Скрыть
27:3
27:4
27:5
27:6
27:7
27:8
27:10
27:11
27:12
27:13
27:14
27:15
27:17
27:18
27:19
Акация жыгачынан узундугу беш чыканак, туурасы беш чыканак, бийиктиги єч чыканак болгон тљрт бурчтуу курмандык чалынуучу жай жаса.
Анын тљрт бурчундагы тљрт мєйєздє да љзєнљн чыгар, аны жез менен капта.
Кєл сала турган идиштерди, калактарды, чараларды, айрыларды жана чок салгычтарды жаса. Ага тиешелєє нерселердин бардыгын жезден жаса.
Жезден арчындап тор жаса, анын тљрт бурчуна жезден тљрт шакек жаса.
Ал тор курмандык чалынуучу жайдын ичиндеги тегерете чыгып турган кырдын астына коюлуп, курмандык чалынуучу жайдын жарымын тєзєп турсун.
Курмандык чалынуучу жайга акация жыгачынан шыргыйларды жаса. Аларды да жез менен капта.
Шыргыйларды шакектерге киргизип кой, курмандык чалынуучу жайды кљтљрєп жєрєє єчєн, алар анын эки жагында болсун.
Курмандык чалынуучу жайды тактайдан ичин бош кылып жаса. Аны Мен сага тоодо кљрсљткљндљй кылып жасашсын.
Жыйын чатырынын короосун мындай жаса: короонун тєштєк тарабына чыйратылган зыгыр буласынан жабууларды жаса, узундугу жєз чыканак болсун.
Ал жабуулар єчєн жыйырма мамы, алардын астына жезден жыйырма таканыч жаса. Мамылардын илгичтери жана мамыларды бириктирген шырыктар кємєштљн жасалсын.
Короонун тєндєк тарабындагы жабуулардын узундугу жєз чыканак болсун. Алар єчєн да жыйырма мамы, алардын астына жезден жыйырма таканыч жаса. Мамылардын илгичтери жана мамыларды бириктирген шырыктар кємєштљн жасалсын.
Короонун батыш тарабындагы, туурасындагы жабуулары элєє чыканак болсун. Алар єчєн он мамы, алардын астына он таканыч жаса.
Короонун чыгыш тарабындагы, туурасындагы алдыњкы жабуулары элєє чыканак болсун.
Короонун бир тарабындагы жабуулар он беш чыканак болсун. Алар єчєн єч мамы, алардын астына єч таканыч жаса.
Короонун экинчи тарабындагы жабуулар он беш чыканак болсун. Алар єчєн єч мамы, алардын астына єч таканыч жаса.
Ал эми короонун эшиги єчєн жасала турган кљшљгљ жыйырма чыканак болсун. Ал ачык кљк, ачык кызыл, кочкул кызыл тєстљгє ийрилген жєндљн, чыйратылган зыгыр буласынан саймаланып жасалсын. Ал єчєн тљрт мамы, анын астына тљрт таканыч жаса.
Короону айланта курчаган бардык мамылар кємєш шырыктар менен бириктирилсин. Алардын илгичтери кємєштљн, ал эми таканычтары жезден жасалсын.
Короонун узундугу жєз чыканак, туурасы элєє чыканак, бийиктиги беш чыканак болсун. Жабуулары чыйратылган зыгыр буласынан, ал эми мамылардын таканычтары жезден болсун.
Жыйын чатырынын ар кандай жумуштарында колдонула турган нерселердин баары жана жыйын чатырынын, короонун бардык казыктары жезден жасалсын.
Анан Ысрайыл уулдарына буйрук бер, чырактан дайыма кєйєп турушу єчєн, алар сага таза зайтун майынан алып келип турушсун.
Арун жана анын уулдары жыйын чатырындагы келишим сандыгы турган кљшљгљнєн сыртында, Тењирдин алдында кеч киргенден тањ атканга чейин ал май менен чырактанды кєйгєзєп турушат. Бул мыйзам Ысрайыл уулдарынан алардын укум-тукумуна тєбљлєккљ калсын.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible