Скрыть
10:1
10:2
10:3
10:5
10:6
10:7
10:8
10:9
10:11
10:12
10:19
10:20
10:21
10:22
10:23
10:27
10:28
10:33
10:35
10:36
Ахаптын Самарияда жетимиш уулу бар эле. Жейу Изрейел жетекчилерине, аксакалдарына, Ахаптын балдарынын тарбиячыларына кат жазып, Самарияга жљнљттє. Ал каттын мазмуну мындай эле:
«Бул катты аларыњар менен падышањардын уулдарынын ичинен эњ мыктысын, эњ татыктуусун тандап, аны атасынын тагына отургузгула.
Мырзањардын уулдары да, майдан арабалар да, аттар да, чептєє шаарлар да, курал-жарак да силерде болгондуктан, падышањардын тукуму єчєн согушкула».
Алар аябай коркуп кетип: «Мына, ага эки падыша туруштук бере алган жок, биз кантип туруштук беребиз?» – дешти.
Падыша сарайынын башчысы, шаар башчысы, аксакалдар жана тарбиячылар Жейуга: «Биз сенин кулдарыњбыз, бизге эмне десењ, ошону кылабыз. Биз эч кимди падыша койбойбуз. Љзєњ туура кљргљндє кыл», – деп айттырып жиберишти.
Ал экинчи жолу аларга мындай кат жљнљттє: «Эгер силер мен тарапта болсоњор, мага баш ийсењер, анда эртењ ушул убакта мага, Изрейелге падышањардын уулдарынын баштарын алып келгиле».
Аларга кат жеткенде, алар падышанын жетимиш уулун мууздап, алардын баштарын себеттерге салышып, Жейуга, Изрейелге жљнљтєштє.
Жиберилген киши келип, ага: «Падыша уулдарынын баштарын алып келишти», – деп билдирди. Ал: «Аларды эртењ мененкиге чейин дарбазанын кире беришине экиге бљлєп єйєп койгула», – деди.
Ал эртењ менен сыртка чыгып, жалпы элге мындай деди: «Силер кєнљљлєє эмессињер. Мына, мен љз падышама каршы чыгып, аны љлтєрдєм. Ал эми булардын баарын ким љлтєрдє?
Эми билип койгула, Тењирдин Ахаптын тукуму жљнєндљ айткан бир да сљзє жерде калбайт. Тењир Љз кулу Илияс аркылуу айтканын аткарды».
Жейу Ахаптын тукумунун Изрейелде калгандарынын бардыгын: анын даражалуу тљрљлљрєн, жакындарын, ыйык кызмат кылуучуларын љлтєрдє. Ошентип, эч кимиси тирєє калган жок.
Анан ал туруп, Самарияга келди. Жейу койчулардын Бейт-Эйкетинин жанынан љтєп бара жатканда,
Жєйєт падышасы Ахазайдын бир туугандарына кезигип, алардан: «Силер кимсињер?» – деп сурады. Алар: «Биз Ахазайдын бир туугандарыбыз, падыша менен ханышанын уулдарынын ден соолугун билели деп бара жатабыз», – деп жооп беришти.
Ошондо ал: «Аларды тирєє кармагыла», – деди. Аларды тирєє кармап, кырк эки кишини Бейт-Эйкет кудугунун жанында мууздап салышты. Алардын бирљљ да тирєє калган жок.
Андан ары жљнљп, аны утурлап келе жаткан Рейхаптын уулу Жонадапка жолугуп, аны менен саламдашып, андан: «Менин сага ниетим ак, сенин да мага ниетињ акпы?» – деп сурады. Жонадап: «Ак», – деп жооп берди. Жейу ага: «Эгер андай болсо, анда колуњду бер», – деди. Ал колун берди, Жейу аны љзєнєн майдан арабасына салып алды.
Анан: «Мени менен жєр, менин Тењирге болгон кызганчаактыгымды кљр», – деди. Аны майдан арабага отургузушту.
Жейу Самарияга келип, Ахаптын тирєє калгандарынын баарын љлтєрдє, Тењирдин Илияска айткан сљзє боюнча аларды таптакыр жок кылды.
Жейу бєт элди чогултуп, аларга мындай деди: «Ахап Баалга аз кызмат кылган. Жейу ага кљп кызмат кылат.
Ошондуктан мага Баалдын пайгамбарларынын, буткана кызматчыларынын бирин калтырбай чакыргыла, анткени мен Баалга чоњ курмандык чалам. Ким келбей калса, ал тирєє калбайт». Баалга кызмат кылгандарды жок кылуу єчєн, Жейу ушундай куулук кылды.
Жейу: «Баалдын урматына майрамдык чогулуш жарыялагыла», – деди. Чогулуш жарыялашты.
Жейу Ысрайылдын бєт жерине чабарман жљнљттє. Ошондо Баалга кызмат кылгандардын бардыгы келишти. Келбей калган бир да киши болгон жок. Алар Баал єйєнљ киришти, Баал єйє кишиге толду.
Ошондо ал кийим кайтаруучуга: «Баалга кызмат кылгандардын бардыгына кийим алып кел», – деди. Ал аларга кийим алып келди.
Жейу Рейхаптын уулу Жонадап менен Баалдын єйєнљ кирип, Баалдын кызматчыларына: «Силердин арањарда Тењирдин кызматчылары жокпу, карап кљргєлљчє, анткени бул жерде бир гана Баалдын кызматчылары болушу керек», – деди.
Анан алар бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыктарды жана башка курмандыктарды чала башташты. Жейу єйдєн сыртына сексен киши коюп: «Мен силердин колуњарга салып берип жаткан кишилердин бирин ким качырып жиберсе, анда ал качып кеткен адамдын ордуна љлљт», – деди.
Бєтєндљй љрттљлєєчє курмандык љрттљлгљндљн кийин, Жейу жљљ кєлєктљрєнљ жана башчыларына: «Баргыла, аларды љлтєргєлљ, бири да качып кетпесин», – деди. Аларды кылычтап љлтєрєштє, башчылар менен жљљ кєлєктљр аларды сыртка ыргытышты, анан Баалдын бутканасы жайгашкан шаарга жљнљштє.
Баалдын бутканасынан буркандарды алып чыгып љрттљштє.
Анан Баалдын айкелин талкалап, бутканасын кыйратышты. Ал жерди ажатканага айландырышты, ал ушул кєнгљ чейин ошондой.
Ошентип, Жейу Ысрайыл жеринен Баалды жок кылды.
Бирок Жейу Ысрайылды кєнљљгљ батырган Небат уулу Жаробамдын кєнљљлљрєн таштаган жок, Дан менен Бейтелдеги алтын музоолорго табынуусун токтоткон жок.
Тењир Жейуга: «Менин алдымда адилеттєє эсептелген нерсени чын кљњєлєњдљн аткарганыњ єчєн, Ахаптын тукумун кырып, Менин жєрљгємдљгєнєн бардыгын аткаргандыгыњ єчєн, сенин уулдарыњ тљртєнчє муунга чейин Ысрайылдын тагында отурат», – деди.
Бирок Жейу Ысрайылдын Кудай-Тењиринин мыйзамы менен жєрєєгљ бєт жєрљгєн берип аракет кылган жок. Ал Ысрайылды кєнљљгљ батырган Жаробамдын кєнљљлљрєн таштаган жок.
Ошол кєндљрдљ Тењир Ысрайылдын жеринин аянтын кичирейте баштады. Хазаел Ысрайылдын бардык жериндеги ысрайылдыктарды кырды.
Ал Иордандын чыгыш тарабындагы жерди – Гилат жерин, Гат, Рубейин, Менаше урууларынын жерин, Арнон дарыясынын боюндагы Аройерден тартып Гилат менен Башанга чейинки жерлерди басып алды.
Жейу жљнєндљ, анын кылган бардык иштери, кљрсљткљн эрдиктери жљнєндљ Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.
Жейу ата-бабаларына кошулду, сљљгє Самарияга коюлду, ордуна уулу Жаахаз такка отурду.
Жейу ысрайылдыктарга Самарияда жыйырма сегиз жыл падышачылык кылды.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible