Скрыть
6:2
6:6
6:8
6:11
6:15
6:19
6:25
6:27
6:29
6:30
6:31
6:33
6:34
6:35
6:40
Ошондо Сулайман: «Тењир карањгылыкта жашоону кааларын айткан.
Мен болсо Сен жашай турган єй курдум, Сен тєбљлєк болуп турушуњ єчєн жай даярдадым», – деди.
Анан падыша љзєнєн алдында турган бардык ысрайылдыктарга бурулуп, мындай деп батасын берди:
«Менин атам Дљљткљ айткан сљзєн азыр Љз колу менен орундаткан ысрайылдыктардын Кудай-Тењирине дањк! Ал мындай деп айткан эле:
“Мен Љз элимди Мисир жеринен алып чыккан кєндљн тартып, Љзємдєн ысымым тура турган єйдє куруш єчєн, Ысрайыл тукумунан бир да шаарды тандап алган эмесмин жана Љзємдєн Ысрайыл элимди башкара турган адамды да тандап алган эмесмин.
Бирок Љзємдєн ысымым болуп туруш єчєн, Иерусалимди тандап алдым жана Љз элим Ысрайылды башкарыш єчєн, Дљљттє тандап алдым”.
Менин атам Дљљттєн Ысрайылдын Кудай-Тењиринин ысымына арнап єй курам деген ою бар эле.
Бирок Тењир менин атам Дљљткљ мындай деген: “Сенин Менин ысымыма арнап ийбадаткана курайын деген оюњ бар, жєрљгєњдљ мындай ойдун болгону жакшы.
Бирок ийбадаткананы сен курбайсыњ, Менин ысымыма арнап ийбадаткананы сенин тукумуњан чыккан уулуњ курат”.
Тењир Љз оозунан чыккан сљздє аткарды: Тењир айткандай, Дљљт атамдын ордуна мен келдим, Ысрайылдын тагына отурдум жана ысрайылдыктардын Кудай-Тењиринин ысымына арнап єй курдум.
Ал єйгљ Тењирдин Ысрайыл уулдары менен тєзгљн келишими салынган Тењирдин келишим сандыгын койдум».
Сулайман Тењирдин курмандык чалынуучу жайынын жанында, бєткєл Ысрайыл жыйынынын алдында туруп, колдорун асманга кљтљрдє.
Ал жезден узундугу беш чыканак, туурасы беш чыканак, бийиктиги єч чыканак болгон секиче жасап, короонун дал ортосуна орноткон. Ошонун єстєндљ туруп, бєткєл Ысрайыл жамаатынын алдында тизе бєгєп, колдорун асманга кљтљрдє.
Анан мындай деди: «Тењир, ысрайылдыктардын Кудайы! Асманда да, жерде да Сендей Кудай жок. Сенин алдыњда чын жєрљктљн жєргљн кулдарыња ырайым кыласыњ, келишимињди сактайсыњ.
Сен Љз кулуња, менин атам Дљљткљ, айткан убадањды орундаттыњ. Љз оозуњан чыккан убаданы бєгєн Љз колуњ менен аткардыњ.
Тењир, Ысрайылдын Кудайы! Љз кулуњ, менин атам Дљљткљ: “Сен Менин алдымда Менин мыйзамдарым боюнча кандай жєрсљњ, сенин уулдарыњ да ошондой жєрсљ, сенин тукумуњдан Менин кљз алдымда Ысрайылдын тагында отурган адам єзєлбљйт”, – деп айткан убадањды эми аткара кљр.
Эми Тењирим, Ысрайылдын Кудайы, Љз кулуњ Дљљткљ айткан сљзєњ ордунан чыксын!
Чындыгында, Кудай адамдар менен жерде жашамак беле? Сени асман, асмандардын асманы батыра албайт! Анан мен курган ийбадаткана батыра алмак беле!
Бирок Тењирим, Кудайым, Љз кулуњдун сыйынуусуна, суранычына назар сал. Сенин алдыњда сыйынып жаткан кулуњдун сыйынуусуна жана љтєнєчєнљ кулак сал.
Љз ысымыњды орнотом деп убада берген ушул ийбадатканадан кєн-тєн дебей кљзєњдє алба. Ушул жерден сыйынган кулуњдун сыйынуусун ук.
Љз кулуњдун, Љз элињ Ысрайылдын ушул жерде сыйынган сыйынуусуна кулак сал. Љзєњ турган жерден, асмандан кулак сал, кулак сала кљр, ырайым кыла кљр!
Ким љз жакынына каршы кєнљљ кылса, аны ант бер деп талап кылышса, ал Сенин ушул ийбадатканањда, курмандык чалынуучу жайдын алдында ант берсе,
Сен асмандан угуп, Љз кулдарыња љкєм чыгар, айыптууну кылган кєнљљсєнљ жараша жазала, айыпсызды актыгына жараша акта.
Сенин элињ Ысрайыл Сенин алдыњда кылган кєнљљсє єчєн душман тарабынан талкаланганда, Сага кайрылып, Сенин алдыњда кєнљљлљрєн мойнуна алып, ушул ийбадатканада Сага жалынып сыйынганда,
асмандан алардын єнєн угуп, Љз элињ Ысрайылдын кєнљљсєн кечир, аларды љздљрєнљ, ата-бабаларына Љзєњ берген жерге кайра алып кел.
Сенин алдыњда кылган кєнљљсє єчєн асман жабылып, жамгыр жаабай калганда, Сен аларды моюн сундургандыктан, алар ушул жерде Сенин алдыњда кєнљљлљрєн мойнуна алышканда, кєнљљлљрєнљн баш тартышканда,
Сен асмандан уга кљр, Љз кулдарыњ менен Љз элињ Ысрайылдын кєнљљсєн кечир, алар баса турган жакшы жолду кљрсљтєп бер, элиње Љзєњ мурас кылып берген жерге жамгыр жаадыр.
Жер єстєн ачарчылык, же жугуштуу оору, же ысык шамал, же коњур дат оорусу, же чегиртке, же курт-кумурска каптаганда, же душман аларды љз жеринде кысымга алганда, же кырсык, же кандайдыр бир дарт каптаганда,
бир киши же бєткєл Ысрайыл эли башына тєшкљн кырсык менен кайгысын сезип, бул ийбадаткана жакка колдорун сунуп сыйынган ар бир сыйынуусун, ар бир љтєнєчєн
асмандан – Љзєњ турган жерден ук, кєнљљсєн кечир, ар кимге жєргљн жолуна жараша тиешесин бер, анткени Сен алардын жєрљгєн жакшы билесињ, адам баласынын жєрљгєн билесињ.
Ата-бабаларыбызга Сен берген жерде жашап турганда, љмєрє љткљнчљ Сенден коркушсун, Сенин жолуњ менен жєрєшсєн.
Атєгєл, Љз элињ Ысрайылдан болбогон бљтљн жерлик адам да Сенин улуу ысымыњ єчєн, Сенин сунулган колуњ єчєн, Сенин кєчтєє билегињ єчєн алыскы жерден келип, ушул ийбадатканада сыйынганда,
Љзєњ турган асмандан ук, бљтљн жерлик адамдын Сенден сураганынын баарын аткар, Сенин ысымыњды жер жєзєндљгє бєт эл билсин, Љз элињ Ысрайыл Сенден корккондой, Сенден бардыгы корксун, мен курган єй Сенин ысымыњ менен аталганын бардыгы билсин.
Сенин элињ Љзєњ кљрсљткљн жол менен душманга каршы чыкканда, Сен тандаган ушул шаарды жана Сенин ысымыња арнап мен тургузган ийбадаткана жакты карап сыйынганда,
Сен асмандан алардын сыйынуусун, љтєнєчєн ук, аларга керектєєсєн бер.
Алар Сенин алдыњда кєнљљ кылганда (анткени кєнљљ кылбаган адам болбойт), Сен аларга каарданып, душмандарынын колуна салып бергенде, аларды алыс же жакын жерлерге туткундап кетишкенде,
алар туткунда жєргљн жеринде кєнљљсєн тєшєнєп, Љзєњљ кайрылып: “Биз мыйзамсыздык кылып кєнљљ кетирдик, биз айыптуубуз”, – деп сыйынганда,
алар туткунда жєргљн жеринде чын жєрљгєнљн, жан-дилинен Сага кайрылып жалынганда, Сен алардын ата-бабаларына берген жерге, Сен тандап алган шаарга, Сенин ысымыња арнап мен курган бул ийбадаткана жакка кайрылып сыйынышканда,
ошондо Сен асмандан, Љзєњ турган жайдан алардын сыйынуусун, сураган љтєнєчєн ук, аларга керектєєсєн бер, Љз элињдин Сенин алдыњда кылган кєнљљсєн кечир.
Оо Кудайым! Ушул жерден кљзєњдє алба, ушул жерде сыйынган сыйынууларга кулак сал.
Эми, Кудай-Тењир, Љзєњдєн єйєњљ, Сенин кудуреттєєлєгєњдє кљрсљткљн келишим сандыгыњ турган жерге кел. Кудай-Тењир, Сенин ыйык кызмат кылуучуларыњ куткарылууну кийишсин, Сенин ыйыктарыњ Сенин ырайымыња кубанышсын.
Кудай-Тењир! Љзєњ майлаган адамдан жєзєњдє бурба, Љз кулуњ Дљљткљ ырайым кыл».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible