Скрыть
21:1
21:2
21:3
21:6
21:7
21:12
21:15
21:16
21:17
21:18
21:19
21:21
21:22
21:23
21:26
21:27
21:29
21:31
21:32
21:34
21:35
21:36
21:37
21:40
Алар менен коштошкондон кийин, кеме менен тєз эле Кос кичи аралына бардык. Эртеси кєнє Родос аралына келип, ал жерден Патара шаарына бардык да,
Финикияга кете турган кемени таап, ага отуруп, жолго чыктык.
Кипр аралынын тєштєк тарабынан љтєп, Сирияны кљздљй багыт алдык да, Тир шаарына келип токтодук. Анткени бул жерден кемедеги жєктє тєшєрєшмљк.
Ал жерден шакирттерди издеп таап, алар менен жети кєн болдук. Алар Рухтун ачып берєєсє боюнча Пабылга: «Иерусалимге барбагын», – деп айтып жатышты.
Бирок бул кєндљр љткљндљн кийин, биз жолго чыктык. Алардын бардыгы, аялдары, балдары менен бирге бизди шаардын сыртына чейин узатып барышты. Дењиз жээгинде тизе бєгєп сыйындык.
Коштошкондон кийин, биз кемеге отурдук, алар болсо єйлљрєнљ кайтышты.
Тирден Птоломай шаарына келдик. Ошентип, биз кеме менен жол жєрєєнє токтоттук. Ал жерде бир туугандарга барып, алар менен бир кєн болдук.
Эртеси жолго чыгып, Кейсареяга келдик да, ал жерден Жакшы Кабар таратуучу Филиптин єйєнљ барып, аныкында калдык. Ал жети диакондун бири эле.
Анын пайгамбарчылык кылган, турмушка чыкпаган тљрт кызы бар эле.
Биз алардыкында бир нече кєн болдук. Ошол кєндљрдєн биринде Жєйєт аймагынан Агап деген бир пайгамбар келип,
биз отурган бљлмљгљ кирди да, Пабылдын курун алып, љзєнєн колу-бутун байлап, мындай деди: «Ыйык Рух мындай дейт: Иерусалимдеги жєйєттљр бул курдун ээсин ушинтип байлап, бутпарастардын колуна салып беришет».
Муну укканда, биз да, ал жердегилер да Пабылдан Иерусалимге барбоосун љтєндєк.
Бирок ал мындай деди: «Бул эмне кылганыњар? Эмнеге ыйлап, мени кайгыга салып жатасыњар? Мен Иерусалимде Тењир Ыйса єчєн туткундалууга гана эмес, љлєєгљ да даярмын».
Биз аны кљндєрљ албай койгондон кийин, «Тењирдин эрки болсун!» деп, унчукпай калдык.
Ошол кєндљрдљн кийин, биз жолго камынып, Иерусалимге жол тарттык.
Биз менен бирге кейсареялык бир нече шакирт да жолго чыкты. Алар бизди кипрлик Мнасондун єйєнљ ээрчитип барышты. Мнасон биринчи шакирттерден эле.
Иерусалимдеги бир туугандар бизди кубаныч менен кабыл алышты.
Эртеси кєнє биз Пабыл менен бирге Жакыпка бардык. Жыйын башчылары да келишти.
Алар менен учурашкандан кийин, Пабыл аларга љзєнєн кызматы аркылуу Кудай бутпарастар арасында эмнелерди кылганы жљнєндљ толугу менен айтып берди.
Алар анын сљзєн угуп, Кудайды дањкташты. Анан ага мындай дешти: «Бир тууган, љзєњ кљрєп тургандай, мињдеген жєйєттљр Ыйсага ишенип калышты, алардын баары Мусанын мыйзамын кызганчаактык менен коргошот.
Алар сен тууралуу: “Ал бутпарастар арасында жашаган бєт жєйєттљрдє: «Балдарыњарды сєннљткљ отургузбагыла, салтты кармабагыла», – деп, Мусанын мыйзамынан четтљљгљ єйрљтєп жатат”, – деп угушкан.
Эми эмне болот? Эл сенин бул жерге келгенињди угуп, сљзсєз чогулат.
Ошондуктан биздин айтканыбызды кыл: биздин арабызда назир болууга убада берген тљрт адам бар.
Аларды ийбадатканага ээрчитип барып, алар менен кошо тазалануу расмисинен љт. Алардын чач алдырыш єчєн чалган курмандыктарына кеткен чыгымын сен тљлљ. Ошондо жєйєттљрдєн бардыгы сен тууралуу уккан сљздљрєнєн туура эмес экендигин, љзєњ да мыйзамды сактап жєргљнєњдє билишет.
Ал эми бутпарастардын арасынан Ыйсага ишенип калгандарга: “Буркандарга чалынган курмандыкты, канды жана каны агызылбаган жан-жаныбардын, канаттуунун этин жебегиле, ошондой эле ойноштук кылбагыла”, – деп кат жазып, берип жибердик».
Ошондо Пабыл назир болууга убада берген тљрт кишини ээрчитип барып, алар менен бирге тазалануу расмисинен љттє. Эртеси кєнє ийбадатканага кирип, тазалануу кєндљрєнєн качан бєтљрєн, качан ар бири єчєн курмандык чалынарын жарыялады.
Жети кєндєк тазалануу расмиси аяктап калганда, асиялык жєйєттљр Пабылды ийбадатканадан кљрєп, бєт элди ага каршы тукурушту. Алар аны кармап алып:
«Ысрайыл эркектери, жардамга келгиле! Мына бул киши бардык жерде элибизге, мыйзамыбызга жана ушул ыйык жайга каршы окутуп жєрљт. Атєгєл, эллиндерди да ийбадатканага киргизип, бул ыйык жайды булгады», – деп кыйкырышты.
Анткени алар мындан мурун Пабылдын эфестик Трофим менен шаарда жєргљнєн кљрєп, ал аны ийбадатканага киргизди деп ойлоп калышкан.
Бєт шаар кыймылга келип, ар тараптан эл чогулду. Алар Пабылды ийбадатканадан сыртка сєйрљп чыгарышты. Ошол замат ийбадаткананын эшиктери бекитилди.
Алар аны љлтєрмљкчє болуп жатышканда, римдик мињ башыга «Бєт Иерусалим дєрбљлљњгљ тєшєп жатат» деген кабар жетти.
Мињ башы ошол замат аскерлерди жана жєз башыларды алып, аларды кљздљй жљнљдє. Алар мињ башыны жана аскерлерди кљргљндљ, Пабылды урганын токтотушту.
Ошондо мињ башы жакын келип, аны кармады да, эки чынжыр менен байлоого буйрук берди. Анан: «Бул ким? Эмне кылды эле?» – деп сурады.
Элдин арасынан бирљљ бирди айтып, экинчиси дагы бирди айтып кыйкырып жатышты. Ал болсо дєрбљлљњдљн улам, кимисиники чын экенин биле албай, аны аскерлер єйєнљ алып барууга буйрук берди.
Пабыл тепкичке жеткенде, аскерлер аны кљтљрєп чыгууга мажбур болушту. Анткени калыњ эл кысып,
алардын артынан калбай: «Ага љлєм!» – деп кыйкырып келе жатышкан.
Пабыл аскерлер єйєнљ кирип бара жатканда, мињ башыдан: «Сага бир нерсе айтсам болобу?» – деп сурады. Тиги болсо: «Сен грекче билесињби?
Мындан бир нече кєн мурун козголоњ чыгарып, тљрт мињ кылмышкерди чљлгљ алып чыккан мисирлик киши сен эмессињби?» – деди.
Пабыл болсо: «Мен жєйєтмєн, Киликия дубанынын белгилєє шаарларынын бири Тарстын атуулумун. Мага элге сєйлљгљнгљ уруксат берчи», – деди.
Ал уруксат берди. Ошондо тепкичтин єстєндљ турган Пабыл элге колу менен белги берди. Тынчтанып калышканда, аларга эврей тилинде сєйлљй баштады:
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible