Скрыть
19:3
19:5
19:7
19:8
19:9
19:12
19:13
19:14
19:16
19:17
19:19
19:22
19:23
19:24
19:25
19:27
19:28
19:30
19:31
19:32
19:34
19:35
19:36
19:37
19:38
19:39
19:40
Аполос Корунтта жєргљн убакта Пабыл бљксљ тоолордун єстєндљ жайгашкан љлкљлљрдє аралап љтєп, Эфеске келди да, ал жерден бир нече шакиртке жолугуп:
«Ыйсага ишенип калганыњарда Ыйык Рухту алдыњар беле?» – деп сурады. Алар болсо ага: «Ыйык Рухтун бар экенин да уккан эмеспиз», – деп жооп беришти.
Ошондо Пабыл алардан: «Анда силер кайсы чљмєлдєрєє менен чљмєлдєрєлдєњљр эле?» – деп сурады. Алар ага: «Жакандын чљмєлдєрєєсє менен», – деп жооп беришти.
Пабыл аларга мындай деди: «Жакан адамдарды тобо кылуу чљмєлдєрєєсє менен сууга чљмєлдєрєп: “Менден кийин келе жаткан Кишиге, атап айтканда, Машайак Ыйсага ишенгиле”, – деген».
Алар муну уккандан кийин, Тењир Ыйсанын ысымынын урматына сууга чљмєлдєрєлєштє.
Пабыл алардын єстєнљ колдорун койгондо, аларга Ыйык Рух тєштє. Ошондо алар ар кандай тилдерде сєйлљп, пайгамбарчылык кыла башташты.
Алардын саны он экиге жакын эле.
Пабыл синагогага кирип, Кудайдын Падышачылыгы жљнєндљ ишенимдєє далилдерди келтирип, єч ай бою тайманбастык менен жар салып жєрдє.
Бирок кээ бир адамдар љжљрлљнєп, Тењирдин жолу жљнєндљгє окутууну эл алдында жамандап, ишенбей коюшту. Ошондо Пабыл аларды таштап, шакирттерди бљлєп кетти да, кєн сайын Туран деген адамдын орто окуу жайында насаат айта баштады.
Бул эки жылга созулду, ошондуктан Асиянын бєт тургундары, жєйєттљр да, эллиндер да Тењир Ыйса жљнєндљ угушту.
Кудай Пабыл аркылуу кљптљгљн кереметтерди кљрсљтєп жатты.
Анын бет аарчылары менен алжапкычтарын оорулуулардын єстєнљ коюшканда, алардын оорулары айыгып, ичтеринен жиндер чыгып жатты.
Эл аралап сыйкырчылык кылган кээ бир жєйєттљр да жин оорулуу адамдарга: «Пабыл жарыялап жєргљн Ыйсанын атынан силерге буйрук кылабыз», – деп, Тењир Ыйсанын ысымын колдоно башташты.
Ушундай кылгандардын арасында жєйєттљрдєн Скеба деген башкы ыйык кызмат кылуучусунун жети уулу бар эле.
Бирок жин аларга: «Ыйсаны билем, Пабылды да тааныйм, а силер кимсињер?» – деп жооп берди.
Ошондо жин оорулуу адам атырылып келип, аларды басып жыгылып, сабап салды. Алар ал єйдљн жылањачталып, жаракат алып качып чыгышты.
Бул окуя Эфесте жашаган жєйєттљргљ да, эллиндерге да маалым болду. Бардыгын коркунуч басып, Тењир Ыйсанын ысымы дањкталды.
Тењирге ишенип калгандардын кљптљрє келип, кєнљљлљрєн моюндарына алып ачык айтышты.
Ал эми сыйкырчылык кылып жєргљндљрдєн кљптљрє љздљрєнєн китептерин чогултуп, бєт элдин алдында љрттљп жиберишти. Ал китептердин бааларын эсептешкенде, элєє мињ драхма болду.
Ошентип, Тењирдин сљзє кењири тарап, љзєнєн кєчєн кљрсљтєп жатты.
Ушул окуялардан кийин, Пабыл: «Македония менен Ахаяга, андан ары Иерусалимге барышым керек. Ал жерде болгондон кийин, Римге да барышым керек», – деп чечти.
Анан ал љзєнєн жардамчылары – Тиметей менен Эрастты Македонияга жиберди. Љзє болсо бир аз убакытка Асияда калды.
Ошол учурда Тењирдин жолу жљнєндљгє окутууга каршы чоњ козголоњ чыкты.
Анткени кємєштљн Артемиданын бутканасынын єлгєлљрєн жасап, сєрљтчєлљргљ кљп пайда келтирген Деметир деген бир зергер
сєрљтчєлљрдє жана башка зергерлерди чогултуп, аларга мындай деди: «Достор! Биздин кирешебиз ушул ишке байланыштуу экенин љзєњљр билесињер.
Жанагы Пабыл деген неменин Эфесте гана эмес, бєткєл Асияда: “Колуњар менен жасаган нерселер кудайлар эмес”, – деп, кљптљгљн адамдарды ынандырып, жолдон чыгарганын угуп-кљрєп жатасыњар.
Бул бизге коркунучтарды туудурат: биринчиден, ишибиз бааланбай калат; экинчиден, улуу аял кудай Артемиданын бутканасы барк алынбай, бєткєл Асия жана бєт жер жєзє урматтаган Артемида љзє да улуулугунан ажырайт».
Алар муну укканда, жаалданышып: «Эфестиктердин Артемидасы улуу!» – деп, кыйкыра башташты.
Ошентип, бєт шаар дєрбљлљњгљ тєштє. Пабылдын Гай жана Аристарх деген македониялык жолдошторун кармап алып, бардыгы театрды кљздљй бет алышты.
Пабыл топ элдин ичине кирмекчи болгондо, шакирттер ага жол бербей коюшту.
Ошондой эле Асиядагы башкаруучулардын Пабылга ылым санагандары «Пабыл театрга барбасын» деген љтєнєч менен ага киши жиберишти.
Ошол арада бирљљ бирди айтып, экинчиси дагы бирди айтып кыйкырып, чогулган эл ызы-чуу салып жатты. Элдин кљпчєлєгє љздљрєнєн эмне єчєн чогулганын билишкен жок.
Ошондо жєйєттљрдєн сунушу боюнча элдин арасынан Искендерди алдыга чыгарышты. Искендер колу менен белги берип, элге сєйлљмљкчє болду.
Бирок анын жєйєт экендигин билишкенде, бардыгы бир ооздон: «Эфестиктердин Артемидасы улуу!» – деп кыйкыра башташты. Алар эки саатка жакын ушинтип кыйкырышты.
Шаар башчысы элди тынчтандырып, мындай деди: «Эфестиктер! Эфес шаары улуу аял кудай Артемиданын жана анын асмандан тєшкљн айкелинин кызматчысы экендигин ким билбейт?
Эгерде бул жљнєндљ талаш жок болсо, анда силер тынчсызданбай эле коюшуњар керек, алањгазарлык кылуунун кереги жок.
Силер бул жерге бул кишилерди алып келдињер, бирок булар Артемиданын бутканасын уурдашкан эмес, силердин аял кудайыњарга тил тийгизишкен да эмес.
Эгерде Деметирдин жана анын жанындагы сєрљтчєлљрдєн кимдир бирљљгљ нааразычылыгы бар болсо, анда бизде соттор бар, дубан башчылары бар. Бири-бирине болгон нааразычылыктары боюнча ошолорго кайрылышсын.
Эгерде башка дагы сурооњор болсо, анда ал кезектеги чогулушта чечилет.
Бєгєн болуп љткљн окуядан улам, козголоњ чыгаруучулар катары айыпталуу коркунучу алдында турабыз. Анткени бизде ушунча эл чогулгандыгы єчєн актанууга эч кандай себеп жок». Ушул сљздљрдє айтып, ал чогулган элди таратып жиберди.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible