Скрыть
5:1
5:2
5:3
5:4
5:5
5:6
5:8
5:9
5:11
5:12
5:13
5:16
5:17
5:18
5:19
5:20
5:21
5:22
5:23
5:24
5:25
5:26
Сирия падышасынын аскер башчысы Нааман љз мырзасынын кадырлуу жана мыкты деп эсептелген адамы эле, себеби сириялыктарга жењишти Тењир ошол аркылуу берген. Ал киши мыкты жоокер болчу, бирок пес оорулуу эле.
Сириялыктар бир жолу жоокерлери менен барып, Ысрайыл жеринен бир кичинекей кызды туткундап келишкен, ал Наамандын аялына кызмат кылчу.
Ал љзєнєн мырзайымына: «Эгерде мырзам Самариядагы пайгамбарга барып келсе, анда ал аны пес оорусунан айыктырат эле!» – деди.
Ошондо Нааман љз мырзасына барып: «Жанагы Ысрайыл жеринен келген кыз ушундай-ушундай деп айтып жатат», – деди.
Сирия падышасы Нааманга: «Барып кел, мен Ысрайыл падышасына кат жиберем», – деди. Ал жанына он талант кємєш, алты мињ шекел алтын жана он сыйра кийим алып, жљнљп кетти.
Ал Ысрайыл падышасына катты алып келди. Ал катта мындай деп жазылган эле: «Мен ушул кат менен бирге кызматчым Нааманды сага жиберип жатам, сен аны пес оорусунан айыктыр».
Ысрайыл падышасы катты окуганда, љз кийимин айрып: «“Пес оорусунан айыктыр”, – деп, мага жибергидей, љлтєргєдљй же тирилткидей, мен, эмне, Кудаймынбы? Мына кљрдєњљрбє, ал мени менен касташуу єчєн шылтоо издеп жатат», – деди.
Кудайдын кишиси Элиша Ысрайыл падышасынын љз кийимин айрыганын угуп, падышага: «Сен эмне єчєн љз кийимињди айрыдыњ? Ал мага келсин, Ысрайылда пайгамбар бар экенин билсин», – деп айттырып жиберди.
Ошондо ал љзєнєн аттары жана майдан арабалары менен келип, Элишанын єйєнєн алдына токтоду.
Элиша ага кызматчысынан: «Барып, Иорданга жети жолу жуунгун, ошондо сенин денењ айыгып, таза болосуњ», – деп айттырып жиберди.
Наамандын ачуусу келип: «Ал мага љзє келип, љз Кудай-Тењиринин ысымын чакырып, колун ооруган жериме коюп, пес оорусунан айыктырат деп ойлогом.
Дамасктын Абана жана Парпар дарыялары Ысрайылдын сууларынан артык эмеспи? Эмне, мен ошолорго тєшєп жуунсам, тазаланбаймынбы?» – деди. Ошентип, ал бурулду да, ачууланган бойдон жљнљп кетти.
Ошондо анын кулдары жанына келип: «Атабыз, эгер пайгамбар сага бир чоњ ишти айтса, сен аны кылмаксыњ да. Эми анын жљн гана: “Жуунгун, ошондо таза болосуњ”, – деген сљзєн аткарбай коёсуњбу?» – дешти.
Ал барып, Кудайдын кишисинин сљзє боюнча Иорданга жети жолу чљмєлдє, ошондо анын денеси айыгып, жаш баланын денесиндей таптаза болуп калды.
Ал љзєнєн коштоп жєргљн кишилери менен Кудайдын кишисине кайтып келип, анын алдына туруп: «Ысрайылдан башка жерде Кудай жок экенин мен эми билдим. Ошондуктан кулуњдун белегин кабыл ал», – деди.
Элиша: «Мен алдында турган Тењир тирєє! Белегињди албайм», – деди. Тигил: «Ал», – деп суранды, бирок ал макул болбой койду.
Ошондо Нааман мындай деди: «Анда кулуња эки качыр кљтљрљ алгыдай топурак берилсин, анткени кулуњ ушул кєндљн тартып, Тењирден бљлљк кудайларга бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыктарды жана башка курмандыктарды чалбайт.
Бирок Тењир кулуња мындай учурда кечирим кылсын: менин тљрљм Римон єйєнљ табынганы барганда, менин колума таянат, ошондо мен Римон єйєндљ табынам, ушундай учурда Римон єйєндљ табынганым єчєн, Тењир кулуњду кечирсин».
Ошондо ал ага: «Тынчтык менен бара бер!» – деди. Ал андан бир аз узап кеткенден кийин,
Кудайдын кишиси Элишанын кызматчысы Гейхази ичинен мындай деп ойлоду: «Мырзам сириялык Нааман алып келген белектерди албай койду. Тењир тирєє! Анын артынан чуркап барайын да, андан бир нерсе алайын».
Ошентип, Гейхази Наамандын артынан кетти. Нааман артынан чуркап келе жаткан кишини кљрєп, майдан арабасынан тєшєп, аны утурлап чыгып: «Баары жайындабы?» – деп сурады.
Ал: «Баары жайында, бирок мырзам мени сага мындай деп жљнљттє: “Мага азыр Эпрайым тоосунан, пайгамбар уулдарынан эки жаш жигит келди. Аларга бир талант кємєш жана эки сыйра кийим бер”», – деди.
Ошондо Нааман: «Ал, эки талант ал», – деди. Аны кљндєрєп, эки талант кємєштє, эки сыйра кийимди эки капка салып, љзєнєн эки кызматчысына берди. Алар кљтљрєп алып, тигинин алдына тєшєштє.
Гейхази дљбљгљ жеткенде, буюмдарды кулдардын колунан алып, єйєнљ катып койду. Аларды коё берди, алар кетишти.
Гейхази келип, љз мырзасына кљрєнгљндљ, Элиша ага: «Гейхази, кайда барып келдињ?» – деди. Ал: «Сенин кулуњ эч жакка барган жок», – деп жооп берди.
Элиша ага: «Эмне, жанагы киши майдан арабасынан тєшєп, сени утурлап чыкканда, жєрљгєм сенин жаныњда эмес беле? Азыр кємєш, кийим, зайтун бак, жєзємзар, майда жана бодо мал, кєњ жана кул ала турган убакпы?
Наамандын пес оорусу сенден жана сенин тукумуњдан тєбљлєккљ кетпесин», – деди. Ошондо Гейхази пес оорусуна чалдыгып, Элишаныкынан кардай аппак болуп чыкты.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible