Скрыть
17:7
17:12
17:15
17:16
Ошентип, Тењирдин буйругу боюнча Ысрайыл уулдарынын бєт жамааты Син чљлєнљн чыгып, Репидимге келип, станы менен жайланышты. Ал жерде ичерге суу жок эле.
Ошондо эл Мусаны: «Бизге ичкенге суу бергиле», – деп жемеледи. Муса аларга: «Силер эмне мени жемелеп жатасыњар? Эмнеге Тењирди сынап жатасыњар?» – деди.
Ошол жерде эл сууга зар болуп, Мусага мындай деп наалыды: «Сен бизди Мисирден эмнеге алып чыктыњ? Бизди балдарыбыз, малыбыз менен кошо сууга чањкатып љлтєрљйєн дедињби?»
Ошондо Муса Тењирге мындай деп боздоп жиберди: «Бул элди мен эмне кылам? Алар мени таш барањга алып љлтєрєєгљ даяр».
Тењир Мусага мындай деди: «Элдин алдына љтєп, Ысрайыл аксакалдарынын бир нечесин жана сууну чапкан таягыњды алып, жљнљ.
Мен сенин алдыњда, Хорептеги асканын єстєндљ турам. Сен асканы чапканда, андан суу чыгып, эл суу ичет». Муса Ысрайыл аксакалдарынын кљз алдында ошондой кылды.
Ысрайыл уулдарынын жемелегенине байланыштуу ал жерге Маса жана Мериба деген ат койду, анткени алар Тењирди: «Биздин арабызда Тењир барбы же жокпу?» – деп сынашты.
Ошондо амалыктыктар Репидимге келип, ысрайылдыктар менен согушушту.
Муса Жашыяга: «Эркектерди тандап алып, амалыктыктар менен согуш. Эртењ мен дљбљнєн башында турам, Кудайдын таягы менин колумда болот», – деди.
Жашыя Мусанын айтканындай кылып, амалыктыктар менен согушканы жљнљдє. Ал эми Муса, Арун жана Хур дљбљнєн башына чыгышты.
Муса колдорун кљтљргљндљ, Ысрайыл жењип, колдорун тєшєргљндљ, амалыктыктар жењип жатты.
Бирок Мусанын колдору талыды, ошондо Мусанын астына таш коюп беришти, ал таштын єстєнљ отурду. Арун менен Хур болсо, бири бир жагынан, экинчиси экинчи жагынан Мусанын колдорун сєйљп турушту. Ошентип, анын колдору кєн батканча кљтљрєлєп турду.
Жашыя амалыктыктарды кылыч мизине алып кыйратты.
Ошондо Тењир Мусага: «Ушуну эстелик єчєн китепке жазып кой. Амалыктыктарды жер єстєнљн таптакыр жок кыларымды Жашыянын кулагына куй», – деди.
Муса Кудайга курмандык чалынуучу жай куруп, аны Жахаба-Ниси деп атады.
Анткени ал: «Колум Тењирдин тактысында. Тењирдин амалыктыктарга каршы согушу укумдан-тукумга уланат», – деди.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible