Скрыть
22:3
22:8
22:19
22:20
22:21
Анан ал мага Кудайдын жана Козунун тактысынан агып чыгып жаткан љмєр суусунун кристаллдай тунук дарыясын кљрсљттє.
Анын кљчљсєнєн ортосунда, дарыянын аркы тарабында да, берки тарабында да љмєр дарагы љсєп туруптур. Ал ай сайын, бир жылда он эки жолу жемиш берет экен. Анын жалбырактары элдерди айыктырууга арналыптыр.
Ал шаарда каргышка калган эч нерсе болбойт. Ал жерде Кудайдын жана Козунун тактысы болот, Ага Љзєнєн кулдары кызмат кылышат.
Алар Анын жєзєн кљрєп турушат, алардын чекесинде Анын ысымы жазылуу болот.
Ал жерде тєн болбойт, алар шам чырактын жарыгына же кєндєн жарыгына муктаж болушпайт, анткени Кудай-Тењир Љзє алардын єстєнљн жаркырап турат. Алар тєбљлєккљ падышачылык кылышат.
Анан ал мага мындай деди: «Бул сљздљр туура жана чындык, ыйык пайгамбарлардын Кудай-Тењири жакында эмне боло тургандыгын Љзєнєн кулдарына кљрсљтєє єчєн, Љзєнєн периштесин жиберди».
Ыйса мындай дейт: «Мына, Мен жакында келем. Бул китептеги пайгамбарчылыктарды карманган адам бактылуу».
Мен, Жакан, ушуну кљрдєм жана уктум. Мен муну уккандан кийин жана кљргљндљн кийин, мага ушуну кљрсљткљн периштеге таазим кылуу єчєн, бутуна жыгылдым.
Бирок ал мага мындай деди: «Мындай кылба, анткени мен сенин, сенин бир туугандарыњ болгон пайгамбарлардын жана ушул китептеги сљздљрдє сактагандардын кызматташымын. Кудайга таазим кыл».
Анан ал мага мындай деди: «Бул китептеги пайгамбарчылыктарга мљљр басып бекитпе, анткени убакыт жакындап калды.
Адилетсиз иштерди жасаган адам адилетсиз иштерин жасай берсин, ыпылас адам ыпылас иштерин жасай берсин. Ал эми адил адам адил иштерин жасай берсин, ыйык адам ыйыктала берсин».
Ыйса мындай дейт: «Мына, Мен жакында келем. Ар бир адамга иштерине жараша бере турган сыйлыгымды ала келем.
Мен Альфамын жана Омегамын, биринчимин жана акыркымын, башымын жана аягымын.
Љмєр дарагынын жемишинен жегенге жана шаарга дарбаза аркылуу кирєєгљ укук алуу єчєн кийимдерин жуугандар бактылуу.
Шаардын сыртында болсо – иттер жана сыйкырчылар, бузулгандар жана киши љлтєргєчтљр, бутка табынуучулар, жалганды сєйєєчєлљр жана адилетсиз иштерди кылуучулар.
Мен, Ыйса, ушуну силерге Жыйындарда кєбљлљндєрєшє єчєн, Љзємдєн периштемди жибердим. Мен Дљљттєн тукумунан чыккан тањкы жарык жылдызмын».
Рух менен колукту: «Кел!» – дешет. Муну уккан да: «Кел!» – десин. Суусаган келсин, каалоочу љмєр суусун бекер эле алсын.
Мен, Жакан, бул китептеги пайгамбарчылыктарды уккан ар бир адамга эскертемин: ким аларга бир нерсе кошо турган болсо, Кудай ага бул китепте жазылган алааматтарды кошуп берет.
Ким бул пайгамбарчылыктар жазылган китептеги сљздљрдљн бир нерсе алып салса, Кудай андан љмєр дарагындагы жана ыйык шаардагы єлєшєн, ошондой эле бул китепте жазылган єлєшєн алып коёт.
Муну кєбљлљндєрєєчє мындай дейт: «Ооба, Мен жакында келем!» Оомийин. Ооба, кел, Тењир Ыйса!
Биздин Тењирибиз Ыйса Машайак бардыгыњарга ырайымын тљгљ берсин!
Оомийин.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible