Скрыть
31:1
31:9
31:13
31:22
31:25
31:26
31:29
31:30
Муса Ысрайыл уулдарына мына бул сљздљрдє айтты:
«Азыр мен жєз жыйырма жашка чыктым, мындан ары силерди баштап жєрљ албайм. Тењир Љзє да мага: “Сен бул Иордандан љтпљйсєњ”, – деген.
Кудай-Тењирињ сенин алдыњда Љзє барат. Ал бул элдерди сенин алдыњан жок кылат, сен аларды кууп чыгасыњ. Тењир айткандай, Жашыя сенин алдыњда барат.
Тењир аморлуктардын падышалары Сихон менен Огду жана алардын жерлерин кандай кылса, буларды да так ошондой кыйратат.
Тењир аларды силердин колуњарга салып берет, аларга мен буйругандай кылгыла.
Бекем, кайраттуу болгула, алардан коркпогула, єрљйєњљрдє учурбагыла, анткени Кудай-Тењирињер Љзє силер менен барат, силерден алыстабайт, силерди таштабайт».
Анан Муса Жашыяны чакырып алып, ысрайылдыктардын кљзєнчљ ага мындай деди: «Бекем, кайраттуу бол, анткени сен бул эл менен Тењир ата-бабаларына убада кылган жерге барып, ал жерди ага бљлєп бересињ.
Тењир Љзє сенин алдыњда барат, Љзє сени менен болот, сенден алыстабайт, сени таштабайт, коркпогун жана єрљйєњ учпасын».
Анан Муса бул мыйзамды жазып, аны ыйык кызмат кылуучуларга, Тењирдин келишим сандыгын кљтљрєп жєргљн Леби уулдарына жана Ысрайыл аксакалдарына берди.
Муса аларга мындай деп осуяттады: «Жети жылда бир болуучу кечирим жылында, Алачыктар майрамында,
бєткєл Ысрайыл эли Кудай-Тењирињдин алдына, Ал Љзє тандап алган жерге келгенде, бєткєл Ысрайыл элине бул мыйзамды угуза окуп бер.
Элињди: эркектер менен аялдарды, балдарды, арањарда жашаган келгиндерди чогултуп кел. Алар бул мыйзамды угуп, Кудай-Тењирден коркууну єйрљнєшсєн, мыйзамдын бардык сљздљрєн аткарууга аракет кылышсын.
Бул мыйзамды билбеген алардын балдары да силер ээлеш єчєн Иордандан љтєп бара жаткан жерде жашап жатканыњарда, аны угуп, Тењирден коркууну єйрљнєшсєн».
Анан Тењир Мусага: «Сенин љлљ турган кєнєњ жакындап калды. Жашыяны чакыр, экљљњ жыйын чатырынын алдына келгиле, Мен ага кљрсљтмљ берем», – деди. Муса менен Жашыя жыйын чатырынын алдына келип турушту.
Ошондо Тењир жыйын чатырына булут ичинде келди. Булут мамысы жыйын чатырынын алдына туруп калды.
Анан Тењир Мусага мындай деди: «Сен эми ата-бабаларыња кошуласыњ, бул эл барган жеринде бузулуп, башка кудайларды ээрчип, љзє менен тєзгљн келишимимди бузуп, Мени таштап кетет.
Ошол кєнє Мен бул элге каарданып, аны таштап салам, андан Љз жєзємдє жашырам. Ошондо ал кырылат, кљп кырсыкка учурап, кайгыга батат, ошол кєнє: “Арабызда Кудай-Тењирибиз жок болгондуктан, ушундай кырсыкка учурап жатабыз”, – деп айтат.
Алар башка кудайларга кайрылып, кылган мыйзамсыздыктары єчєн, ошол кєнє Мен алардан Љз жєзємдє жашырам.
Ошондуктан бул ырды жазып алып, Ысрайыл уулдарына єйрљткєлљ. Ысрайыл уулдарынын алдында Мага кєбљ болуп турушу єчєн, бул ырды Ысрайыл уулдарына жаттаткыла.
Анткени Мен аларды сєт менен бал аккан жерге, алардын ата-бабаларына убада кылган жерге алып барам. Алар ичип-жеп тоюп, семиргенден кийин, башка кудайларга кайрылып, аларга табынып калышат. Менден баш тартып, Менин келишимимди бузушат.
Алар кљп кырсыктарга учурап, кайгыга батышканда, бул ыр аларга каршы кєбљ болсун, себеби бул ыр алардын укум-тукумунун оозунан тєшпљйт. Азыр эмнени ойлоп жатышканын Мен аларды убада кылган жерге алып бара электе эле билип турам».
Муса ал ырды ошол кєнє жазып алып, Ысрайыл уулдарына єйрљттє.
Анан Тењир Нундун уулу Жашыяга мындай деди: «Бекем, кайраттуу бол, анткени сен Ысрайыл уулдарын Мен аларга убада кылган жерге алып барасыњ, Мен сени менен болом».
Муса бул мыйзамдын баарын китепке жазып бєткљндљ,
Тењирдин келишим сандыгын кљтљрєп жєргљн лебилерге мындай буйрук берди:
«Бул мыйзам китебин алып, Кудай-Тењирињердин, келишим сандыгынын оњ жагына салып койгула, ал ошол жерде сага каршы кєбљ болот.
Анткени мен сенин љжљр жана тоњ моюн экенињди билем. Азыр мен силер менен бирге жашап жатканда да, силер Тењирдин алдында љжљрсєњљр. Мен љлгљндљн кийин, силер ого бетер кєчљйсєњљр.
Мага уруу аксакалдарыњарды, кљзљмљлдљљчєлљрєњљрдє чогултуп келгиле. Мен бул сљздљрдє аларга угуза айтып берейин, аларга каршы асман менен жерди кєбљгљ тартайын.
Анткени мен љлгљндљн кийин, кљрсљткљн жолдон чыгып бузуларыњарды билем. Тењирге жакпаган иштерди кылып, Аны каардантканыњар єчєн, акыркы кєндљрє башыњарга мєшкєл тєшљт».
Муса бєткєл Ысрайыл элине ал ырды аягына чейин ырдап берди:
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible