Скрыть
9:4
9:6
9:16
9:19
9:24
Кулак сал, Ысрайыл, кљк тиреген чептєє чоњ шаарлары бар, сенден алда канча кљп жана кєчтєє элди басып алыш єчєн, сен азыр Иордандын аркы љйєзєнљ љтєп бара жатасыњ.
Ал эл – саны кљп, узун бойлуу Анактын уулдары. Сен алар жљнєндљ билесињ жана “Анактын уулдарына ким каршы тура алат?” деген сљздє угуп жєрљсєњ.
Билип кой азыр, Кудай-Тењирињ бардыгын жалмап жиберєєчє оттой болуп, сенин алдыњда бара жатат. Тењир аларды кырат, сага багынтып берет; Тењир сага айткандай, сен аларды кууп жибересињ, тез эле кырып саласыњ.
Кудай-Тењирињ аларды сен єчєн кууп чыкканда, љз жєрљгєњдљ: “Адил болгонум єчєн Тењир мени бул жерге ээ кылды, мыйзамсыз болгону єчєн Тењир бул элди менин алдыман кууп чыгарып жатат”, – деп айтпа.
Сен алардын жерин адил болгонуњ єчєн, жєрљгєњ таза болгону єчєн мурастаганы бара жаткан жоксуњ. Бирок сенин Кудай-Тењирињ ал элдерди мыйзамсыз иштери єчєн жана сенин ата-бабањ Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка берген убадасын аткарыш єчєн, сенин алдыњан кууп жатат.
Ошондуктан билип кой, Кудай-Тењирињ бул жер соорусун сага адил болгондугуњ єчєн берип жаткан жок, сен тоњ моюн элсињ.
Кудай-Тењирињди чљлдљ канча жолу каардантканыњды эсињден чыгарба, Мисир жеринен чыккан кєндљн тартып, дал ушул жерге келгенге чейин, Тењирге моюн сунган жоксуњ.
Хорепте да силер Тењирди каарданткансыњар, ошондо Ал каарданып, силерди кырып салгысы келген.
Мен Тењирдин силер менен тєзгљн келишими жазылган лоокторун, таш лоокторду, алганы тоого чыгып, нан жебей, суу ичпей, ал тоодо кырк кєн, кырк тєн болдум.
Ошондо Тењир мага Љз сљљмљйє менен жазган эки таш лоокту берди. Алардын бетине силер тоого чогулуп келген кєнє Тењирдин силерге от ичинен айткан сљздљрє жазылган.
Кырк кєн, кырк тєн љткљндљн кийин, Тењир мага келишим жазылган эки таш лоокту берди.
Анан Тењир мага: “Тоодон тезирээк тєш, анткени Мисирден алып чыккан элињ бузулду. Ал Мен кљрсљткљн жолдон тез эле бурулуп кетти, ал љзєнљ буркан жасап алды”, – деди.
Анан Тењир мага дагы мындай деди: “Мен бул элди билем, ал – тоњ моюн эл.
Мени токтотпо, Мен аны жок кылам, анын атын жер єстєнљн љчєрљм. Сенден болсо андан алда канча кљп, кєчтєє эл чыгарам”.
Ошондо мен тоодон кайтып келдим. Тоо болсо жалындап кєйєп жатты. Келишим жазылган эки таш лоок эки колумда эле.
Мен силердин алтындан музоо куюп, Тењир кљрсљткљн жолдон тез эле бурулуп, Кудай-Тењирињерге каршы кєнљљ кылганыњарды кљрдєм.
Ошондо мен эки колумдагы эки таш лоокту силердин кљзєњљрчљ жерге ыргытып, талкалап салдым.
Анан Тењирдин алдына жыгылып, силердин Тењирге жакпаган иш кылып, Аны каардантып, кєнљљгљ батканыњар єчєн, мен нан жебей, суу ичпей, мурункудай эле кырк кєн, кырк тєн сыйындым.
Анткени Тењирдин каарданып, силерди жок кылып салгысы келгенинен корктум. Тењир мени бул жолу да укту.
Тењир Арунга да каарданып, аны љлтєргєсє келди, бирок мен ошол учурда Арун єчєн да сыйындым.
Силердин кєнљљњљрдє – силер жасаган музоону алып, отко љрттљп салдым. Мен аны талкалап, топурактай майдалап, тоодон тєшкљн сууга чачып жибердим.
Силер Тењирди Табейрада да, Масада да, Киброт-Атаапта да каарданттыњар.
Тењир силерди Кадеш-Барнейиден: “Баргыла да, Мен силерге берген жерди ээлеп алгыла”, – деп жљнљткљндљ, силер Кудай-Тењирињердин буйругуна каршы болдуњар, Ага ишенген жоксуњар, Анын єнєн укпай койдуњар.
Мен силерди билген кєндљн бери силер Тењирге баш ийбей келе жатасыњар.
Ошондо мен Тењирдин алдына жыгылып, кырк кєн, кырк тєн жалынып сыйындым, анткени Тењир силерди кырып салгысы келген.
Мен Тењирге мындай деп сыйындым: “О Эгедер Тењирим, Љз элињди, Љз энчињди жок кыла кљрбљ, Сен ал элди улуу кудуретињ менен куткарып, Мисирден кєчтєє колуњ менен алып чыккансыњ.
Љзєњдєн кулдарыњ Ыбрайым, Ыскак, Жакыпты эстегин. Бул элдин тоњ моюндугуна, бузулгандыгына, кєнљљсєнљ караба.
Сен бизди алып чыккан жерде жашагандар: «Тењир Љзє убада кылган жерге алып бара алган жок, аны жек кљргљндєктљн, чљлдљ љлтєрєп салыш єчєн алып чыккан», – деп айтпасын.
Алар Сенин элињ, Сенин энчињ, Сен аларды Љзєњдєн сунулган колуњ, кєчтєє билегињ менен Мисир жеринен алып чыккансыњ”.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible