Скрыть
29:2
29:3
29:5
29:6
29:7
29:8
29:11
29:12
29:17
29:18
29:20
29:23
29:25
29:27
29:29
29:30
29:31
29:33
29:34
29:35
29:36
29:37
29:40
29:41
29:42
29:44
29:46
Менин ыйык кызмат кылуучуларым болушу єчєн, аларды ыйыктоодо мындай кылышыњ керек: бир букачар, кемчилиги жок эки кочкор,
ошондой эле буудай унунан жасалган ачыткысыз нан, зайтун майы кошулган ачыткысыз нан, єстєнљ зайтун майы сыйпалган ачыткысыз токоч алып,
аларды бир себетке салып, себети менен алып кел, алар менен кошо букачарды, эки кочкорду ала кел.
Арунду уулдары менен жыйын чатырынын эшигинин алдына алып келип, сууга жуунт.
Кийимдерди алып, Арунга узун кљйнљктє, сырткы чапанды, эфодду кийгизип, тљш чљнтљктє тагып, эфоддун сыртынан бел курчоо менен курча.
Башына кидарды кийгизип, ага ыйык таажыны так.
Майлоочу майды алып, башына куюп, аны майла.
Анын уулдарын да алып келип, аларга узун кљйнљк кийгиз.
Арунга, анын уулдарына бел курчоо курчап, баштарына баш кийим кийгиз, ошондо ыйык кызмат мыйзам боюнча тєбљлєккљ аларга таандык болот. Арунга жана анын уулдарына ыйык кызмат кылуучунун укугун бер.
Анан жыйын чатырынын алдына букачарды алып кел. Арун менен анын уулдары букачардын башына колдорун коюшсун.
Букачарды Тењирдин алдында, жыйын чатырынын эшигинин алдында сой.
Букачардын канынан алып, сљљмљйєњ менен курмандык чалынуучу жайдын мєйєздљрєнљ сыйпа, калган канды курмандык чалынуучу жайдын тєбєнљ тљк.
Букачардын бєт ич майын, боор майын, эки бљйрљгєн жана бљйрљк майын алып, курмандык чалынуучу жайда љрттљ.
Ал эми этин, терисин жана кан-жинин стандын сыртында љрттљ. Бул – кєнљљ єчєн чалынган курмандык.
Анан бир кочкорду жетелеп кел. Арун менен анын уулдары анын башына колдорун коюшсун.
Ал кочкорду мууздап, канынан алып, курмандык чалынуучу жайга тегерете чач.
Кочкордун этин жиликтеп бљлєп, ичеги-карыны менен шыйрактарын жууп, аларды жиликтердин жана баштын єстєнљ кой.
Анан кочкорду бєт бойдон курмандык чалынуучу жайда љрттљ. Бул – Тењирге арнап бєтєндљй љрттљлєєчє курмандык, жыты Тењирге жаккан курмандык.
Экинчи кочкорду да жетелеп кел, анын башына да Арун менен уулдары колдорун коюшсун.
Анан кочкорду союп, канынан алып, Арундун оњ кулагынын кљнчљгєнљ жана уулдарынын оњ кулактарынын кљнчљгєнљ, алардын оњ колдорунун бармагына жана оњ буттарынын бармагына сыйпа, кандан алып, курмандык чалынуучу жайга тегерете чач.
Курмандык чалынуучу жайдагы кандан жана майлоочу майдан алып, Арунга, анын кийимдерине, уулдарына, алардын кийимдерине чач. Ошондо анын љзє да, кийимдери да, анын уулдары да, алардын кийимдери да ыйыкталат.
Кочкордун майы менен куйрук майын, ич майын, боор майын, эки бљйрљгєн, бљйрљк майын, оњ санын ал.
Тењирдин алдындагы себеттен бир тоголок нан, зайтун майы кошулган бир токоч, ачыткысыз бир нан ал.
Алардын баарын Арун менен уулдарынын колуна бер, алар аны Тењирдин алдында силкилдетишсин.
Анан аны алардын колдорунан алып, бєтєндљй љрттљлєєчє курмандык менен кошо курмандык чалынуучу жайда љрттљ. Бул – жыты Тењирге жаккан курмандык.
Арунду ыйык кызматка дайындоо расмисине арналган кочкордун тљш этин Тењирдин алдында силкилдет. Бул сенин энчињ болот.
Ошол кочкордун Арунга жана анын уулдарына тиешелєє бљлєгєн: силкилдетилген тљшє менен љйдљ кљтљрєлгљн сан этин ыйыкта.
Булар – Арун менен анын уулдарына ар дайым Ысрайыл уулдары алып келген курмандыктардан бериле турган бљлєк, анткени бул – алардын Тењирдин алдында љйдљ кљтљргљн курмандыгы. Ысрайыл уулдарынын тынчтык курмандыктары Тењирге арналуучу курмандыктар болуп эсептелет.
Ал эми Арундун ыйык кийимдери, кљзє љткљндљн кийин, уулдарына љтљт. Ошондо алар ыйык кызмат кылуучулукка майланып, кызматка дайындала алат.
Анын ордун баса турган, ыйык жайда кызмат кылуу єчєн жыйын чатырына кире турган, анын уулдарынан чыккан ыйык кызмат кылуучу ал кийимдерди жети кєн кийип жєрєшє керек.
Арналган кочкорду алып, этин ыйык жерде бышыр.
Ошол кочкордун этин Арун жана анын уулдары себеттеги нандар менен кошо жыйын чатырынын эшигинин алдында жешсин.
Анткени бул курмандыктар – ыйык кызматка дайындап жатканда, аларды ыйыктоого арналган курмандыктар. Аларды башка адам жебеши керек, анткени алар ыйык.
Эгерде ыйык кызматка дайындоого арналган эт менен нандан эртењ мененкиге калып калса, анда аларды љрттљп жибер. Аларды жегенге болбойт, анткени алар ыйык.
Арунга жана анын уулдарына Мен сага буйругандай кыл. Аларды ыйык кызматка дайындоо расмисин жети кєн љткљр.
Кєнљљдљн тазалоо єчєн, кєн сайын бирден букачар алып келип, курмандык чалынуучу жайда чал, аны ыйыктоо єчєн, майлоочу май менен майла.
Жети кєн курмандык чалынуучу жайды тазала, аны ыйыкта, ошондо курмандык чалынуучу жай эњ ыйык жай болот. Ага тийгендин баары ыйык болуп калат.
Курмандык чалынуучу жайда сен кєн сайын бир жылдык эки козуну курмандыкка чаласыњ.
Бир козуну эртењ менен, бир козуну кечинде чал.
Бир козу менен кошо гиндин тљрттљн бир бљлєгєнчљлєк сыгылган зайтун майы кошулган эйфанын ондон бир бљлєгєнчљлєк буудай унун, ал эми єстєнљ куюу єчєн, гиндин тљрттљн бир бљлєгєнчљлєк шарап алып кел.
Экинчи козуну курмандыкка кечинде алып кел. Эртењ мененкидей эле уну менен болсун, жагымдуу жыт болушу єчєн, куюлуучу курмандыгы менен болсун.
Бул – Тењирдин алдында, жыйын чатырынын эшигинин алдында силердин укум-тукумуњар дайыма љрттљй турган бєтєндљй љрттљлєєчє курмандык. Сени менен сєйлљшєє єчєн, Мен силерге ошол жерде ачылам.
Ошол жерде Мен Ысрайыл уулдарына ачылам, ошол жер Менин дањкым менен ыйыкталат.
Жыйын чатырын жана курмандык чалынуучу жайды ыйыктайм. Мага ыйык кызмат кылышы єчєн, Арунду жана анын уулдарын ыйыктайм.
Ысрайыл уулдарынын арасында жашап, алардын Кудайы болом.
Ошондо алар Менин љздљрєнєн Кудай-Тењири экенимди билишет. Алардын арасында болуу єчєн, Мен аларды Мисир жеринен алып чыккам. Мен алардын Кудай-Тењиримин.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible