Скрыть
6:2
6:3
6:4
6:5
6:6
6:7
6:8
6:9
6:10
6:11
6:12
6:14
6:15
6:19
6:20
6:21
6:23
6:24
6:26
6:27
6:31
6:32
6:33
Пайгамбар уулдары Элишага мындай деп айтышты: «Сенин жаныњдагы биз жашап жаткан жер бизге тардык кылат.
Иорданга баралы, ал жерден ар бирибиз бирден устун алалы да, ал жерге љзєбєзгљ жашаганга жай куралы». Ал: «Баргыла», – деди.
Алардын бири: «Ырайым этип, кулдарыњ менен сен да бар», – деди. Ал: «Макул, барайын», – деди.
Ошентип, ал алар менен бирге кетти. Алар Иорданга келип, бак кыя башташты.
Бирљљ бак кулатып жатканда, балтасы сууга тєшєп кетти. Ошондо ал: «Ий, мырзам! Бул убактылуу пайдаланууга алынган балта эле», – деп кыйкырып жиберди.
Кудайдын кишиси: «Ал кайсы жерге тєштє?» – деп сурады. Ал ага балта тєшкљн жерди кљрсљттє. Элиша бактан бир бутак кыйып алып, сууга таштады, ошондо балта калкып чыкты.
Анан ал ага: «Балтаны ал», – деди. Тигил колун сунуп, балтаны алды.
Сирия падышасы ысрайылдыктар менен согушууга жљнљп жатып, љз кызматчылары менен кењешип: «Мен љз кошуунумду мындай-мындай жерге жайланыштырам», – деди.
Кудайдын кишиси Ысрайыл падышасына: «Ушундай жерден љтєєдљн сак бол, анткени ал жерде сириялыктар жашынып жатышат», – деп айттырып жиберди.
Ысрайыл падышасы Кудайдын кишиси айтып эскерткен жанагы жерге бир нече ирет киши жиберди. Ошентип, ал ошол жерге баруудан сактанды.
Ушундан улам Сирия падышасынын тынчы кетип, љз кулдарын чакырып, аларга: «Арабыздан кимдин Ысрайыл падышасы менен байланышы бар, айткылачы мага?» – деди.
Кызматчыларынын бири: «Мырзам падыша, андай эч ким жок. Ысрайылдагы Элиша пайгамбар сенин уктоочу бљлмљњдљ айткан сљздљрєњдє да Ысрайыл падышасына айтып берет», – деди.
Ошондо ал: «Барып, анын кайда экенин билип келгиле. Киши жиберип, мен аны алдырып келем», – деди. Ага: «Азыр ал Дотанда», – деп билдиришти.
Ал ошол жерге аттарды, майдан арабаларды жана кљп аскерлерди жљнљттє. Алар тєнє менен келишип, шаарды курчоого алышты.
Кудайдын кишисинин кызматчысы эртењ менен туруп, тышка чыкса, аскерлер, аттар жана майдан арабалар шаарды курчап алышыптыр. Ошондо кызматчысы ага: «Мырзам, эми эмне кылабыз?!» – деди.
Ал: «Коркпо, анткени биздикилер тигилердикинен кљп», – деди.
Элиша Кудайга: «Тењир! Мунун кљзєн ач, кљрсєн», – деп сыйынды. Тењир анын кызматчысынын кљзєн ачты. Ошондо ал Элишаны курчаган тоодон жер жайнаган оттуу аттар менен майдан арабаларды кљрдє.
Сириялыктар Элишага жакындап келген кезде, ал Тењирге: «Аларды сокур кылып сал», – деп сыйынды. Элишанын сљзє боюнча Тењир аларды сокур кылып салды.
Элиша аларга: «Бул силер тєшєєчє жол эмес, силер баруучу шаар эмес. Менин артымдан ээрчигиле, мен силерди издеп жєргљн кишињерге алып барам», – деди. Элиша аларды Самарияга алып келди.
Алар Самарияга келишкенде, Элиша: «Тењир! Булардын кљзєн ач, кљрєшсєн», – деди. Тењир алардын кљзєн ачканда, алар љздљрєнєн Самариянын ортосунда турушканын кљрєштє.
Буларды кљрєп, Ысрайыл падышасы Элишадан: «Ата, буларды љлтєрљйєнбє?» – деп сурады.
Ал: «Љлтєрбљ. Љлтєргєдљй, сен буларды кылыч шилтеп, жаа тартып, туткундап келдињ беле? Булардын алдына нан, суу кой. Ичип-жешсин да, љз падышасына барышсын», – деди.
Ошентип, аларга мол тамак даярдалды, алар ичип-жешти. Анан аларды коё берди, алар љз падышасына кетишти. Ошондон кийин сириялык бул аскер тобу Ысрайыл жерине келген жок.
Андан кийин Сирия падышасы Бенадат љзєнєн бєткєл аскерин чогултуп, Самарияны курчап алды.
Алар Самарияны курчап алган убакта ал жерде чоњ ачарчылык болуп, эшектин башы сексен кємєш шекелден, кљгєчкљндєн кыгынын тљрттљн бир кабы беш кємєш шекелден сатылып жаткан.
Бир жолу Ысрайыл падышасы дубалдын єстєндљ бара жатса, бир аял ага: «Мырзам падыша, жардам кыл», – деп жалбарды.
Падыша ага: «Эгер сага Тењир жардам бербесе, мен эмне кылып жардам бермек элем? Кырманда дан жок, жєзєм сыгылуучу жайда шарап жок», – деди.
Падыша андан: «Сага эмне керек?» – деп сурады. Аял: «Бул аял мага: “Балањды бер, биз аны бєгєн жейли, менин баламды болсо эртењ жейбиз”, – деген.
Ошентип, менин уулумду бышырып жедик. Эртеси кєнє мен ага: “Эми балањды сен бер, аны жейли”, – дедим. Бирок ал уулун катып койду», – деди.
Аялдын сљзєн укканда, падыша љз кийимин айрып жиберди. Ал дубал менен љтєп бара жатканда, эл анын жылањач денесине зумбал кийип алганын кљрдє.
Падыша: «Эгер бєгєн Шапат уулу Элишанын башы ийнинде кала турган болсо, Кудай мени жазаласын, катуу жазаласын», – деди.
Элиша болсо љз єйєндљ отурган, аныкында аксакалдар да отурушкан. Падыша љз атынан киши жиберди. Љзєнљ жиберилген адам келерден мурун ал аксакалдарга мындай деди: «Бул киши љлтєргєчтєн уулу менин башымды алдырганы киши жибергенин кљрдєњљрбє? Жиберилген адам келгенде, эшикти бекитип, ачпай койгула. Мына, анын артынан келе жаткан мырзасынын да дєбєртє угулуп жатат!»
Элиша алар менен сєйлљшєп бєтљ электе, жиберилген адам келип: «Тењир башыбызга мына ушундай мєшкєл салды! Тењирден эми эмнени кєтсљм болот?» – деди.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible