњарга уруксат берем, бирок алыс кетпегиле. Мен єчєн да сыйынып койгула», – деди.
Муса ага мындай деди: «Мен азыр сенден чыгып, Тењирге сыйынам, ошондо кљгљљндљр сенден, сенин кулдарыњдан, сенин элињден эртењ эле жок болот, бирок сен элди Тењирге курмандык чалууга коё бербей алдаганыњды койгун».
Анан Муса фараондон чыгып, Тењирге сыйынды.
Ошондо Тењир Мусанын айтканындай кылып, фараондон, анын кулдарынан, анын элинен кљгљљндљрдє жок кылды. Бир да кљгљљн калган жок.
Бирок фараон бул жолу да жєрљгєн катуулантып, элди коё бербей койду.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible