Скрыть
9:3
9:4
9:5
9:11
9:12
9:13
9:18
9:19
9:20
9:23
9:25
9:28
9:29
9:30
9:32
9:37
Элиша пайгамбар пайгамбар уулдарынын бирин чакырып, ага мындай деди: «Белињди бууп, колуња зайтун майы куюлган мына бул идишти алып, Гилаттын Рамотуна бар.
Ал жерге барарыњ менен Нимшинин уулу, Жошапаттын уулу Жейуну издеп таап, аны љз бир туугандарынын арасынан бљлєп чыгып, ички бљлмљгљ киргиз.
Анан зайтун майы куюлган идишти алып, анын башына куюп, мындай де: “Тењир мындай дейт: «Мен сени Ысрайылга падыша кылып майлап жатам»”. Анан эшикти ачып, качып кет, кєтпљ».
Ошентип, жаш улан, пайгамбардын кызматчысы, Гилаттын Рамотуна жол тартты.
Улан ал жерге келсе, аскер башчылар отурушуптур. Ал аларга: «Аскер башчы, сага айта турган сљзєм бар», – деди. Ошондо Жейу: «Кимибизге?» – деп сурады. Ал: «Сага, аскер башчы», – деди.
Ал туруп, єйгљ кирди. Улан анын башына зайтун майын куюп, мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Тењири мындай дейт: “Мен сени Тењирдин эли Ысрайылга падыша кылып майлап жатам.
Сен мырзањ Ахаптын тукумун кырып жок кыласыњ. Изебел колдуу болуп љлгљн Менин кулдарымдын – пайгамбарлардын каны єчєн, Тењирдин бардык кулдарынын каны єчєн Мен ошентип љч алам.
Ошентип, Ахаптын бєт тукуму кырылат. Ахаптын эркек аттууларынын баарын, камактагыларын да, Ысрайылда калгандарын да жок кылам.
Ахаптын тукумун Небат уулу Жаробам менен Акия уулу Баашанын тукумундай кылам.
Изебелди болсо Изрейел талаасында иттер жейт, аны эч ким кљргљ койбойт”». Анан ал эшикти ачып, качып кетти.
Жейу љз мырзасынын кулдары отурган жерге чыкканда, андан: «Баары жайындабы? Сага бул келесоо эмнеге келди?» – деп сурашты. Ал аларга: «Бул кишини да, анын эмне деп айтканын да силер билесињер», – деп жооп берди.
Алар: «Бул калп, айт бизге», – деп айтышты. Ал мындай деди: «Ал мага муну айтты: “Тењир мындай дейт: Мен сени Ысрайылга падыша кылып майлап жатам”».
Ошондо алар шашылыш тєрдљ кийимдерин чечип, анын астына, тепкичке тљшљй салып: «Жейу падыша болду!» – деп сурнай тартышты.
Нимши уулу, Жошапат уулу Жейу Жорамга каршы кљтљрєлдє. Жорам болсо бєт ысрайылдыктар менен бирге Гилаттын Рамотун Сирия падышасы Хазаелден коргоп турду.
Падыша Жорам Сирия падышасы Хазаел менен согушуп жатканда сириялыктардан алган жараатын айыктыруу єчєн, Изрейелге кайтып келген эле. Жейу ага: «Эгер силер макул болсоњор, анда ушул кабарды Изрейелге жеткирем деп, шаардан эч ким чыкпасын», – деди.
Анан Жейу аттанып, ооруп жаткан Жорамды кљргљнє Изрейелге жљнљп кетти. Ал жерге Жєйєт падышасы Ахазай да Жорамды кљргљнє келген эле.
Изрейелдеги мунаранын єстєндљ турган сакчы Жейунун келе жаткан кљп аскерин кљрєп: «Мен кљп аскерди кљрєп жатам», – деди. Жорам: «Атчан аскер жљнљт, ал алардын астынан тосуп чыгып: “Тынчтык менен келе жатасыњарбы?” – деп сурасын», – деди.
Ошондо атчан аскер анын алдынан чыгып, мындай деди: «Падыша мындай дейт: “Тынчтык менен келе жатасыњарбы?”» Жейу ага: «Тынчтыкты эмне кыласыњ? Менин аркамдан бастыр», – деди. Сакчы мындай деп кабарлады: «Жиберилген киши аларга жетти, бирок кайра кайта элек».
Анан ал башка атчан аскерди жљнљттє, ал аларга барып, мындай деди: «Падыша мындай дейт: “Тынчтык менен келе жатасыњарбы?”» Жейу ага: «Тынчтыкты эмне кыласыњ? Менин аркамдан бастыр», – деди.
Сакчы кайрадан: «Жиберилген киши аларга жетти, бирок кайра кайта элек. Жєрєшєнљ караганда, ал Нимшинин уулу Жейу окшойт, себеби ал катуу чаап келе жатат», – деп билдирди.
Ошондо Жорам: «Арабаны чеккиле», – деди. Анын майдан арабасын чегишти. Ошондо Ысрайыл падышасы Жорам жана Жєйєт падышасы Ахазай љздљрєнєн майдан арабалары менен жљнљштє. Алар Жейунун алдынан чыгып, ага изрейелдик Наботтун талаасында жолугушту.
Жейуну кљргљндљ, Жорам: «Жейу, тынчтык менен келе жатасыњбы?» – деп сурады. Ал ага: «Сенин энењ Изебел бутка табынып, кљп сыйкырчылык кылып жатса, кайдагы тынчтыкты айтасыњ?» – деди.
Ошондо Жорам бурулуп, качып жљнљдє, анан Ахазайга: «Ахазай, чыккынчылык!» – деди.
Жейу болсо жаасын колуна алып, тартып жиберди. Жебе Жорамдын эки далысынын ортосуна кадалды, жебе анын жєрљгєн тешип љттє. Ал љзєнєн майдан арабасына жыгылып жан берди.
Анан Жейу љз тљрљсє Бидекарга мындай деди: «Муну изрейелдик Наботтун талаасына алып барып ташта. Экљљбєз мунун атасы Ахаптын артынан келе жатканыбызда, Тењирдин буга каршы кандай пайгамбарчылык айттырганы эсињдеби?
Тењир мындай деген: “Мен кечээ Наботтун жана анын уулдарынын канын кљрдєм, ошол талаада сенден сљзсєз љч алам”. Андыктан Тењирдин сљзє боюнча аны талаага алып барып ташта».
Жєйєт падышасы Ахазай муну кљргљндљ, бактын ичиндеги єйгљ кеткен жол менен качып жљнљдє. Жейу анын артынан тєшєп: «Муну да љзєнєн майдан арабасында љлтєргєлљ», – деди. Бул Иблейемдин жанындагы Гур дљњсљљсєндљ болду. Ал Мегидого качып барып, ошол жерде љлдє.
Кулдары аны Иерусалимге алып барып, Дљљттєн шаарындагы ата-бабалары жаткан мєрзљгљ коюшту.
Ахап уулу Жорамдын падышачылыгынын он биринчи жылында Ахазай Жєйєткљ падыша болгон.
Жейу Изрейелге келди. Изебел муну укканда, бетине эндик сыйпап, чачы-башын жасап, терезеден карап турду.
Жейу дарбазадан киргенде, Изебел: «Љз падышасын љлтєргљн Зимри, тынчтык менен келдињби?» – деди.
Жейу терезени карап: «Ким мени менен, ким?» – деди. Эки-єч эбнух терезеден башбагып, аны карады.
Ал: «Изебелди терезеден ыргытып жибергиле», – деди. Алар аны ыргытып жиберишти. Анын каны дубалга, аттарга чачырады. Аны тепсеп салышты.
Жейу келип, ичип-жеп, анан: «Бул каргыш тийгенди таап келип, кљргљ койгула, ал падышанын кызы эмеспи», – деди.
Аны кљргљ койгону барышса, анын баш сљљгєнљн, буттарынан, колунун манжаларынан башка эч нерсе калбаптыр.
Кайра келишип, ага билдиришти. Ошондо ал мындай деди: «Тењирдин Љз кулу тишпилик Илияс аркылуу айткан сљзє ушундай болчу: Изебелдин денесин Изрейел талаасында иттер жейт.
Изрейел талаасында Изебелдин љлєгє кык сыяктуу болот, ошондо: “Бул – Изебел”, – деп, эч ким айтпайт».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible