Скрыть
2:2
2:6
2:11
2:15
2:16
2:17
2:18
2:20
2:22
2:24
2:27
2:29
2:32
2:35
2:37
Биз кайра артка кайрылып, Тењирдин мага айтканы боюнча Кызыл дењизди карай кеткен жол менен чљлгљ жљнљдєк. Ошентип, биз Сеир тоосунун тегерегинде кљпкљ жєрдєк.
Анан Тењир мага мындай деди:
“Бул тоонун тегерегинде жетишерлик эле жєрдєњљр, тєндєктє карай кеткиле.
Элге мындай буйрук бер: «Силер Сеирде жашаган бир тууганыњар Эйсаптын уулдары жашаган жерлерден љтљсєњљр. Алар силерден коркушат, бирок алар менен согушпагыла, сак болгула.
Мен силерге алардын жеринен алакандай да жер бербейм, анткени Сеир тоосун Эйсаптын карамагына бергем.
Тамакты алардан кємєшкљ сатып алып жегиле, сууну алардан кємєшкљ сатып алып ичкиле.
Анткени Кудай-Тењирињ сенин бардык ишиње батасын берип, ушул эбегейсиз чоњ чљлдљ жер кезип жєргљнєњдљ калкалап келген. Кудай-Тењирињ сени менен кырк жыл бирге болду. Сен эч нерседен кем болгон жоксуњ»”.
Ошентип, биз Эйлат менен Этсион-Геберден чыгып, Сеир тоосунда жашаган бир тууганыбыз Эйсаптын уулдарынын жанынан тєздєк менен Маап чљлєнљ бет алдык.
Тењир мага мындай деди: “Мааптыктар менен касташпа да согушпа. Мен сенин карамагыња анын жеринен бербейм, анткени Ар шаарын Лот уулдарынын энчисине бергем.
Мурун ал жерде Анактын уулдарындай алп, узун бойлуу, кљп сандаган эймимдер жашаган.
Алар репалыктардын арасында Анактын уулдары болуп эсептелишчє. Мааптыктар болсо аларды эймимдер дешет.
Сеирде болсо мурун хориликтер жашачу, бирок Эйсаптын уулдары ал жерди тартып алышкан. Ысрайыл эли Тењир мураска берген жерди кантип ээлеп алса, Эйсаптын уулдары да аларды жок кылып, алардын жерин ошентип ээлеп алышкан”.
Тењир мага: “Жыйналып, Зерет љрљљнєнљн љткєлљ”, – деди. Ошондо биз Зерет љрљљнєнљн љттєк.
Биз Кадеш-Барнейиден чыгып, Зерет љрљљнєнљн љткљнгљ чейин отуз сегиз жыл љттє. Биздин арабыздагы согушка жараган эркек аттуунун баары кырылды, анткени Тењир аларга ушундай убада берген.
Биздин арабыздан аларды жок кылыш єчєн, алар кырылып жок болгончо, Тењир Љз колун алардын єстєнљн алган жок.
Согушка жараган эркек аттуунун баары љлгљндљн кийин,
Тењир мага мындай деди:
“Сен азыр Маап чек арасы Ардын жанынан љтєп,
амондуктарга жакындап калдыњ. Алар менен касташпа да согушпа. Мен сенин энчиње амондуктардын жеринен бербейм, анткени ал жерди Лоттун уулдарынын энчисине бергем”.
Ал жер репалыктардын да жери болуп эсептелчє. Мурун ал жерде репалыктар жашачу. Амондуктар болсо аларды зумзумдуктар дешет.
Алар Анактын уулдарындай алп, узун бойлуу, кљп сандаган эл болгон. Тењир аларды амондуктардын кљз алдында кырып салган. Амондуктар алардын жерин ээлеп алып, ошол жерге отурукташып калышкан.
Тењир Сеирде жашаган Эйсаптын уулдарынын кљз алдында хориликтерди кырып салгандай эле, амондуктар да аларды кууп, алардын жерине отурукташып, бєгєнкє кєнгљ чейин жашап калышты.
Каптордон чыккан капторлуктар да Азанын тегерегиндеги айыл-кыштактарда жашаган абахтыктарды кырып, алардын ордуна отурукташып алышты.
Тењир мага: “Жыйналып, жолго чыккыла да, Арнон суусунан љткєлљ. Эми Мен Кешпон падышасы аморлук Сихонду жери менен кошо колуња берем. Ал жерди ээлей башта, аларга каршы согуш ач.
Мен бєгєндљн баштап жер єстєндљгє элдерди сенден коркуп, єрљйє уча тургандай кылам. Сен жљнєндљ уккандар сенден коркуп, єрљйє уча турган болушат”, – деген.
Анан мен Кедемот чљлєнљн Кешпон падышасы Сихонго тынчтык жљнєндљ сєйлљшкљнє элчилерди жљнљттєм. Алар ага мындай деп айтышты:
“Сенин жерињен љтєєгљ уруксат эт. Мен жол менен љтљм, оњго да, солго да кайрылбайм.
Тамак-ашты мага кємєшкљ сат, сатып алып жейин; сууну да кємєшкљ сат, сатып алып ичейин да, бутум баскан жер менен гана љтєп кете берейин.
Сеирде жашаган Эйсаптын уулдары менен Арда жашаган мааптыктар мага кандай кылышса, Кудай-Тењирибиз берип жаткан жерге Иордан аркылуу љтєп кеткенче, сен да ошондой кыл”.
Бирок Кешпон падышасы Сихон бизди љз жеринен љткљрєєгљ макул болгон жок, анткени Кудай-Тењир аны сенин колуња салып бериш єчєн, љзєњ кљрєп тургандай, аны катаалдантып, љжљрлљнтєп салган.
Анан Тењир мага мындай деди: “Эми Мен сага Сихонду жери менен кошо колуња салып бере баштайм, анын жерин ээлей башта”.
Ошондо Сихон бєт эли менен бизге каршы Жааста согуш ачты.
Кудай-Тењирибиз аны биздин колубузга салып берди, биз анын љзєн да, балдарын да, бєт элин кырып салдык.
Биз ошол учурда анын бардык шаарларын басып алып талкалап салдык, эркектерин да, аялдарын да, балдарын да тирєє калтырган жокпуз.
Бирок биз басып алган шаарлардагы алардын мал-мєлкєн олжолоп алдык.
Арнон суусунун жээгиндеги Аройер шаарынан тартып љрљљндљ жайгашкан шаардан тартып Гилатка чейин биз басып албаган бир да шаар калган жок. Бардыгын Кудай-Тењирибиз биздин колубузга салып берди.
Кудай-Тењирибиз бизге тыюу салган амондуктардын жерине, Жабок суусунун тегерегиндеги жерлерге, тоо койнундагы шаарларга гана жакындаган жоксуњ.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible