Скрыть
3:4
3:5
3:10
3:13
3:23
3:29
Биз ал жерден бурулуп, Башанга бет алдык. Башан падышасы Ог љз эли менен Эдрейдин жанында бизге каршы согуш ачты.
Ошондо Тењир мага: “Андан коркпо, анткени аны бєт эли-жери менен кошо сенин колуња салып берем. Сен Кешпондо жашаган Амор падышасы Сихонду кандай кылсањ, аны да ошондой кыласыњ”, – деди.
Анан Кудай-Тењирибиз Башан падышасы Огду бардык эли менен биздин колубузга салып берди. Биз алардын эч кимисин тирєє калтырбай кырып салдык.
Биз ошол учурда анын бардык шаарларын басып алдык. Алардын биз басып албаган бир да шаары калган жок. Алтымыш шаарды, аргоптуктардын бєт аймагын, Башан падышасы Огдун падышачылыгын басып алдык.
Бул шаарлардын бардыгы бийик дубалдар менен курчалган, дарбазалары бекем кулпулар менен бекитилген шаарлар экен. Булардан сырткары дубал менен курчалбаган кљптљгљн шаарларды басып алдык.
Кешпон падышасы Сихондун бєт шаарларын талкалап, эркектерин, аялдарын, балдарын кырып салгандай, аларды да талкалап, элин кырып салдык.
Ал эми алардын шаарларындагы мал-мєлкєн олжолоп алдык.
Биз ошол учурда аморлук эки падышанын колунан Иордандын берки љйєзєндљгє Арнон суусунан Хермон тоосуна чейинки жерлерди тартып алдык.
Сидондуктар Хермонду Сирион дешет, аморлуктар болсо аны Сенир дешет.
Тєздєктљгє бардык шаарларды, бєткєл Гилат жерин, Салха менен Эдрейге чейинки бєткєл Башан жерин, Башан падышасы Огдун шаарларынын бардыгын басып алдык.
Репалыктардын ичинен Башан падышасы Ог гана калды. Анын жаткан орду темирден, ал азыр амондуктар жашаган Рабеде турат. Эркектердин чыканагы менен ченегенде, анын узундугу тогуз чыканак, туурасы тљрт чыканак.
Биз ошол учурда Арнон суусунун жээгиндеги Аройерден тартып Гилат тоолоруна чейинки шаарларды басып алдык. Гилат тоосунун жарымын шаарлары менен Рубейин, Гат урууларына бердим.
Ал эми Гилаттын калган жарымын, Ог падышачылык кылган бєт Башан жерин, Башан жериндеги Аргоп аймагын Менашенин жарым уруусуна бердим.
Менашенин уулу Жайыр Гешур менен Маах чегине чейин жаткан бєткєл Аргоп аймагын басып алып, Башан аймагын љз аты менен Жайыр кыштактары деп атады. Ал азыр да ушундай аталат.
Махирге мен Гилатты бердим.
Ал эми Рубейин менен Гат уруусуна Гилаттан Арнон суусуна чейин, Арнондон Амон уулдарынын чек арасы болгон Жабок суусуна чейин бердим.
Ошондой эле Кинереттен тартып чыгышты карай кеткен Пизги тоосунун этегинде жаткан Туздуу дењизге чейинки тєздєктє жана батыш чек арасы болуп эсептелген Иорданды бердим.
Мен ошол учурда силерге мындай буйрук бергем: “Кудай-Тењирињер ушул жерлерди бєт бойдон силердин энчињерге берди. Согушка жараганыњардын баары куралданып, бир тууганыњар болгон Ысрайыл уулдарынын алдында жљнљгєлљ.
-20 Тењир силерге берген тынчтыкты бир туугандарыњарга да бермейинче жана алар Кудай-Тењирињер берип жаткан Иордандын аркы љйєзєндљгє жерлерди ээлеп алышмайынча, аялдарыњар, балдарыњар, малыњар гана мен берген шаарларда калышсын. Ээлеп алышкандан кийин гана ар бирињер мен берген љз энчињерге кайтып келесињер”.
Ошол учурда Жашыяга да мындай осуят бергем: “Кудай-Тењирињер ушул эки падышаны эмне кылганын љз кљзєњ менен кљрдєњ. Тењир сен басып љтљ турган падышачылыктарды да ошондой кылат.
Алардан коркпогула, анткени силердин Кудай-Тењирињер силер єчєн Љзє кєрљшљт”.
Мен ошол учурда Тењирге мындай деп сыйынгам:
“О Эгедер Тењирим, Сен Љз кулуња Љзєњдєн улуулугуњ менен кєчтєє колуњду кљрсљтљ баштадыњ, анткени асманда да, жерде да Сен кылган иштерди кыла ала турган, Сенин кудуретињди кљрсљтљ ала турган кудай жок!
Мени Иордандын аркы љйєзєнљ љткљрєп, жер соорусун, эњ кооз тоону жана Лебанонду кљрсљт”.
Бирок Тењир силердин айыњардан мага каарданып, мени укпай, мага мындай деди: “Болду, жетишет, мындан ары Мага ал тууралуу айтпа.
Пизги тоосунун чокусуна чыгып, дењиз жакка, тєндєккљ, тєштєккљ, чыгышка кљз чаптырып, љз кљзєњ менен кљрєп ал, анткени сен мына бул Иордандан ары љтпљйсєњ.
Жашыяга акыл-насаат айтып, дем-кєч берип бекемде, анткени ал элди жетектеп, сен кљз чаптырып кљрљ турган жерди аларга энчилеп бљлєп берет”.
Ошентип, биз Бейт-Пейордун каршысындагы љрљљнгљ келип токтодук.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible