Скрыть
1:1
1:2
1:4
1:5
1:6
1:10
1:11
1:12
1:13
1:15
1:18
1:19
1:20
Кудайыбыз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайактын адилеттиги аркылуу баалуу ишенимди биз сыяктуу эле кабыл алгандарга Ыйса Машайактын кулу жана элчиси Шымон Петирден салам!
Кудайды жана Тењирибиз Ыйсаны таанып билєє аркылуу Кудай силерге ырайымын тљгєп, тынчтыгын бере берсин!
Бизди чакырып алган дањктуу, жеткилењ Кудайдын кудайлык кєчє бизге жашоо, такыбаа жашоо єчєн зарыл болгон нерселердин баарын берген. Буга биз Аны таанып билєє аркылуу ээ болдук.
Силер бул дєйнљдљ єстљмдєк кылган жаман кумарлардан алыстап, Кудайдыкындай табиятка ээ болушуњар єчєн, Анын дањкы жана жеткилењдиги аркылуу бизге кымбат баалуу жана улуу убадалар берилген.
Ошондуктан силер да бєт аракетињерди жумшап, ишенимињерде жакшылык кылуучулукту, жакшылык кылууда эстєєлєктє,
эстєєлєктљ љзєн љзє токтото билєєнє, љзєн љзє токтото билєєдљ чыдамкайлыкты, чыдамкайлыкта такыбаалыкты,
такыбаалыкта бир туугандык сєйєєнє, бир туугандык сєйєєдљ (бардык адамдарга болгон) сєйєєнє кљрсљткєлљ.
Эгерде бул сапаттар силерде бар болсо жана љсєп жатса, анда силер биздин Тењирибиз Ыйса Машайакты таанып билєє жолунда ийгиликсиз жана жемишсиз калбайсыњар.
Ал эми бул сапаттар кимде жок болсо, ал сокур, кљзєн жуумп алган, љзєнєн мурунку кєнљљлљрєнљн тазаланганын унутуп койгон.
Мына ошондуктан, бир туугандар, чакырылганыњарды жана тандалгандыгыњарды уламдан-улам бекемдљљгљ аракеттенгиле. Анткени ушундай кылсањар, эч качан мєдєрєлбљйсєњљр.
Ошентип, силерге биздин Тењирибиз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайактын тєбљлєк падышачылыгынын эшиги кенен ачылат.
Силер муну билсењер да, чыныгы чындык менен бекемделсењер да, бул жљнєндљ силердин эсињерге салып турууну эч качан токтотпойм.
Кљзєм тирєє турганда, эсињерге салуу менен силерди ойготуп турууну туура таптым.
Анткени жакында кљз жумарымды билем, Тењирибиз Ыйса Машайак муну мага Љзє билдирген.
Силер муну менин кљзєм љтєп кеткенден кийин да, эсињерден чыгарбашыњар єчєн аракет кыламын.
Анткени Тењирибиз Ыйса Машайактын кєчє жана Анын келиши жљнєндљ силерге куулук менен ойдон чыгарылган тамсилдерге негизденип айткан эмеспиз, биз Анын улуулугун љз кљзєбєз менен кљргљнбєз.
Себеби Машайак дањктуу улуу Кудайдын «Бул Менин сєйєктєє Уулум, Мен Ага ыраазымын» деген єнєн укканда, Кудай Ата Аны урмат-сыйга жана дањкка бљлљгљн.
Асмандан келген ошол єндє биз да укканбыз, анткени ыйык тоодо Аны менен бирге болгонбуз.
Андан сырткары, бизде эњ туура айтылган пайгамбарчылык бар. Тањ агарып, тањкы жылдыз жєрљгєњљрдљ чыкканга чейин, карањгыда жарык чачкан чырактай болгон ушул пайгамбарчылыктарга кайрылып, туура кылып жатасыњар.
Баарынан мурда Ыйык Жазуудагы бир да пайгамбарчылыкты эч ким љзєнљн љзє айтпагандыгын билишињер керек.
Себеби пайгамбарчылык эч качан адамдын каалоосу менен айтылган эмес. Аны Кудайдын ыйык адамдары Ыйык Рухтун жетеги менен айтышкан.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible