Скрыть
3:1
3:3
3:8
3:9
3:11
3:12
3:13
3:16
3:17
3:19
Муса мидиандык буткана кызматчысы, кайнатасы Итронун койлорун кайтарып жєрдє. Бир кєнє ал койлорду алыс жактагы чљлгљ айдап барып, Кудайдын тоосу Хорепке келди.
Ошондо ага кєйєп жаткан тикенектєє бадалдын арасынан, оттун жалынынан Тењирдин периштеси кљрєндє. Муса тикенектєє бадалдын жалындап кєйєп жатканын, бирок кєйєп кетпегенин кљрдє.
«Эмне єчєн бадал кєйєп кетпейт? Барып, бул укмуштуу кубулушту кљрєп келейинчи», – деди ал.
Тењир анын кљргљнє келе жатканын кљрєп, бадал ичинен аны: «Муса! Муса!» – деп чакырды. Ал: «Мына мен!» – деп жооп берди.
Кудай ага: «Бул жерге жакындаба. Бут кийимињди чеч, анткени сен турган жер – ыйык жер.
Мен сенин ата-бабањдын Кудайымын, Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайымын», – деди. Муса бетин жаап алды, анткени Кудайды карагандан коркту.
Тењир мындай деди: «Мен Љз элимдин Мисирде тарткан азабын кљрдєм, башкаруучулардан кордук кљрєп, боздогон єнєн уктум. Мен анын кайгысын билем.
Мен аны мисирликтердин колунан куткаруу єчєн, бул жерден алып чыгып, сєт менен бал аккан жакшы, кенен жерге, канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине алып баруу єчєн келдим.
Ысрайыл уулдарынын боздогон єнє Мага жетти, аларды мисирликтер кантип эзип жатканын кљрєп турам.
Ошондуктан баргын, Мен сени фараонго жиберем. Мисирден Менин элимди, Ысрайыл уулдарын, алып чык».
Муса Кудайга: «Фараонго барып, Мисирден Ысрайыл уулдарын алып чыккыдай, мен киммин?» – деди.
Ошондо Кудай ага: «Мен сени менен болом, сени Мен жибергендигимдин белгиси мындай: сен элди Мисирден алып чыккандан кийин, ушул тоонун єстєндљ Кудайга ийбадат кыласыњар», – деди.
Муса Кудайга: «Мен азыр Ысрайыл уулдарына барып: “Силердин ата-бабањардын Кудайы мени силерге жиберди”, – десем, алар менден: “Анын аты ким?” – деп сурашса, эмне деп жооп беришим керек?» – деди.
Кудай Мусага: «Мен Бар Болуп Туруучумун (Жахабамын). Ысрайыл уулдарына: Мени силерге Бар Болуп Туруучу Љзє жиберди деп айт», – деди.
Кудай Мусага дагы мындай деди: «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Тењир, силердин ата-бабањардын Кудайы – Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайы мени силерге жиберди”. Бул Менин кылымдан кылымга, укумдан-тукумга белгилєє болгон ысымым.
Барып, Ысрайыл аксакалдарын чогултуп, аларга мындай деп айт: “Тењир, силердин ата-бабањардын Кудайы – Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайы мага келип, мындай деди: «Мен силерге келип, Мисирде силерди эмне кылып жатышканын кљрдєм.
Мен силерди мисирликтердин эзєєсєнљн куткарып, канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине, сєт менен бал аккан жерге алып барам»”.
Ошондо алар сени угушат. Сен болсо Ысрайыл аксакалдары менен бирге Мисир падышасына барып, ага мындай деп айтасыњ: “Тењир, эврейлердин Кудайы, бизди чакырып жатат, ошондуктан бизди чљлгљ, єч кєндєк жолго коё бер, Кудай-Тењирибизге курмандык чалалы”.
Мисир падышасын зор кєч менен мажбурлабаса, силерге уруксат бербестигин билем.
Мен Љзємдєн кєчємдє колдонуп, Мисирди кереметтерим менен кыйратам. Ал силерди ошондон кийин гана коё берет.
Мен бул элге мисирликтердин кљз алдында ырайым кылам. Силер кетип бара жатканда, куру кол кетпейсињер.
Ар бир эврей аял мисирлик коњшусунан жана єйєндљ жашаган мисирлик аялдардан алтын-кємєш буюмдарын, кийимдерин сурап алат. Аларды уул-кыздарыњарга кийгизесињер, ошентип, мисирликтерди тоноп аласыњар».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible