Скрыть
6:4
6:6
6:9
6:10
6:11
6:13
6:27
6:28
6:29
Ошондо Тењир Мусага: «Эми сен Менин фараонго эмне кыларымды кљрљсєњ. Фараон аларды кєчтєє колдун кийлигишєєсє менен коё берет. Атєгєл, кєчтєє колдун кийлигишєєсє менен аларды љз жеринен кууп чыгат», – деди.
Кудай Мусага мындай деди: «Мен Тењирмин.
Мен Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка “Кудай, Кудуреттєє” деген ысым менен келгем, бирок аларга “Тењир (Жахаба)” деген ысымым менен ачылган эмесмин.
Љздљрє келгин болуп жашашкан Канаан жерин берем деп, Мен алар менен келишим тєзгљм.
Мен мисирликтердин эзєєсєнљн кыйналган Ысрайыл уулдарынын онтогонун угуп, Љзємдєн келишимимди эстедим.
Ошондуктан Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Мен Тењирмин, силерди мисирликтердин эзєєсєнљн куткарам, силерди кулчулуктан бошотом, силерди кудуреттєє кєчєм менен, чоњ жазалар менен куткарам.
Силерди Љзємљ эл кылып алам да, силердин Кудайыњар болом, ошондо силерди мисирликтердин эзєєсєнљн куткарган Кудай-Тењирињер Мен экенимди билесињер.
Мен колумду кљтљрєп, Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка берем деген жерге силерди алып барам да, аны силерге мураска берем. Мен Тењирмин”.
Муса муну Ысрайыл уулдарына айтып берди, бирок алар жєрљкзаада болуп калышкандыктан, жумуштун оордугунан Мусага кулак салышкан жок.
Ошондо Тењир Мусага мындай деди:
«Мисир падышасы фараонго кирип айт, ал Ысрайыл уулдарын љз жеринен коё берсин».
Муса Тењирдин алдында мындай деди: «Мени Ысрайыл уулдары укпай жатышса, фараон кантип уксун? Мен болсо сљзгљ жокмун».
Бирок Тењир Муса менен Арунга сєйлљдє. Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыгууга буйрук берип, аларды Ысрайыл уулдарына жана Миcир падышасы фараонго жиберди.
Алардын уруу башчылары булар: Ысрайылдын туну Рубейиндин уулдары: Ханох жана Палу, Хесрон жана Карми. Бул – Рубейин уруусу.
Шымондун уулдары: Жемуел жана Жамин, Ойат жана Жахин, Сохар жана канаандык аялдын уулу Шабул. Бул – Шымон уруусу.
Лебинин уулдары, уруу башчылары булар: Гейиршон, Каат жана Мерари. Леби болсо жєз отуз жети жыл жашаган.
Гейиршондун уулдары, уруу башчылары: Либни жана Шимей.
Кааттын уулдары: Амрам жана Итсар, Хеброн жана Узиел. Каат болсо жєз отуз єч жыл жашаган.
Мераринин уулдары: Махли жана Муши. Булар – Лебинин уруу башчылары.
Амрам атасынын карындашы Жохебетти аялдыкка алган. Ал ага Арун менен Мусаны тљрљп берген. Амрам болсо жєз отуз жети жыл жашаган.
Итсардын уулдары: Корак, Непек жана Зихри.
Узиелдин уулдары: Мишаел, Элсапан жана Ситри.
Арун Нахшондун карындашы, Аминадаптын кызы Элишебаны аялдыкка алган. Ал ага Надап менен Абыйутту, Элазар менен Итамарды тљрљп берген.
Корактын уулдары: Асир, Элкана жана Абыйасап. Булар – Корак уруусу.
Арундун уулу Элазар Путиелдин кыздарынын бирин аялдыкка алган. Ал ага Пинехасты тљрљп берген. Булар – Лебинин уруу башчылары.
Арун менен Муса – Тењирден «Мисир жеринен Ысрайыл уулдарын кошуундары менен алып чыккыла» деген буйрук алган кишилер.
Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыгуу єчєн, Мисир падышасы фараон менен сєйлљшкљн кишилер – ушул Арун менен Муса.
Тењир Мисир жеринде Мусага сєйлљгљндљ:
«Мен Тењирмин! Мен сага айткандын баарын Мисир падышасы фараонго айт», – деди.
Муса болсо Тењирдин алдында мындай деди: «Мен сљзгљ жокмун, фараон мени кантип уксун?»
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible