Скрыть
9:1
9:2
9:3
9:5
9:7
9:10
9:11
9:12
9:13
9:14
9:15
9:16
9:17
9:18
9:19
9:20
9:21
Бешинчи периште сурнай тартканда, мен асмандан жерге тєшкљн жылдызды кљрдєм. Ал жылдызга тєпсєз туњгуюктун ачкычы берилди.
Ал тєпсєз туњгуюкту ачканда, чоњ мештен тєтєн чыккансып, андан тєтєн чыкты. Тєпсєз туњгуюктан чыккан тєтєндљн улам, аба карарып, кєн кљрєнбљй калды.
Ошондо тєтєндљн жер єстєнљ чегиртке чыкты, ага жер єстєндљгє чаяндыкындай бийлик берилди.
Ал чегирткеге мындай деп айтылды: «Жер єстєндљгє чљпкљ, эч бир љсємдєккљ, эч бир даракка зыян келтирбе, чекесинде Кудайдын мљљрє жок адамдарга гана зыян келтир».
Ага аларды љлтєрєєгљ эмес, беш ай кыйноого гана уруксат берилди. Чаян чакканда адам кандай кыйналса, анын кыйноосу да ошондой эле.
Ошол кєндљрдљ адамдар љлємдє издешет, бирок таба алышпайт; алар љлємдє каалашат, бирок љлєм алардан качып кетет.
Чегирткенин сырткы кљрєнєшє согушка даярдалган аттардай эле. Анын баштарында алтын таажыларга окшогон нерселер бар эле, анын беттери болсо адам баласынын бетиндей эле.
Чачтары аялдын чачындай, тиштери арстандын тишиндей эле.
Анын кийгени темир соотко окшогон сооттор эле, ал эми канаттарынын шуулдоосу согушка бара жаткан, кљп атка чегилген арабалардын калдыраганына окшош эле.
Анын чаяндыкындай куйруктары, куйруктарында болсо уусу бар эле. Ага адамдарды беш ай кыйноого бийлик берилди.
Анын падышасы туњгуюктун периштеси эле. Ал периштенин аты эврейче Абадон, ал эми грекче Аполион экен.
Биринчи кайгы љтєп кетти. Мына, анын артынан дагы эки кайгы келе жатат.
Алтынчы периште сурнай тартканда, мен Кудайдын алдында турган, алтындан жасалган курмандык чалынуучу жайдын тљрт мєйєзєнљн чыккан бир єндє уктум.
Ал єн сурнай кармап турган алтынчы периштеге: «Улуу Эфрат дарыясынын боюнда байланып турган тљрт периштени бошот», – деди.
Ушул жылга, ушул айга, ушул кєнгљ жана ушул саатка даярдалган тљрт периште адамдардын єчтљн бир бљлєгєн љлтєрєє єчєн бошотулду.
Атчан аскерлердин саны эки жєз миллион экенин уктум.
Ошентип, мен кљрєнєштљ аттарды жана аларга мингендерди кљрдєм. Атчандардын оттой кызыл, кара кљк жана кєкєрттљй сары сооттору бар эле. Аттардын баштары арстандын башындай эле. Алардын ооздорунан от, тєтєн жана кєкєрт чыгып турду.
Алардын ооздорунан чыккан бул єч жазадан – оттон, тєтєндљн жана кєкєрттљн адамдардын єчтљн бир бљлєгє кырылды.
Анткени бул аттардын кєчє ооздорунда жана куйруктарында эле. Алардын куйруктары жыландарга окшош эле. Жыландардын баштары бар болчу, ошолор менен зыян келтиришчє.
Бул єч жазадан љлбљгљн адамдар болсо жиндерге жана љздљрєнєн колу менен алтындан, кємєштљн, жезден, таштан, жыгачтан жасалган, кљрбљгљн, укпаган, баспаган кудайларга табынышканы єчєн љкєнєп тобо кылышкан жок.
Алар љздљрєнєн киши љлтєрєшкљнє єчєн да, сыйкырчылык кылышканы єчєн да, ойноштук кылып нике бузушканы єчєн да, уурулук кылышканы єчєн да љкєнєп тобо кылышкан жок.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible