Скрыть
16:3
16:5
16:6
16:9
16:11
16:16
16:17
16:19
16:20
16:21
16:22
16:24
16:25
16:27
16:28
16:30
16:32
16:34
16:36
Ысрайыл уулдарынын бєт жамааты Эйлим жеринен чыгышты. Алар Мисир жеринен чыккандан кийин, экинчи айдын он бешинчи кєнє Эйлим менен Синайдын ортосундагы Син чљлєнљ келишти.
Ысрайыл уулдарынын жамааты чљлдљ Муса менен Арунга кайрадан наалый баштады.
Ысрайыл уулдары аларга: «Биз Мисир жеринде нанды тоё жеп, этке толгон казандын жанында отурганда эле, Тењирдин колунан љлєп калсак эмне! Силер бизди чљлгљ ачкадан љлтєргљнє алып келген турбайсыњарбы», – деп наалышты.
Ошондо Тењир Мусага мындай деди: «Мен силерге асмандан нан жаадырам. Эл кєн сайын сыртка чыгып, бир кєнгљ жеткидей нан жыйнап алсын. Ушул аркылуу Мен элди Менин мыйзамымды аткарабы, жокпу, сынап кљрљм.
Алтынчы кєнє болсо алып келгендерин даярдашсын, ошондо ал кєн сайын жыйнагандарынан эки эсе кљп болот».
Муса менен Арун Ысрайыл элине мындай деди: «Силерди Мисир жеринен Тењир алып чыкканын кечинде билесињер.
Эртењ менен Тењирдин дањкын кљрљсєњљр, анткени Ал силердин Тењирге наалыганыњарды укту. Бизге наалыганыњардай, биз ким элек?»
Муса мындай деди: «Тењир силерге кечинде эт, эртењ менен тоё жегидей нан берет, анткени Тењир силердин Љзєнљ нааразы болуп, наалыганыњарды укту. Биз ким элек? Силер бизге эмес, Тењирге наалып жатасыњар».
Анан Муса Арунга мындай деди: «Ысрайыл уулдарынын бєт жамаатына мындай деп айт: “Тењирдин алдына баргыла, себеби Ал силердин наалыганыњарды укту”».
Арун Ысрайыл уулдарынын бєт жамаатына кайрылганда, алар чљлгљ бурулушту. Ошондо Тењирдин дањкы булуттан кљрєндє.
Тењир Мусага мындай деди:
«Мен Ысрайыл уулдарынын наалыганын уктум. Аларга мындай деп айт: “Кечинде эт жейсињер, эртењ менен нанга тоёсуњар, Менин силердин Кудай-Тењирињер экенимди ошондо билесињер”».
Кечинде бљдљнљлљр учуп келип, станды каптады, ал эми эртењ менен стандын тегерегине шєєдєрєм тєштє.
Шєєдєрєм бууланып кетери менен, жердин бетин кыроо каптагансып, чљлдљ данга окшогон майда нерселер калды.
Ысрайыл уулдары аны кљргљндљ, бири-биринен: «Бул эмне?» – деп сурашты. Анткени алар анын эмне экенин билишчє эмес. Ошондо Муса аларга мындай деди: «Бул – Тењирдин силерге жегенге берген наны.
Тењир силерге мындай буйрук берди: “Ар кимињер жешињерче жыйнагыла. Ар ким љз чатырында жашаган кишинин санына жараша, киши башына бир гомордон жыйнасын”».
Ысрайыл уулдары ошондой кылышты: бири кљп, бири аз жыйнады.
Жыйнагандарын гомор менен ченешти. Кљп жыйнагандыкы ашып калган жок, аз жыйнагандыкы жетпей калган жок. Ар ким жешине жараша жыйнады.
Муса аларга: «Эртењ мененкиге калтырбагыла», – деди.
Бирок алар Мусанын айтканын угушкан жок. Кээ бирљљлљрє жыйнагандарынан эртењ мененкиге калтырып коюшту, бирок анысы курттап, сасып кетти. Ошондо аларга Мусанын ачуусу келди.
Алар кєндљ эртењ менен љздљрєнљ жеткидей жыйнашчу. Кєн ысыганда, ал эрип кетчє.
Алтынчы кєнє алар нанды эки эсе кљп, киши башына эки гомордон жыйнашты. Муну жамаат башчылары Мусага айтып келишти.
Муса аларга мындай деди: «Тењир мындай деди: “Эртењ дем алыш, Тењирдин ыйык ишембиси. Отко бышыра турганыњарды бєгєн бышырып, кайната турганыњарды бєгєн кайнатып алгыла, артып калганын алып коюп, эртењ мененкиге чейин сактагыла”».
Алар Муса айткандай кылып, артып калгандарын эртењ мененкиге калтырып коюшту, ал сасыган да жок, курттаган да жок.
Муса аларга: «Муну бєгєн жегиле, анткени бєгєн Кудайдын ишембиси. Бєгєн муну талаадан таппайсыњар.
Аны алты кєн жыйнагыла. Ал эми жетинчи кєн – ишемби. Бул кєнє манна болбойт», – деди.
Кээ бирљљлљр жетинчи кєнє жыйнаганы чыгышты, бирок эч нерсе таба алышкан жок.
Ошондо Тењир Мусага мындай деди: «Качанкыга чейин Менин осуяттарым менен мыйзамдарымды аткаруудан баш тартасыњар?
Эсињерден чыкпасын, ишембини силерге Тењир берди, ошон єчєн Ал силерге алтынчы кєнє эки кєндєк нан берип жатат. Ишемби кєнє ар ким љз єйєндљ болсун, эч ким љз єйєнљн чыкпасын».
Ошентип, эл жетинчи кєнє эс алды.
Ысрайыл эли бул нанды «манна» деп атады. Ал нандын љњє кориандрдын уругундай аппак, даамы бал кошулган нандай эле.
Муса аларга мындай деди: «Тењир мындай деп буйруду: “Укум-тукумуњарга сактап коюу єчєн, бир идишке бир гомор манна толтургула, силерди Мисирден алып чыккандан кийин, Мен силерди чљлдљ кандай нан менен азыктандырганымды алар кљрєшсєн”».
Анан Муса Арунга мындай деди: «Бир идиш алып, ага бир гомор манна толтур да, укум-тукумуњарга сактап коюу єчєн, аны Тењирдин алдына коюп кой».
Тењир Мусага буйругандай, Арун аны сактап коюу єчєн, келишим сандыгынын алдына алып барып койду.
Ысрайыл уулдары љздљрє жашай турган жерге жеткиче, маннаны кырк жыл жешти. Алар Канаан жеринин чек арасына келгенге чейин манна жешти.
Гомор болсо эйфанын ондон бир бљлєгє.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible