Скрыть

Эстер китеби, Глава 4

Толкования
4:2
4:4
4:5
4:6
4:9
4:10
4:12
4:13
4:14
4:15
4:17
Мордохай болгон иштин бардыгын билгенде, кийимдерин айрып, зумбал кийип, башына кєл сээп, шаардын ортосуна чыгып, боздоп ыйлап,
падыша дарбазасынын алдына келди, анткени зумбалчан кишини падышанын дарбазасы аркылуу љткљрєшчє эмес.
Ошондой эле бардык дубандарда, падышанын буйругу менен токтому жеткен жердин бардыгында жєйєттљр орозо кармап, боздоп ыйлап, кайгырып жатышты. Зумбал менен кєл кљбєнљ тљшљк болду.
Эстердин кызматчы кыздары менен эбнухтары келип, болгон ишти айтып беришти, ошондо ханыша аябай коркуп кетти. Анан ал Мордохайга зумбалды чечип, башка кийим кийсин деп, кийим берип жиберди, бирок ал аны албай койду.
Ошондо Эстер Атахты чакырып алды. Падыша аны эбнухтардын ичинен Эстерге кызмат кылууга бљлєп койгон. Эстер Мордохайга эмне болгонун, эмне єчєн ушинтип жатканын билиш єчєн, Атахты ага жљнљттє.
Атах падыша дарбазасынын алдындагы шаар аянтында турган Мордохайга барды.
Мордохай ага эмне болгонунун баарын айтып берди, Амандын жєйєт элин кырыш єчєн, падышанын казынасына тартып берем деп убада кылган кємєшєнєн салмагын да айтты.
Анан ал жєйєт элин кыруу тууралуу Шушандагы элге жарыяланган буйруктун кљчєрмљсєн Эстерге кљрсљтєш єчєн, ага баарын билдириш єчєн, ал падышага барып, андан ырайым сурап, љз эли єчєн љтєнєшє єчєн, аны Атахтын колуна тапшырды.
Атах келип, Мордохайдын сљзєн Эстерге айтып берди.
Эстер Атахты Мордохайга мындай деп айттыруу єчєн кайра жљнљттє:
«Эркек болобу, аял болобу, ким падыша сарайында отурган падышага чакыртылбай кирсе, ал љлєм жазасына тартыларын падышанын карамагындагы бардык кызматчылар да, падышанын дубандарындагы эл да билишет. Падыша алтындан жасалган падыша таягын кимге сунса, ошол гана аман калат. Менин падышага чакыртылбаганыма отуз кєндєн жєзє болду».
Эстердин сљзєн Мордохайга айтып беришти.
Мордохай Эстерге мындай жооп айтты: «Жєйєттљрдєн ичинен жалгыз љзєњ падышанын єйєндљ аман калам деп ойлобо.
Эгерде сен азыр унчукпай койсоњ, анда жєйєт элине эркиндик менен куткарылуу башка жактан келет, бирок сен атањдын тукуму менен кошо љлљсєњ. Ким билет, балким, сен ханышалык даражага мына ушундай мезгил єчєн жеткендирсињ?»
Ошондо Эстер Мордохайга мындай жооп жљнљттє:
«Бар, Шушандагы бардык жєйєттљрдє чогулт. Мен єчєн орозо кармагыла, єч кєн кєнє-тєнє менен эч нерсе жебегиле да ичпегиле. Мен љзєм да кызматчы кыздарым менен орозо кармайм, андан соњ мыйзамга каршы келсе да, падышага барам. Љлсљм, љлљйєн».
Мордохай жљнљп кетти. Эстер кандай буйруса, ал так ошондой кылды.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible