Скрыть
14:1
14:3
14:5
14:6
14:7
14:10
14:12
14:16
14:17
14:18
14:20
14:23
14:26
14:29
14:30
Тењир Мусага мындай деди:
«Ысрайыл уулдарына айт, алар артка кайрылып, Баал-Сыпондун мањдайына, Мигдол менен дењиздин ортосуна, Пи-Ахиротко барып, станы менен жайланышсын. Баал-Сыпондун каршысына, дењиз жээгине жайланышкыла.
Фараон Ысрайыл уулдары жљнєндљ: “Алар бул жерде адашып, чљлгљ камалып калышты”, – деп ойлойт.
Мен болсо фараондун жєрљгєн катуулантып коём, ошондо ал силердин артыњардан кууп жљнљйт. Мен Љз дањкымды фараон аркылуу, анын аскери аркылуу кљрсљтљм. Ошондо мисирликтер Менин Тењир экенимди билишет». Ысрайыл уулдары ошондой кылышты.
Мисир падышасына «Ысрайыл эли качып кетти» деген кабар берилди. Ошондо фараондун жана анын кулдарынын ойлору љзгљрєп: «Бул эмне кылганыбыз, эмне єчєн ысрайылдыктарды љзєбєзгљ иштетпей коё бердик?» – деп љкєнєштє.
Ошондо фараон майдан арабасын чегип, эли менен,
тандалган алты жєз майдан арабасы менен, Мисирдин бардык майдан арабалары менен, майдан араба башчылары менен чыкты.
Тењир Мисир падышасы фараондун жєрљгєн катуулантып койгондуктан, ал Ысрайыл уулдарынын артынан кууп жљнљдє. Ысрайыл уулдары болсо кєчтєє колдун астында бара жатышты.
Ошентип, мисирликтер алардын артынан кууп жљнљштє. Фараондун майдан арабаларын тарткан аттар, атчан аскерлер, бєт аскерлер аларды дењиздин жанындагы, Баал-Сыпондун мањдайындагы Пи-Ахироттун жанына жайланышкан жеринде кууп жетишти.
Фараон жакындап калганда, Ысрайыл уулдары артын карашса, мисирликтер кууп келе жатышыптыр. Ошондо алар аябай коркуп кетип, Тењирге боздоп кайрылышты.
Анан Мусага: «Сен бизди чљлдљ љлтєргљнє алып келдињ беле? Мисирде бизге кљрєстљн жокпу? Бизди Мисирден алып чыгып, кыларыњ ушул беле?
Биз сага Мисирде жєргљндљ эле: “Бизди жайыбызга кой, мисирликтерге иштей берели”, – деп айткан жок белек? Чљлдљ љлгљнчљ, мисирликтерге кул болгонубуз жакшы эмес беле?» – дешти.
Ошондо Муса элге кайрылып: «Коркпогула, чыдап турсањар, Тењир бєгєн силерди кандай куткарып аларын љз кљзєњљр менен кљрљсєњљр. Бєгєн силер кљрєп турган мисирликтерди мындан кийин тєбљлєккљ кљрбљйсєњљр.
Силер єчєн Тењир кєрљшљт, силер болсо тынчсызданбагыла», – деди.
Тењир Мусага: «Эмне єчєн Мага боздоп жатасыњ? Ысрайыл уулдарына айт, жолун уланта беришсин.
Сен болсо таягыњды кљтљрєп, колуњду дењизге сунуп, дењизди экиге бљл. Ошондо Ысрайыл уулдары дењиздин ортосундагы кургак жер менен љтєшљт.
Мен болсо мисирликтердин жєрљгєн катуулантып коём, алар элдин артынан кууп жљнљшљт. Ошондо Мен Љз дањкымды фараон аркылуу, анын аскерлери, майдан арабалары менен атчан аскерлери аркылуу кљрсљтљм.
Мен Љз дањкымды фараон аркылуу, анын майдан арабалары, атчан аскерлери аркылуу кљрсљткљндљ, мисирликтер Менин Тењир экенимди билишет», – деди.
Ошондо Ысрайыл кошуунунун алдында жєргљн Кудайдын периштеси ордунан жылып, алардын артына келип турду. Алардын алдындагы булут мамы да ордунан жылып, алардын артына келип,
Мисир кошууну менен Ысрайыл кошуунунун ортосуна туруп калды. Булут мамы тєнкєсєн бирине карањгылык каптатып, экинчисине жарык берип турду, ошондуктан мисирликтер тєнє бою ысрайылдыктарга жакын келе алышкан жок.
Муса колун дењизге сунганда, Тењир тєнє бою чыгыштан катуу шамал соктурду. Ошондо суулар эки жакка тартылып, дењиздин ортосу кургап калды.
Ысрайыл уулдары дењиздин ортосундагы кургак жер менен жљнљштє. Суу болсо алардын оњ жагы менен сол жагында дубалдай болуп кљтљрєлєп турду.
Мисирликтер кууп жљнљштє. Фараондун аттары, майдан арабалары жана атчан аскерлери алардын артынан дењиздин ортосуна киришти.
Тањга маал Тењир булут мамы менен от мамыдан мисирликтердин кошуунун карап, аларга дєрбљлљњ салды.
Алардын майдан арабаларынын дљњгљлљктљрєн чыгарып салды, алар майдан арабаларын арањдан зорго сєйрљп бара жатышты. Ошондо алар мындай дешти: «Ысрайылдыктардан качпасак болбойт, анткени Тењир алар єчєн мисирликтер менен кєрљшєп жатат».
Тењир Мусага: «Колуњду дењизге сун, ошондо суу мисирликтерди майдан арабалары, атчан аскерлери менен кошо басып калат», – деди.
Муса колун дењизге сунду, тањга маал суу љз ордуна келди. Мисирликтер суудан качышты. Ошентип, Тењир мисирликтерди дењиздин ортосуна чљктєрдє.
Ордуна келген суу ысрайылдыктардын артынан дењизге кирген фараондун аскерлеринин майдан арабаларын жана атчан аскерлерин басып калды. Алардан бирљљ да тирєє калган жок.
Ысрайыл уулдары болсо дењиздин ортосундагы кургак жер менен љтєп кетишти. Суу алардын оњ жагы менен сол жагында дубалдай болуп кљтљрєлєп турду.
Ошентип, ошол кєнє Тењир ысрайылдыктарды мисирликтердин колунан куткарып алды. Ошондо ысрайылдыктар мисирликтердин дењиз жээгинде љлєп жатканын кљрєштє.
Ысрайылдыктар Тењирдин мисирликтерге кљрсљткљн улуу кєчєн кљрєп, Тењирден коркуп калышты. Алар Тењирге да, Анын кулу Мусага да ишенип калышты.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible