Скрыть
13:1
13:4
13:6
13:8
13:9
13:10
13:15
13:16
13:17
13:18
13:19
13:20
13:22
13:24
13:25
Жєйєт падышасы Ахазай уулу Жааштын падышачылыгынын жыйырма єчєнчє жылында Ысрайылга Жейу уулу Жаахаз падыша болду. Ал Самарияда он жети жыл падышачылык кылды.
Ал Тењирге жакпаган иштерди кылды, Ысрайылды кєнљљгљ батырган Небат уулу Жаробам кылган кєнљљлљрдє кылды, ошол кєнљљлљрдє кылганын токтоткон жок.
Тењир Ысрайылга каарданып, аны узак убакытка Сирия падышасы Хазаелдин жана Хазаел уулу Бенадаттын колуна салып берди.
Ошондо Жаахаз Тењирге сыйынды, Тењир аны укту, себеби ысрайылдыктардын эзилгенин, Сирия падышасынын аларды кандай эзгенин кљрдє.
Тењир ысрайылдыктарга куткаруучуну берди. Ошондо алар сириялыктардын бийлиги астынан чыгышты. Ысрайыл уулдары љз чатырларында мурункудай жашап калышты.
Бирок алар Ысрайылды кєнљљгљ батырган Жаробамдын тукумунун кєнљљлљрєн кылганды токтотушкан жок, ошол кєнљљлљрдє кылышты, Самарияда Ашейра мамысы тура берди.
Жаахаздын аскеринен элєє атчан жоокер, он майдан араба жана он мињ жљљ аскери гана калды. Анткени Сирия падышасы аларды кырып, таш-талканын чыгарды.
Жаахаз жљнєндљ, анын кылган бардык иштери, кљрсљткљн эрдиктери жљнєндљ Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.
Жаахаз ата-бабаларына кошулду, анын сљљгє Самарияга коюлду. Анын ордуна уулу Жааш такка отурду.
Жєйєт падышасы Жааштын падышачылыгынын отуз жетинчи жылында Ысрайылга Жаахаздын уулу Жааш падыша болду. Ал Самарияда он алты жыл падышачылык кылды.
Ал Тењирге жакпаган иштерди кылды. Ысрайылды кєнљљгљ батырган Небат уулу Жаробамдын кєнљљлљрєн кылганын токтоткон жок, ошол кєнљљлљрдє кылды.
Жааш жљнєндљ, анын кылган бардык иштери, кљрсљткљн эрдиктери, Жєйєт падышасы Аматсия менен кантип согушканы жљнєндљ Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.
Жааш ата-бабаларына кошулду, Жаробам анын тагына отурду. Жааш Самарияга, падышалардын жанына коюлду.
Элиша катуу ооруп, кийинчерээк ошол оорудан каза болду. Ысрайыл падышасы Жааш анын алдына келип: «Ата! Ата! Ысрайылдын майдан арабасы жана атчан жоокери!» – деп ыйлады.
Элиша ага: «Жаа менен жебелерди ал», – деди. Ал жаа менен жебелерди алды.
Анан ал Ысрайыл падышасына: «Колуњду жаанын єстєнљ кой», – деди. Ал колун койду. Элиша колун падышанын колуна коюп:
«Чыгыш жакты караган терезени ач», – деди. Ал терезени ачты. Элиша ага: «Ат!» – деди. Ал атты. Анан Элиша мындай деди: «Бул жебе – Тењирдин куткаруучу жебеси, сириялыктардан куткаруучу жебе, сен Апейикте сириялыктарды толугу менен талкалайсыњ».
Анан Элиша: «Жебелерди ал», – деди. Ал алды. Анан ал Ысрайыл падышасына: «Аны жерге ур», – деди. Ал жерге єч жолу урду, анан токтоп калды.
Ошондо Кудайдын кишиси ага ачууланып: «Беш же алты жолу уруш керек эле. Ошондо сен сириялыктарды таптакыр талкалайт элењ, эми сириялыктарды єч гана жолу талкалайсыњ», – деди.
Элиша кљз жумуп, аны кљргљ коюшту. Кийинки жылы мааптыктардын сансыз аскери алардын жерине келди.
Бир жолу бир кишини коюп жаткан учурда, бул сансыз аскерди кљрєп, анын сљљгєн Элишанын мєрзљсєнљ таштап жиберишкен. Ал кулап бара жатканда, Элишанын сљљгєнљ тийип кетип, тирилип, туруп кеткен.
Сирия падышасы Хазаел Жаахаздын кљзє љткљнчљ, ысрайылдыктарды кысымга алып турду.
Бирок Тењир аларга боор ооруп, ырайым кылып, Ыбрайым, Ыскак жана Жакып менен тєзгљн келишими єчєн аларга жєзєн бурду, аларды кыргысы келген жок, аларды ушул кєнгљ чейин четке каккан жок.
Сирия падышасы Хазаел кљз жумуп, анын ордуна уулу Бенадат такка отурду.
Согуш убагында Хазаел Жааштын атасы Жаахаздан шаарларды тартып алган. Бирок Жааш Хазаелдин уулу Бенадаттан ал шаарларды кайра тартып алды. Жааш аны єч ирет талкалап, Ысрайылдын шаарларын кайра тартып алды.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible