Скрыть
15:2
15:3
15:14
15:15
15:17
15:18
Жетинчи жылы кечирим кыл.
Кечирим тљмљнкєлљрдє камтыйт: жакынына же бир тууганына карыз берген ар бир адам карызын кечирсин, тљлљтєп албасын, анткени ал кечирим Тењир єчєн жарыяланган.
Бљтљн жерликтен тљлљтєп ал, ал эми бир тууганыња берген карызыњды кечир.
Сен жашаган жерде жакырлар болбойт, анткени мурастап алышыњ єчєн энчиње берип жаткан жерге Кудай-Тењирињ батасын берет.
Эгерде бєгєн мен сага берип жаткан осуяттардын бардыгын аткарып, Кудай-Тењирињдин єнєн уга турган болсоњ,
Кудай-Тењирињ Љзє айткандай, батасын берет, ошондо сен кљп элдерге карыз бересињ, љзєњ карыз албайсыњ. Кљп элдерге єстљмдєк кыласыњ, алар сага єстљмдєк кылышпайт.
Эгерде Кудай-Тењирињ сага берип жаткан жерде сага жакын жашаган бир туугандарыњдын ичинен кимдир бирљљ жакыр болсо, анда жакыр бир тууганыња таш боор болбо, колуњду жумба.
Колуњду ачып, анын муктаждыгына жараша карыз бер.
Сак бол, сага “Жетинчи жыл жакындап келе жатат, ал – кечирим жылы” деген жаман ой келип, жакыр бир тууганыња кайрымсыз болуп, кечирим кылбай койбо, болбосо ал сага нааразы болуп, Тењирге боздоп жиберет, ошондо сен кєнљљкљр болуп каласыњ.
Ага карыз бер, карыз берип жатканда, ичињ оорубасын. Ошондо Кудай-Тењир сенин бардык иштериње, кыла турган иштериње батасын берет.
Анткени жардылар сенин жерињде дайыма болот, ошондуктан мен сага буйрук кылам: љз жерињдеги бир тууганыња, жакырга колуњ дайыма ачык болсун.
Эгерде сенин бир тууганыњ эврей же эврей аял љзєн сага сата турган болсо, анда ал сага алты жыл кул болсун, ал эми жетинчи жылы аны боштондукка чыгар.
Сен аны боштондукка чыгарганыњда, куру кол чыгарба.
Ага Кудай-Тењирињ батасын берген малыњдан, эгинињден, жєзємєњдєн ширесинен бер.
Сен да Мисир жеринде кул болгонуњду, Кудай-Тењирињ сени куткарып алганын эсињден чыгарба. Ошондуктан мен ушуну бєгєн сага осуяттап жатам.
Ал кул сенин єйєњдљ жакшы жашагандыктан, сага: “Сеникинен кетпейм, себеби мен сени жана сенин єйєњдє жакшы кљрљм”, – десе,
анда шибеге алып, ал кулду эшиктин кашегине алып барып, кулагын кљзљп кой. Ошондо ал тєбљлєккљ сенин кулуњ болуп калат. Кєњєњдє да ошондой кыл.
Аны боштондукка чыгаруу сен єчєн оор болбосун, анткени ал сага алты жылдын ичинде жалданма жумушчудан эки эсе кљп иштеп берди. Ошондо сенин кыла турган ишињдин бардыгына Кудай-Тењирињ батасын берет.
Бодо жана майда малыњдын биринчи эркек тљлєнєн бардыгын Кудай-Тењириње арна. Љгєздєн биринчи тљлєн жумушка чекпе, майда малыњдын биринчи тљлєн кыркпа.
Аларды Тењир тандап алган жерде жыл сайын єй-бєлљњ менен союп же.
Эгерде алардын кемчилиги болсо, аксак же сокур болсо, же башка кемчилиги болсо, анда андай малды Кудай-Тењириње курмандыкка чалба.
Аны љз єйєњдљ же. Жейрендин же бугунун этин жегендей эле, аны таза эмес да, таза да адам жей берсе болот.
Анын канын гана жебе, аны суу тљккљндљй эле жерге тљгєп сал.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible