Скрыть
17:2
17:7
17:11
17:19
17:20
17:26
17:27
17:30
17:32
17:38
17:39
17:40
Жєйєт падышасы Ахаздын падышачылыгынын он экинчи жылында Эйла уулу Ошуя Ысрайылга падыша болуп, Самарияда тогуз жыл падышачылык кылды.
Ал Тењирге жакпаган иштерди кылды, бирок љзєнљн мурдагы Ысрайыл падышалары кылганчалык кылган жок.
Ага Ашур падышасы Шалманесер кол салды, Ошуя ага кул болуп, салык тљлљп турду.
Ашур падышасы Ошуянын чыккынчылык уюштурганын билди, себеби Ошуя Мисир падышасы Собуга элчилерди жљнљтєп, Ашур падышасына жыл сайын берип туруучу салыкты бербей калган эле. Ошондуктан Ашур падышасы аны зынданга камап салды.
Ашур падышасы бєт Ысрайылга согуш ачып, Самарияга келип, аны єч жыл бою курчоого алды.
Ошуянын падышачылыгынын тогузунчу жылында Ашур падышасы Самарияны басып алып, ысрайылдыктарды Ашурга кљчєрєп кетти. Аларды Халахка, Хаборго, Гозан дарыясынын боюна жана Мадайдын шаарларына отурукташтырды.
Ысрайыл уулдары Мисир жеринен алып чыккан, Мисир падышасы фараондун колунан куткарган љзєнєн Кудай-Тењиринин алдында кєнљљ кылып, башка кудайларга табына башташты.
Алар Тењир кууп чыккан элдердин мыйзамдары боюнча, Ысрайыл падышаларынын мыйзамдары боюнча жашай башташты.
Ысрайыл уулдары љздљрєнєн Кудай-Тењирине жакпаган иштерди кылып, кєзљт мунарасынан баштап чептєє шаарга чейин, љздљрєнљ караштуу бардык шаарларга бутканаларды кура башташты.
Алар бардык бийик дљбљлљргљ жана кљлљкљлєє дарактардын тєбєнљ Ашейра мамысын жана буркандарын коюшту.
Тењир кууп чыккан элдерге окшоп, бардык бийик дљбљлљрдљ жыпар жыттуу заттарды тєтљтєп, Тењирди каарданткан жийиркеничтєє иштерди кылышты.
Алар жасалма кудайларга кызмат кылышты, бирок Тењир аларга: «Мындай кылбагыла», – деп айткан.
Ошондо Тењир Љзєнєн бардык пайгамбарлары жана кљрљгљчтљрє аркылуу Ысрайыл менен Жєйєткљ: «Жаман жолуњардан кайткыла, силердин ата-бабаларыњарга осуят кылган, Љзємдєн кулдарым – пайгамбарларым аркылуу берген Менин осуяттарым менен мыйзамдарымды аткаргыла», – деп эскерткен.
Бирок алар кулак салбай коюшту, љздљрєнєн Кудай-Тењирине ишенбеген тоњ моюн ата-бабаларына окшоп, тоњ моюндук кылышты.
Алар Тењирдин мыйзамдарын, алардын ата-бабалары менен тєзгљн келишимин, эскертєєлљрєн жек кљрєп, Тењирдин «Алар кылгандай кылбагыла» деген буйругунан четтеп, тегерегинде жашаган элдерге окшоп, эч нерсеге арзыбаган кудайларды ээрчишип, љздљрє да эч нерсеге арзыбай калышты.
Алар љздљрєнєн Кудай-Тењиринин бардык мыйзамдарын таштап, эки музоо куюп, Ашейра мамысын тургузуп, бєткєл асман кошуундарына табынып, Баалга кызмат кылышты.
Уулдары менен кыздарын отко љрттљп, тљлгљ тартып, сыйкырчылык кылып, Тењирге жакпаган, Аны каарданткан иштерди кылууга дитин беришти.
Ошондо Тењир ысрайылдыктарга абдан каарданып, аларды четке какты. Жєйєт уруусунан башка эч бир уруу калган жок.
Жєйєт да љз Кудай-Тењиринин осуяттарын аткарбай, ысрайылдыктардын кылганын кылды.
Тењир Ысрайылдын бардык тукумунан жєзєн буруп, аларды моюн сундурду, аларды талап-тоноочулардын колуна салып берип турду, акыры аларды четке какты.
Ысрайылдыктар Дљљттєн тукумунан бљлєнєп чыгып, Небат уулу Жаробамды такка отургузушту. Жаробам ысрайылдыктарды Тењирден четтетип, аларды чоњ кєнљљгљ батырды.
Ысрайыл уулдары Жаробам кылган кєнљљлљрдєн бардыгын кылышты, ошол кєнљљлљрдє кылганын токтотушкан жок.
Тењир Љзєнєн бардык кулдары – пайгамбарлары аркылуу эскерткендей, Ысрайылды таштап салганга чейин, алар ушундай кылышты. Ошентип, Ысрайыл љз жеринен Ашурга кљчєрєлєп, ушул кєнгљ чейин ошол жерде жашайт.
Ашур падышасы Бабылдан, Кутадан, Абахтан, Хаматтан, Сепарбайымдан элдерди кљчєрєп келип, аларды Самария шаарларына, Ысрайыл уулдарынын ордуна отурукташтырды. Алар Самарияны ээлеп, анын шаарларында жашап калышты.
Алар ал жерде жашай башташканда, Тењирден коркушкан жок, ошондуктан Тењир аларга арстандарды жиберип турду. Алар арстандарга жем болуп жатышты.
Анан Ашур падышасына мындай деп билдиришти: «Сен кљчєрєп келип, Самария шаарларына отурукташтырган элдер ошол жердин Кудайынын мыйзамын билишпегендиктен, Кудай аларга арстандарды жиберип жатат. Алар арстандарга жем болуп жатышат, анткени ошол жердин Кудайынын мыйзамын билишпейт».
Ошондо Ашур падышасы мындай буйрук берди: «Силер ошол жактан кљчєрєп келген ыйык кызмат кылуучулардан бирљљнє ал жакка жљнљткєлљ. Ал барып, ошол жерде жашап, аларга ошол жердин Кудайынын мыйзамын єйрљтсєн».
Самариядан кљчєрєлєп кеткен ыйык кызмат кылуучулардын бири келип, Бейтелде жашап, аларга Кудайдан коркууну єйрљттє.
Ар бир эл љзєнєн кудайларын жасап, самариялыктар курган бийик жерлердеги бутканаларга койду. Ар бир эл љзє жашаган шаарга койду.
Бабылдыктар Сукот-Бенотту, куталыктар Нейиргалды, хаматтыктар Ашиманы,
абахтыктар Нибхаз менен Тартакты жасашты, сепарбайымдыктар болсо љздљрєнєн кудайлары Анамелек менен Адрамелекке арнап уулдарын отко љрттљштє.
Ошол эле учурда алар Тењирден да коркуп, љздљрєнєн арасынан буткана кызматчыларын шайлашты. Алар бутканаларда кызмат кылышты.
Алар Тењирден да коркушту, ошондой эле љздљрє кљчєп келген љлкљнєн салттары боюнча љздљрєнєн кудайларына да кызмат кылышты.
Алар ушул кєнгљ чейин љздљрєнєн мурунку салттары боюнча жашашат. Тењирден коркушпайт, Тењирдин Ысрайыл деген ысым берген Жакып уулдарына берген мыйзамдарын, осуяттарын, буйруктарын, кљрсљтмљлљрєн аткарышпайт.
Тењир алар менен келишим тєзєп, мындай деп осуят кылган: «Башка кудайларга табынбагыла, таазим этпегиле, кызмат кылбагыла, курмандык чалбагыла.
Силерди сунулган колу, кєчтєє билеги менен Мисир жеринен алып чыккан Тењирге табынгыла, таазим кылгыла, курмандык чалгыла.
Анын силерге жазып берген мыйзамдарын, осуяттарын, буйруктарын, кљрсљтмљлљрєн љмєрєњљр љткљнчљ аткарууга аракет кылгыла, башка кудайларга табынбагыла.
Менин силер менен тєзгљн келишимимди унутпагыла, башка кудайлардан коркпогула.
Љзєњљрдєн Кудай-Тењирињерден гана корккула, ошондо Ал силерди бардык душмандарыњардан куткарат».
Бирок алар тил алышкан жок, тескерисинче, мурунку каада-салттары боюнча жашашты.
Бул элдер Тењирден коркушту, бирок буркандарына да кызмат кылышты. Алардын балдары, балдарынын балдары да ата-бабаларына окшоп, ушул кєнгљ чейин ушундай кылып келе жатышат.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible