Скрыть
7:1
7:2
7:4
7:5
7:7
7:11
7:18
7:19
7:22
7:23
7:25
7:27
7:28
7:29
7:31
7:32
7:33
7:34
7:36
7:39
7:41
7:49
7:54
7:56
7:57
Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу Степандан: «Ушул чынбы?» – деп сурады.
Степан мындай деп жооп берди: «Агайын-туугандар жана аталар! Сљзємљ кулак салгылачы. Атабыз Ыбрайым Месопотамияда жашап турганында, Харанга кљчєп кете элегинде, ага дањктуу Кудай келип:
“Љз жерињден, тууган-уругуњдан, атањдын єйєнљн чыгып, Мен кљрсљтљ турган жерге баргын”, – деди.
Ошондо ал Каздим жеринен чыгып, Харанга келип отурукташты. Атасы љлгљндљн кийин, Кудай аны ал жактан азыр силер жашап жаткан ушул жерге кљчєрдє.
Ал жерден Ыбрайымга бир карыш жер да мурас кылып берген эмес, бирок ал балалуу боло элек болсо да, Кудай ал жерди ага жана анын кийинки тукумуна энчилеп берєєнє убада кылды.
Кудай ага: “Сенин тукумуњ жат жерде келгин эл болот, аларды кулга айландырып, тљрт жєз жыл кысымга алышат.
Бирок аларды кулга айландырган элди Мен Љзєм жазалайм, ошондон кийин алар ал жерден чыгып, ушул жерде Мага кызмат кылышат”, – деди.
Кудай аны менен келишим тєзєп, келишимдин белгиси катары ага сєннљткљ отургузуу парызын берди. Ыбрайым Ыскак деген уулдуу болуп, аны сегизинчи кєнє сєннљткљ отургузду. Ыскактан Жакып тљрљлдє, Жакыптан Ысрайыл элинин он эки уруусунун тєпкє аталары тљрљлдє.
Алар кљрљ албастык кылып, Жусупту Мисир жерине кулчулукка сатып жиберишти, бирок Кудай аны менен болду.
Аны бардык кыйынчылыктарынан куткарып, ага акылмандык берип, Мисир падышасы фараондон ырайым таптырды. Фараон аны бєт Мисирге жана љзєнєн падыша сарайына башчы кылып койду.
Мисир жана Канаан жеринде ачарчылык болуп, элди чоњ кайгы басты. Аталарыбыз нансыз калышты.
Бирок Жакып Мисирде эгин бар экендигин угуп, аталарыбызды ошол жакка жиберди. Бул алардын Мисирге биринчи жолку баруусу эле.
Алар Мисирге экинчи жолу барышканда, Жусуп бир туугандарына: “Мен силердин бир тууганыњармын”, – деп, ачык айтты. Ошентип, Жусуптун тууган-уругун фараон таанып калды.
Жусуп киши жиберип, атасы Жакыпты жана бєт тууган-уругун – жетимиш беш адамды чакыртып алды.
Ошентип, Жакып Мисирге кљчєп барды. Жакып да, аталарыбыз да ошол жерде кљз жумушту.
Алардын сљљгє Шекем жериндеги мєрзљгљ коюлду. Ыбрайым ал мєрзљнє Шекемдеги Хамор уулдарынан кємєшкљ сатып алган эле.
Кудайдын Ыбрайымга берген убадасынын аткарыла турган убагы жакындай берди. Элибиз да Мисир жеринде кљбљйєп жатты.
Кийин Жусуп жљнєндљ билбеген башка падыша тактыга келди.
Ошол падыша биздин элибизге каршы ар кандай айла-амалдарды колдонуп, кысым кљрсљттє. Элибиз кљбљйбљш єчєн, жањы тљрљлгљн балдарды сууга таштоого мажбурлады.
Ошол убакта Муса тљрљлдє, ал Кудайдын алдында абдан сєйкємдєє эле. Аны єч ай љз ата-энеси бакты.
Ал эми сууга ташталгандан кийин, аны фараондун кызы багып алып, љз уулундай тарбиялап љстєрдє.
Муса Мисирде ар тараптуу билим алып, сљзє љтємдєє, ишке жљндљмдєє адам болду.
Ал кырк жашында љзєнєн бир туугандары – ысрайылдыктарды кљрєп келєєнє чечти.
Барганда, алардын бирин бир мисирлик кордоп жатканын кљрєп, болуша кетти. Мисирликти љлтєрєп, кордук кљргљн ысрайылдык єчєн љч алды.
“Кудай мен аркылуу куткарарын бир туугандарым тєшєнљт”, – деп ойлоду ал. Бирок алар тєшєнєшкљн жок.
Эртеси кєнє Муса эки ысрайылдыктын бири-бири менен урушуп жатканын кљрєп, алардын жанына келди да, аларды элдештиргенге аракет кылып: “Силер бир туугансыњар да! Эмнеге бири-бирињер менен урушуп жатасыњар?” – деди.
Бирок љз жакынына кордук кљрсљтєп жаткан адам Мусаны тєртєп жиберип, мындай деди: “Ким сени бизге башчы кылып, соттоочу кылып койду эле?
Кечээ мисирликти љлтєрдєњ эле, бєгєн мени љлтєргєњ келип турабы?”
Бул сљздљрдє укканда, Муса Мисирден качып чыкты. Ал Мидиан жеринде келгин катары жашап турду. Ал жерде ал эки уулдуу болду.
Кырк жыл љткљндљн кийин, Синай тоосунан алыс эмес жердеги чљлдљ кєйєп жаткан тикендєє бадалдын жалынынан ага Тењирдин периштеси кљрєндє.
Муса бул кљрєнєштє кљрєп, тањ калды. Жакшылап караш єчєн, бадалга жакын барганда, ага Тењирдин єнє угулду:
“Мен сенин ата-бабаларыњдын Кудайымын, Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын Кудайымын”. Муса калтырап коркуп, жакшылап караганга даай алган жок.
Ошондо Тењир ага мындай деди: “Бут кийимињди чеч, анткени сен турган жер – ыйык жер.
Мен Мисирдеги элимдин тартып жаткан азабын кљрєп, онтогон єнєн угуп, аларды куткарыш єчєн, асмандан тєшєп келдим. Ошондуктан баргын, Мен сени Мисирге жиберемин”.
“Ким сени бизге башчы жана соттоочу кылып койду?” деген сљз менен четке кагылган ошол Мусаны Кудай тикендєє бадал ичинде кљрєнгљн периште аркылуу башчы кылып, куткаруучу кылып жиберди.
Ошол Муса Мисир жеринде, Кызыл дењизде жана кырк жыл бою чљлдљ кереметтерди жана ажайыптарды кљрсљтєп, аларды Мисирден алып чыкты.
Ошол Муса Ысрайыл уулдарына: “Кудай љзєњљрдєн бир туугандарыњардын ичинен мен сыяктуу бир Пайгамбарды чыгарат. Ошону уккула”, – деген.
Синай тоосунда љзєнљ сєйлљгљн периштенин сљздљрєн чљлдљ чогулган ата-бабаларыбызга айтып берген Муса ошол. Ал бизге айтып бериш єчєн, Кудайдан тирєє сљздљрдє кабыл алган.
Аталарыбыз ага баш ийєєнє каалашкан жок, тескерисинче, аны четке кагышты, жєрљктљрєн Мисирге буруп,
Арунга: “Бизди Мисир жеринен алып чыккан Муса деген неменин эмне болгондугун билбейбиз, ошондуктан бизди баштап жєрљ турган кудайларды жасап бер”, – дешти.
Ошентип, алар ошол кєндљрє алтындан музоо жасап, ошол жасалма кудайга курмандык чалып, љз колдору менен жасалган ишке кубанышты.
Ошондо Кудай алардан жєзєн буруп, асман кошуундарына табынган аларды жайына койду. Бул тууралуу “Пайгамбарлар” китебинде мындай деп жазылган: “Ысрайыл эли! Кырк жыл ичинде чљлдљ курмандыкка чалган малыњарды жана курмандыктарыњарды Мага арнадыњар беле?
Силер љзєњљр менен кошо Молох кудайыњардын чатырын жана Райпан деген жылдыз кудайыњарды алып жєрдєњљр. Силер ал буркандарды табынуу єчєн жасагансыњар, ошондуктан Мен силерди Бабылдан да ары кљчєрєп жиберем”.
Чљлдљ аталарыбыздын кєбљлєк чатыры бар эле. Муса ал чатырды Кудай буйругандай кылып, кљргљн єлгєсє боюнча жасаган болчу.
Љздљрєнєн ата-бабаларынан љткљрєп алган ал чатырды биздин ата-бабаларыбыз Жашыянын жетекчилиги менен кљтљрєп алып, ата-бабаларыбыздын алдынан Кудай Љзє кууп чыккан элдердин жерине алып киришчє. Дљљт падышанын убагына чейин ушундай болгон.
Кудайдын алдында ырайым тапкан Дљљт Жакыптын Кудайына арнап єй куруу єчєн, Анын Љзєнљн уруксат сураган.
Єйдє болсо Сулайман курду.
Бирок Бардыгынан Жогорку адамдын колу менен курулган ийбадатканаларда жашабайт. Кудай Љзє бир пайгамбар аркылуу мындай деп айткан:
“Асман Менин тагым, жер – буттарымды койгон орун. Силер Мага кандай єй тургузасыњар? Менин эс ала турган ордум кайсы жер?
Булардын баары Менин колум менен жаратылган эмеспи?” – дейт Тењир.
Тоњ моюндар! Жєрљктљрє менен кулактары сєннљт кылынбаган адамдар! Ата-бабаларыњарга окшоп, силер дайыма Ыйык Рухка каршы чыгасыњар.
Силердин ата-бабаларыњар куугунтуктабаган бир да пайгамбар болгон эмес. Ата-бабаларыњар Адилеттєєнєн келерин алдын ала жарыялагандарды љлтєрєшкљн, силер болсо чыккынчылык кылып, Аны љлтєрєп салдыњар.
Периштелер аркылуу берилген мыйзамды кабыл алгандар да, аны аткарбагандар да силерсињер».
Бул сљздљрдє укканда, алар ага кыжырданып, тиштерин кычыратышты.
Ыйык Рухка толгон Степан болсо асманга кљз жиберип, Кудайдын дањкын жана Кудайдын оњ жагында турган Ыйсаны кљрдє.
Ошондо ал: «Ачылган асманды жана Кудайдын оњ жагында турган Адам Уулун кљрєп жатам», – деди.
Бирок алар кулактарын жаап алып, катуу кыйкырып, аны кљздљй жапырт умтулушту.
Алар аны шаардын сыртына алып чыгып, таш барањга ала башташты. Кєбљлљр болсо љз кийимдерин Шабыл деген бир жаш жигиттин жанына коюп коюшту.
Алар таш менен уруп жатышканда, Степан: «Тењир Ыйса! Менин рухумду алчы», – деп сыйынды.
Анан чљгљлљп, катуу єн менен: «Тењир! Бул кєнљљнє алардын кєнљљсє катары эсептебе», – деди. Ушинтип айткандан кийин, ал жан берди.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible