Скрыть
33:4
33:6
33:7
33:8
33:10
33:12
33:13
33:15
33:16
33:18
33:21
33:22
33:23
Тењир Мусага мындай деди: «Сен бул жерден Мисир жеринен алып чыккан элињ менен кошо Мен Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка “Сенин тукумуња берем” деп убада кылган жерге жљнљ.
Алдыња периштемди жиберип, ал жерден канаандыктарды, аморлуктарды, хеттиктерди, периздиктерди, хибиликтерди, жебустуктарды кууп чыгам.
Ал силерди сєт менен бал аккан жерге алып барат. Силерди жолдо кырып салбашым єчєн, Љзєм силер менен барбайм, анткени силер тоњ моюн элсињер».
Эл бул каардуу сљздє укканда, боздоп ыйлады, эч ким жасалгасын тагынган жок.
Анткени Тењир Мусага мындай деген эле: «Ысрайыл уулдарына айт: “Силер тоњ моюн элсињер. Эгерде Мен силер менен барсам, анда силерди бир заматта жок кылам, ошондуктан жасалгаларыњарды чечкиле. Силерге эмне кылышты байкап кљрљм”».
Ошентип, Ысрайыл уулдары Хореп тоосунун жанында жасалгаларын чечишти.
Муса болсо стандын сыртына, стандан обочо жерге чатыр тигип, аны «жыйын чатыры» деп атады. Тењирди издеген адамдардын баары стандын сыртындагы жыйын чатырына келишчє.
Муса жыйын чатырына бара жатканда, элдин баары ордунан туруп, љз-љз чатырынын кире беришинде Муса жыйын чатырына киргенче карап турушчу.
Муса жыйын чатырына киргенде, асмандан булут мамы тєшєп, жыйын чатырынын кире беришине келип турчу, ошондо Тењир Муса менен сєйлљшчє.
Эл жыйын чатырынын кире беришинде турган булут мамыны кљрєп, ордунан туруп, љз чатырларынын кире беришинде таазим кылчу.
Ошондо Тењир Муса менен досу менен сєйлљшкљндљй, бетме-бет сєйлљшчє. Ошондон кийин Муса станга кайрылып келчє, ал эми анын кызматчысы Нундун уулу Жашыя жыйын чатырынан карыш жылчу эмес.
Муса Тењирге мындай деди: «Сен мага: “Бул элди баштап бар, Мен сени атыњдан билем, сен Менин алдымда ырайым таптыњ”, – десењ да, мени менен кимди жиберерињди ачып бербедињ.
Эгерде мен Сенин алдыњда ырайым тапкан болсом, анда љтєнљм: Сени таанып билишим єчєн, Сенин алдыњда ырайым табышым єчєн, мага Љз жолуњду ач. Бул эл Љз элињ экенин унутпа».
Ошондо Тењир ага: «Мен Љзєм барам, сени бейпил жерге жеткирем», – деди.
Муса Тењирге: «Эгерде биз менен Сен Љзєњ барбасањ, анда бизди бул жерден алып чыкпа.
Мен да, Сенин элињ да Сенин алдыњда ырайым тапканыбызды кантип билебиз? Сенин биз менен барганыњдан эмеспи? Ошондо мен да, Сенин элињ да жер жєзєндљгє бардык элдерден атактуу болобуз», – деди.
Ошондо Тењир Мусага: «Сенин азыркы айтканыњды аткарам, анткени сен Менин алдымда ырайым таптыњ, Мен сени атыњдан билем», – деди.
Муса Ага: «Мага Љз дањкыњды кљрсљтчє», – деди.
Ошондо Тењир ага мындай деди: «Мен сенин алдыњдан бардык жакшылыктарымды љткљрєп, Тењирдин ысымын сенин алдыњда жарыя кылам. Мен кимге ырайым кылгым келсе, ага ырайым кылам; кимди аягым келсе, аны аяйм».
Анан Ал дагы мындай деди: «Сага Менин жєзємдє кљрєєгљ болбойт, анткени Менин жєзємдє кљргљн адам тирєє калбайт».
Тењир дагы мындай деди: «Менин жанымда аска бар, ошол асканын єстєндљ тур.
Менин дањкым љтєп бара жатканда, сени асканын жаракасына коём, љтєп кеткенге чейин, сени колум менен калкалап турам.
Мен колумду тартып алгандан кийин, Мени артыман кљрљсєњ, Менин жєзємдє кљрбљйсєњ».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible