Скрыть
21:10
21:11
21:13
21:16
21:17
21:18
21:20
21:21
21:22
21:26
Анан мен жањы асманды жана жањы жерди кљрдєм. Анткени мурунку асман менен мурунку жер жок болгон эле, дењиз да жок болгон.
Мен, Жакан, ыйык шаарды – жањы Иерусалимди кљрдєм. Ал кєйљљсє єчєн жасанган колуктудай даярдалып, асмандан, Кудайдан тєштє.
Анан мен асмандан мындай деген катуу єндє уктум: «Мына, Кудайдын жыйын чатыры адамдар менен бирге. Кудай алар менен жашайт, алар Анын эли болушат. Кудай Љзє алар менен болуп, алардын Кудайы болот.
Кудай алардын бардык кљз жашын аарчыйт. Љлєм деген болбойт. Ый деген, љкєрєк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары љтєп кеткен».
Анан тактыда Отурган мындай деди: «Мына, Мен бардыгын жањы жаратып жатам». Анан мага мындай деди: «Жаз, анткени бул сљздљр туура жана чындык».
Анан мага мындай деди: «Аткарылды! Мен Альфамын жана Омегамын, башымын жана аягымын. Суусаганга тирєє суунун башатынан сууну бекер берем.
Жењип чыккан адам бардыгын мураска алат, Мен анын Кудайы болом, ал Менин уулум болот.
Коркоктор жана ишенбегендер, кара ниеттер жана киши љлтєргєчтљр, бузулгандар жана сыйкырчылар, бутка табынуучулар жана бардык жалганчылар кєйєп жаткан кєкєрттєє кљлгљ ыргытылышат: бул – экинчи љлєм».
Акыркы жети алаамат толтурулган жети чљйчљк кармаган жети периштенин бири мага келип: «Жєр, мен сага колуктуну – Козунун єйлљнљ турган аялын кљрсљтљм», – деди.
Анан ал мени Рух аркылуу чоњ жана бийик тоого алып чыгып, асмандан, Кудайдан тєшкљн улуу, ыйык Иерусалим шаарын кљрсљттє.
Ал Кудайдын дањкына толуп турган эле. Анын шам чырагы асыл ташка, кристалл сыяктуу тунук яспис ташына окшош экен.
Анын чоњ жана бийик дубалы, он эки дарбазасы бар эле. Дарбазалардын єстєндљ он эки периште, дарбазалардын бетинде Ысрайыл уулдарынын он эки уруусунун аттары жазылыптыр:
чыгыш тарапта єч дарбаза, тєндєк тарапта єч дарбаза, тєштєк тарапта єч дарбаза, батыш тарапта єч дарбаза бар экен.
Шаардын дубалынын пайдубалы он эки таштан турат экен, алардын бетине Козунун он эки элчисинин ысымы жазылыптыр.
Мени менен сєйлљшкљндєн колунда шаарды, анын дарбазаларын жана дубалын ченей турган алтын таягы бар экен.
Шаар тљрт бурчтук тєрєндљ эле, анын узундугу менен туурасы бирдей экен. Ал шаарды таяк менен ченегенде, он эки мињ стадий болду: узундугу, туурасы жана бийиктиги бирдей.
Ал анын дубалын да ченеди: периште адамдар колдонгон чен менен ченегенде, бир жєз кырк тљрт чыканак болду.
Анын дубалы яспис ташынан тургузулуптур, шаар болсо тунук айнекке окшош таза алтындан эле.
Шаардын дубалынын пайдубалы ар кандай асыл таштардан экен: биринчи негизги таш – яспис, экинчиси – сапфир, єчєнчєсє – халкидон, тљртєнчєсє – зымырыт,
бешинчиси – сардоникс, алтынчысы – кызыл агат, жетинчиси – хризолит, сегизинчиси – берилл, тогузунчусу – топаз, онунчусу – сары зымырыт, он биринчиси – гиацинт, он экинчиси – аметист.
Он эки дарбазасы – он эки бермет. Ар бир дарбазасы љзєнчљ берметтен жасалган эле. Шаардын кљчљсє – тунук айнек сыяктуу таза алтын.
Мен ал шаардан ийбадаткананы кљргљн жокмун, анткени бардыгын кармап туруучу Кудай-Тењир жана Козу анын ийбадатканасы экен.
Шаар кєндєн да, айдын да жарык кылып туруусуна муктаж эмес экен, анткени аны Кудайдын дањкы жарык кылып турду, анын шам чырагы – Козу Љзє.
Куткарылган элдер анын жарыгы астында басып жєрєшљт, жер єстєндљгє падышалар љздљрєнєн атак-дањкын шаарга алып келишет.
Анын дарбазалары кєндєз бекитилбейт, анткени ал шаарда тєн болбойт.
Ал шаарга элдердин атак-дањкын жана урмат-сыйын алып келишет.
Ал шаарга эч бир таза эмес нерсе кирбейт, жийиркеничтєє жана жалган иштерди жасаган эч бир адам кирбейт, ысымы Козунун љмєр китебине жазылгандар гана киришет.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible