Скрыть
2:3
2:5
2:6
2:7
2:10
2:13
2:14
2:16
2:18
2:20
2:21
2:22
2:23
Тењир Илиясты асманга куюн менен кљтљрєп кеткиси келди. Ошол учурда Илияс Элиша менен Гилгалдан келе жаткан.
Илияс Элишага: «Бул жерде кал, анткени Тењир мени Бейтелге жиберип жатат», – деди. Бирок Элиша: «Тењир тирєє, сен да тирєєсєњ! Сени таштабайм», – деди. Ошентип, алар Бейтелге жљнљштє.
Бейтелдеги пайгамбар уулдары Элишанын алдынан чыгып, ага: «Бєгєн Тењир сенин мырзањды жогору алып кетерин билесињби?» – дешти. Ал: «Аны мен да билем, унчукпагыла», – деди.
Илияс ага: «Элиша, бул жерде кал, анткени Тењир мени Жерихого жиберип жатат», – деди. Ал: «Тењир тирєє, сен да тирєєсєњ! Сени таштабайм», – деди. Ошентип, алар Жерихого келишти.
Жериходогу пайгамбар уулдары Элишага жакын келишип: «Бєгєн Тењир сенин мырзањды жогору алып кетерин билесињби?» – дешти. Ал: «Аны мен да билем, унчукпагыла», – деди.
Илияс ага: «Бул жерде кал, анткени Тењир мени Иорданга жиберип жатат», – деди. Ал: «Тењир тирєє, сен да тирєєсєњ! Сени таштабайм», – деди. Ошентип, экљљ бирге жљнљштє.
Пайгамбар уулдарынан элєє киши жљнљдє, алар Илияс менен Элишанын бет мањдайында, алыста турушту. Экљљ Иордандын жээгинде турган эле.
Илияс љз чапанын алып, ороп туруп сууга чапты. Ошондо суу эки жакка тартылып, алар кургак жер менен љтєп кетишти.
Алар љтєп кетишкенден кийин, Илияс Элишага: «Сура, мен сенин жаныњдан алынып кетерден мурун сага эмне кылып берейин?» – деди. Элиша ага: «Сендеги рух менде эки эсе болсун», – деди.
Ошондо ал: «Оор нерсени сурап жатасыњ. Эгер сенин жаныњдан кантип алынып бара жатканымды кљрсљњ, анда сураганыњдай болот. Эгер кљрбљсљњ, болбойт», – деди.
Алар жолдо сєйлљшєп бара жатышканда, кєтєлбљгљн жерден оттуу араба менен оттуу аттар пайда болду да, экљљнє бљлєп, Илиясты куюн менен асманга кљтљрєп кетти.
Элиша муну кљрєп: «Ата, ата, Ысрайылдын арабасы жана атчан жоокери!» – деп кыйкырды. Анан ал аны кљрбљй калды. Љзєнєн кийимин кармап туруп, экиге бљлєп айрып салды.
Илиястын жерге тєшєп калган чапанын алып, артты кљздљй жљнљп, Иордандын жээгине келип турду.
Анан ал Илиястын жерге тєшєп калган чапанын сууга чаап: «Илиястын Кудай-Тењири кайда?» – деди. Ошондо суу эки жакка тартылып, Элиша љтєп кетти.
Жериходогу пайгамбар уулдары аны алыстан кљрєп: «Илиястын руху Элишага тєштє», – дешти. Аны алдынан тосуп чыгышып, жерге чейин ийилип таазим этишти.
Анан ага мындай деп айтышты: «Кулдарыњдын элєє кєчтєє кишиси бар. Алар барып, мырзањды издеп келишсин. Балким, аны Тењирдин Руху алып кетип, бир тоого же бир љрљљнгљ таштап койгондур?» Бирок ал: «Жибербей эле койгула», – деди.
Бирок алар кайра-кайра айтып, аны жадатышкандыктан, ал: «Жибергиле», – деди. Ошондо алар элєє кишини жиберишти, алар аны єч кєн издеп таппай коюшту.
Алар Жериходо калган Элишага кайтып келишкенде, ал: «Мен силерге: “Барбагыла”, – деп айтпадым беле?» – деди.
Шаардын тургундары Элишага: «Мырзабыз љзє кљрєп тургандай, бул шаар жакшы жерге жайгашкан, бирок суусу жаман, жери тєшєм бербейт», – дешти.
Ал: «Жањы чљйчљккљ туз салып, мага алып келгиле», – деди. Ага ошентип беришти.
Ал суунун башатына барып, ага тузду чачып: «Тењир мындай дейт: “Мен бул сууну тазарттым, мындан ары бул суу љлємдєн да, тєшємсєздєктєн да себепкери болбойт”», – деди.
Элишанын сљзє боюнча суу таза болуп калды. Ушул кєнгљ чейин ошондой.
Ал жерден ал Бейтелге кетти. Жолдо бара жатканда, шаардан кичинекей балдар чыгып, аны: «Кашка баш, кет! Кет, кашка баш!» – деп шылдыњдашты.
Ал артына кылчайып, аларды карап, Тењирдин атынан каргады. Ошондо токойдон эки ургаачы аюу чыгып, алардын ичинен кырк эки баланы жарып салды.
Ал жерден ал Кармел тоосуна жљнљдє, ал жактан Самарияга кайтып келди.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible