Скрыть

ПАДЫШАЛАР КИТЕБИ 2, Глава 15

Толкования
Толкования главы
    15:2
    15:4
    15:5
    15:6
    15:7
    15:9
    15:11
    15:13
    15:15
    15:17
    15:20
    15:22
    15:27
    15:29
    15:32
    15:33
    15:35
    15:36
    Ошондон кийин Абышалом љзєнљ аттарды, майдан арабаларды жана элєє жљљ кєлєк топтоду.
    Абышалом эртењ менен эрте туруп, жол боюндагы дарбазанын жанында туруп алып, кимдир бирљљ арыз-муњун айтканы падышага, сотко бара жатса, аны љзєнљ чакырып: «Кайсы шаардансыњ?» – деп сурачу. Тиги: «Кулуњ Ысрайылдын баланча деген уруусунан», – деп жооп бергенде,
    Абышалом ага: «Сенин ишињ жакшы, адилеттєє экен, бирок падышанын сени уга турган эч кимиси жок», – дечє.
    Абышалом: «Оо, мени бул жерге башкаруучу кылганда, талаш-тартышы, арыз-муњу барлардын баары мага келмек, аларга мен адилет љкєм чыгармакмын», – деп айтчу.
    Кимдир бирљљ анын жанына келип, таазим кылмакчы болгондо, ал колун сунуп, аны кучактап љпчє.
    Падышага даттанып келген ар бир ысрайылдыкка ушундай мамиле кылып, Абышалом акырындап ысрайылдыктардын ишенимине кире берди.
    Кырк жылдан кийин, Абышалом падышага мындай деди: «Мен Хебронго барып, Тењирге берген убадамды аткарайын.
    Анткени мен, кулуњ, Гешурда, Сирияда жашап турганда, мындай деп убада бергем: “Эгер Тењир мени Иерусалимге кайтарса, анда мен Тењирге курмандык чалам”».
    Падыша ага: «Тынчтык менен баргын», – деди. Ал туруп, Хебронго бет алды.
    Абышалом Ысрайылдын бєт урууларына чалгынчыларын жљнљтєп жатып, мындай деди: «Силер сурнай єнєн укканда: “Абышалом Хебронго падыша болду”, – дегиле».
    Абышалом чакырган эки жєз киши эч жаман ойлобой, иштин чоо-жайын билбей эле Иерусалимден Абышалом менен бирге жљнљдє.
    Курмандык чалуу убагында Абышалом Дљљттєн кењешчиси, гилолук Акитопелди Гило шаарынан киши жиберип чакыртты. Дљљткљ каршы чоњ козголоњ уюштурулуп, Абышаломдун жанына чогулгандар кљбљйљ берди.
    Дљљткљ кабарчы келип: «Ысрайылдыктар Абышалом тарапка ооп кетти», – деди.
    Дљљт љзєнєн Иерусалимдеги бєт кулдарына: «Тургула, качалы, анткени Абышалом бизди соо койбойт, тездегиле. Ал бизди кууп жетип, кармап алып, шаарыбыздын элин кылычтап кырып, башыбызга мєшкєл тєшєрбљсєн», – деди.
    Падышанын кулдары падышага: «Мырзабыз падыша эмне десе, кулдарыњ ошону кылууга даяр», – дешти.
    Падыша бєт єй-бєлљсє менен жљљ чыкты. Yйдє кайтарганга падыша љзєнєн он кєњ аялын калтырды.
    Падыша менен кошо жљљ чыккан эл Бейт-Амеркакка келип, ошол жерге токтоду.
    Анын бардык кулдары жанында бара жатышты, бардык керейликтер, пелейликтер, аны менен бирге Гаттан келген алты жєз киши – гаттыктар падышанын алдында бара жатышты.
    Падыша гаттык Итайга мындай деди: «Эмнеге сен да биз менен бара жатасыњ? Кайткын да, тиги падыша менен кал, анткени сен бљтљн жерликсињ, бул жерде сен келгинсињ.
    Сен кечээ эле келсењ, бєгєн мен сени биз менен кетєєгљ зордомок белем? Мен башым оогон жакка бара жатам. Кайткын, бир туугандарыњды да ала кет. Ырайым жана чындык сени менен болсун!»
    Итай падышага: «Тењир тирєє, мырзам падыша жашасын. Љлсљ да, жашаса да, мырзам падыша кайда болбосун, кулуњ да сени менен ошол жерде болот», – деп жооп берди.
    Дљљт Итайга: «Болуптур, мени менен бирге жєр», – деди. Ошентип, гаттык Итай жана анын бардык адамдары, балдарынын баары бирге жљнљштє.
    Ошондо бєт љлкљ боздоп ыйлады. Эл менен падыша Кидрон суусун кечип љттє. Бєт эл чљлгљ кеткен жолго тєштє.
    Садок менен бардык лебилер Бетарадан Кудайдын келишим сандыгын кљтљрєп келишип, аны жерге коюшту. Бєт эл шаардан чыгып кеткиче, Абыйатар бийик жерде турду.
    Падыша Садокко мындай деди: «Кудайдын келишим сандыгын шаарга кайра алып бар. Эгер Тењирдин алдында ырайым тапсам, анда Ал мени кайра алып келет, аны да, анын турак жайын да кљрсљтљт.
    Эгерде Тењир: “Мен сага ырайым кылбайм”, – десе, анда мен мына! Ал мага Љз каалаганындай кылсын».
    Падыша ыйык кызмат кылуучу Садокко мындай деди: «Љзєњ кљрєп турбайсыњбы, тынчтык менен кайра шаарга кайт. Сен љзєњдєн уулуњ Акимаасты, Абыйатар љзєнєн уулу Жонатанды алып, шаарга кеткиле.
    Силерден мага кабар келгиче, мен чљл тєздєгєндљ кармала турам».
    Ошондо Садок менен Абыйатар Кудайдын келишим сандыгын Иерусалимге кайра алып барышты да, ошол жерде калышты.
    Дљљт болсо Зайтун тоосуна ыйлап чыгып бара жатты. Башын жаап алып, жылањайлак кетип бара жаткан эле. Аны менен кошо бара жаткан эл да башын жаап алып, ыйлап бара жатты.
    Дљљткљ: «Акитопел да Абышалом менен бирге кастык уюштургандардын ичинде экен», – деп кабарлашты. Дљљт: «Оо Тењирим! Акитопелдин кењешин буза кљр», – деди.
    Дљљт тоонун чокусуна, Кудайга табынуучу жайга чыкканда, бет алдынан архилик досу Хушай чыкты. Анын кийими айрылган, башы топурак экен.
    Дљљт ага мындай деди: «Эгер сен мени менен бара турган болсоњ, мен єчєн оор болот.
    Тескерисинче, шаарга кайтып, Абышаломго: “Падыша, мен сенин кулуњмун. Буга чейин сенин атањдын кулу болчумун, азыр болсо сенин кулуњмун”, – десењ, ошондо мен єчєн Акитопелдин кењешин бузасыњ.
    Ал жерде ыйык кызмат кылуучулар Садок менен Абыйатар сени менен болот, падышанын єйєнљн уккан сљздљрдє аларга айтып тур.
    Ал жерде алардын эки уулу бар: Садоктун уулу Акимаас, Абыйатардын уулу Жонатан. Укканыњардын баарын ошолор аркылуу мага билдиргиле».
    Ошондо Дљљттєн досу Хушай шаарга келди. Ошол кезде Абышалом Иерусалимге кирєєгљ даярданып жаткан эле.
    Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
    Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
    Цитата из Библии каждое утро
    TG: t.me/azbible
    Viber: vb.me/azbible