Скрыть
1:3
1:5
1:11
1:12
1:13
1:14
1:18
1:20
1:23
1:26
1:34
1:36
1:45
Иордандын аркы љйєзєндљгє Паран менен Топелдин, Лабан менен Хатсейроттун жана Ди-Забамдын аралыгында жайгашкан Суфтун каршысындагы тєзљњ чљлдљ Мусанын Ысрайыл элине айткан сљздљрє.
Хорептен Сеир тоосу аркылуу Кадеш-Барнейиге чейин он бир кєндєк жол.
Ысрайыл элинин Мисирден чыкканына кырк жыл болгондо, он биринчи айдын биринчи кєнє Тењир эмнени буйруса, ошонун бардыгын Муса Ысрайыл уулдарына айтты.
Муса бул мыйзамды Кешпондо жашаган Амор падышасы Сихонду жана Эдрейдеги Аштаротто жашаган Башан падышасы Огду љлтєргљндљн кийин,
Иордандын аркы љйєзєндљ, Маап жеринде мындай деп тєшєндєрљ баштады:
«Кудай-Тењирибиз Хорепте бизге мындай деп айткан эле: “Бул тоодо жетишерлик жашадыњар.
Жолго чыккыла, аморлуктар жашаган тоого, аларга коњшулаш жаткан тєздєккљ, тоолорго, ойдуњ жерлерге, тєштєк аймагына, дењиз жээгине, Канаан жерине, Лебанонго, атєгєл, улуу Эфрат дарыясына чейин баргыла.
Мен силердин ата-бабаларыњар Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка жана алардын укум-тукумуна берем деп убада кылган жерди силерге бердим. Барып, ал жерди мураска алгыла”.
Мен силерге ошол учурда: “Мен силерди љзєм жалгыз алып бара албайм.
Кудай-Тењирињер силерди кљбљйттє. Силер азыр асмандагы жылдыздардай кљбљйдєњљр.
Ата-бабаларыњардын Кудай-Тењири силерди азыркыдан мињ эсе кљбљйтсєн. Ал Љзє айткандай, силерге батасын берсин.
Силердин кыйынчылыктарыњарды, тєйшєктљрєњљрдє, чыр-чатактарыњарды љзєм жалгыз кантип кљтљрљм?
Ар бир уруудан акылдуу, эстєє, сындан љткљн адамдарды тандап алгыла, мен аларды силерге эл башчы кылып коёюн”, – дегем.
Ошондо силер мага: “Жакшы нерсени айтып жатасыњ”, – дегенсињер.
Мен силердин ар бир урууњардан акылдуу, сындан љткљн, белгилєє адамдарды алып, урууларыњарга мињ башы, жєз башы, элєє башы, он башы, кљзљмљлчє кылып койгом.
Мен ошондо силердин башкаруучуларыњарга мындай буйрук бергем: “Бир туугандарыњардын талаш-тартыштарын угуп, бир тууганыњар менен бир тууганыњардын ортосунда, бир тууганыњар менен келгиндин ортосунда адилет сот жєргєзгєлљ.
Сот ишинде бет карамалык кылбагыла, чоњ-кичине дебей, бирдей уга билгиле. Эч кимден коркпогула, анткени сот жєргєзєє – Кудайдын иши. Силер єчєн оор болгон ишти мага айткыла, аны мен угайын”.
Мен ошондо силерге аткарышыњар керек болгон бардык ишињер жљнєндљ буйрук бергем.
Ошентип, биз Кудай-Тењирибиз буйругандай, Хорептен чыгып, аморлуктардын тоосун кљздљй, силер кљргљн ушул эбегейсиз чоњ, коркунучтуу чљлдє басып, Кадеш-Барнейиге келдик.
Ошондо мен силерге мындай дегем: “Силер Кудай-Тењирибиз берип жаткан аморлуктардын тоосуна келдињер.
Кудай-Тењирињ бул жерди сага берди, ата-бабаларыњардын Кудай-Тењири айткандай, бар да, ал жерди ээлеп ал. Коркпо да єрљйєњдє учурба”.
Бирок баарыњар мага келип: “Ал жерди байкап келе турган, биз жєрљ турган жолдорду, биз бара турган шаарларды кљрєп, алар тууралуу маалымат алып келе турган адамдарды љзєбєздљн мурда жљнљтљлє”, – дегенсињер.
Бул сљз мага жагып, ар бир уруудан бирден адам – он эки адам тандагам.
Алар жљнљп кетишти. Тоого чыгып, Эшкол љрљљнєнљ барып, ал жерди карап чыгышты.
Ал жердин тєшємєнљн бизге алып келишти. Маалымат беришти да: “Кудай-Тењирибиз бизге берип жаткан жер жакшы жер экен”, – деп айтышты.
Бирок силер баргыњар келбей, Кудай-Тењирињердин буйругуна каршы болдуњар.
Чатырларыњарда отуруп алып, минтип наалыдыњар: “Тењир бизди жек кљргљндєктљн, аморлуктардын колуна салып берип, кырып салуу єчєн, Мисир жеринен алып чыгыптыр.
Эми биз кайда барабыз? Бир туугандарыбыз жєрљктє тєшєрєп: «Ал эл бизден кљп да, чоњ да экен. Алардын шаарлары чоњ, бийик дубалдар менен курчалган экен. Биз ал жерден Анактын алп уулдарын да кљрдєк», – дешти”.
Ошондо мен силерге мындай дегем: “Жєрљгєњљр тєшпљсєн, алардан коркпогула.
Кудай-Тењирињер силердин алдыњарда бара жатат. Анын Мисир жеринде силер єчєн кандай кєрљшкљнєн кљрдєњљр, эми да так ошондой кєрљшљт.
Сен чљлдљн бул жерге жеткенге чейин, жолду катар Кудай-Тењирињ сени атасы баласын кљтљргљндљй кљтљрєп келгенин кљрдєњ”.
Бирок силер ошондо да Кудай-Тењирињерге ишенген жоксуњар.
Ал силерге токтогонго жай таап, тєн ичинде от болуп, кєндєз булут болуп жол кљрсљтєп, силердин алдыњарда жєрдє.
Тењир силердин сљздљрєњљрдє укканда, каарданып, мындай деп ант берген:
“Мен силердин ата-бабаларыњарга берем деп убада кылган жер соорусун бул элдин ичинен, бул ниети жаман тукумдун ичинен эч ким кљрбљйт.
Аны Жепундун уулу Калеп гана кљрљт. Тењирге баш ийгендиги єчєн, басып љткљн жерин ага жана балдарына берем”.
Силердин айыњардан Тењир мага да каарданып, мындай деди: “Ал жерге сен да кирбейсињ.
Ал жерге сенин жаныњдагы Нундун уулу Жашыя кирет. Аны дайында, анткени ал Ысрайылды ошол жерди ээлеткени алып барат.
Ал жерге душманга олжо болуп калат деген балдарыњар, жаман-жакшыны ажырата билбеген уулдарыњар барат. Ал жерди аларга берем, ал жерди ошолор ээлешет.
Силер болсо артыњарга кайрылып, Кызыл дењизди карай кеткен жол менен чљлгљ жљнљгєлљ”.
Ошондо силер мага: “Биз Тењирдин алдында кєнљљгљ баттык, Кудай-Тењирибиз бизге буйругандай, барабыз да салгылашабыз”, – деп, ар кимињер согуш куралын асындыњар, тоого чыкканды оњой кљрдєњљр.
Бирок Тењир мага мындай деди: “Аларга мындай деп айт: «Тоого чыкпагыла, салгылашпагыла, анткени Мен силер менен болбойм, душманыњар силерди кыйратып салат»”.
Мен силерге айткам, бирок силер мени укпай, Тењирдин буйругуна каршы чыктыњар, љжљрлєк кылып тоого чыктыњар.
Ошондо ошол тоодо жашаган аморлуктар силерге каршы чыгып, силерди Сеир тоосунан Хорманын љзєнљ чейин аары талагандай артыњардан кууп барып талкалады.
Силер кайрылып келип, Тењирдин алдында ыйладыњар, бирок Тењир силердин ыйыњарды уккан жок, силерге кљњєл бурган жок.
Ошентип, силер Кадеште кљп убакыт туруп калдыњар.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible