Скрыть
35:2
35:4
35:5
35:9
35:10
35:11
35:12
35:14
35:16
35:21
35:27
Жошия Иерусалимде Тењирдин Пасах майрамын љткљрдє. Пасах козусун биринчи айдын он тљртєнчє кєнє союшту.
Ал ыйык кызмат кылуучуларды љздљрєнєн кызмат орундарына коюп, Тењир єйєндљ кызмат кылууга шыктандырды.
Анан лебилерге, љздљрєн Тењирге арнаган Ысрайылдын бардык насаатчыларына мындай деди: «Ысрайыл падышасы Дљљттєн уулу Сулайман курган ийбадатканага келишим сандыгын койгула. Аны эми ийинињерге кљтљрєп жєрєєнєн зарылдыгы жок. Мындан ары Кудай-Тењирге жана Анын Ысрайыл элине ушул жерде кызмат кылгыла.
Ысрайыл падышасы Дљљт жана анын уулу Сулайман падыша кљрсљтєп кеткендей, уруу-урууњар боюнча, кезек-кезегињер боюнча тургула.
Ысрайыл уулдары болгон бир туугандарыњардын уруулары боюнча, лебилердин уруулары боюнча бљлєнєп, ыйык жайда тургула.
Пасахка арналган козуну сойгула да, ыйыкталгыла, аны бир туугандарыњарга Тењирдин Муса аркылуу айткан сљзє боюнча даярдагыла».
Анан Жошия ал жерде турган элдин уулдарынын бардыгына Пасах курмандыгы єчєн майда малдан, козу менен жаш текеден отуз мињ жана єч мињ букачар берди. Падыша буларды љз малынан берди.
Анын тљрљлљрє да элге, ыйык кызмат кылуучуларга, лебилерге љз каалоосу менен тартууларды алып келишти: Кудайдын єйєндљ башчылык кылган Хилкия, Захария, Жехиел Пасах курмандыгы єчєн ыйык кызмат кылуучуларга эки мињ алты жєз майда мал жана єч жєз љгєз беришти.
Канания, анын бир туугандары Шемая, Натанаел жана лебилердин башчылары: Хашабия, Жейел, Жозабат Пасах курмандыгы єчєн лебилерге беш мињ кой, беш жєз љгєз беришти.
Пасахты љткљрєє кызматы мына ушундай болду. Падышанын буйругу боюнча ыйык кызмат кылуучулар љз-љз орундарында, лебилер љз кезеги менен турушту.
Анан Пасах козусун союшту. Ыйык кызмат кылуучулар лебилердин колдорунан канды алып чачышты, лебилер болсо терисин сыйрышты.
Мусанын китебинде жазылгандай, Тењирге арналып чалынуучу бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыктарды Ысрайыл уулдарынын урууларына бљлєштєрєштє. Љгєздљрдє да ошондой кылышты.
Мыйзам боюнча Пасах козусун отко кактап бышырышты. Ыйык курмандыктарды казандарга, карапаларга, мискейлерге бышырышып, дароо бардык элге таратышты.
Андан соњ љздљрє єчєн жана ыйык кызмат кылуучулар єчєн даярдашты, анткени Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыктарды жана майларды љрттљп, тєн киргенге чейин колдору бошогон жок. Ошондуктан лебилер љздљрєнљ жана Арундун уулдарына, ыйык кызмат кылуучуларга, даярдашты.
Асаптын уулдары, ырчылар Дљљт менен Асаптын, Эйман менен падышанын кљрљгљчє Жедутундун буйругу боюнча љз орундарында калышты, дарбазачылар да ар бир дарбазанын алдында турушту. Аларга љз кызматын таштап кетєєнєн кажети жок эле, анткени алар єчєн бир туугандары болгон лебилер даярдашчу.
Жошия падышанын буйругу боюнча Тењирдин курмандык чалынуучу жайында курмандык љрттљп Пасахты љткљрєш єчєн, ошол кєнє Тењирге кылган кызмат ушундай болду.
Ал жерде болгон Ысрайыл уулдары Ачыткысыз нан майрамы менен Пасах майрамын жети кєн бою љткљрєштє.
Шемуел пайгамбардын кєндљрєнљн бери Ысрайылда мындай Пасах майрамы љткљрєлгљн эмес эле. Жошия, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, Иерусалимде жашаган жєйєттљр менен ысрайылдыктар љткљргљн Пасах майрамын Ысрайыл падышаларынын бири да љткљргљн эмес.
Бул Пасах майрамы Жошиянын падышачылыгынын он сегизинчи жылында љткљрєлдє.
Жошия Кудайдын єйє єчєн бардык иштерди кылып бєткљндљн кийин, Мисир падышасы Нехо Эфрат боюндагы Каркемиш менен согушууга бет алды. Жошия анын алдынан чыкты.
Нехо љз љкєлдљрєн жљнљтєп, ага мындай деп айттырды: «Жєйєт падышасы, менден сага эмне керек? Мен сага каршы бара жаткан жокмун, мен согуш болуп жаткан жерге бара жатам. Мени Кудай шаштырып жатат. Кудайга каршы чыкпа, Ал мени менен, Ал сени љлтєрєп салбасын, байка».
Бирок Жошия кайтып кетпей, аны менен согушууга даярданды, Кудайдын атынан сєйлљгљн Нехонун сљзєн укпай койду, аны менен Мегидо тєздєгєндљ беттешти.
Ошондо анын жаа тарткычтары Жошияны атышты. Жошия љз кызматчыларына мындай деди: «Мени алып кеткиле, мен оор жарадар болдум».
Кызматчылары аны майдан арабадан тєшєрєп, коштоп жєргљн башка арабага салып, Иерусалимге алып кетишти. Ал оор жараттан љлдє, аны ата-бабаларынын мєрзљсєнљ коюшту. Бєткєл Жєйєт аймагы менен Иерусалим Жошияны жоктоп аза кєтєштє.
Жошияны катуу жоктоп, Жеремия да кошок кошту. Ырчылар менен кошокчу аялдар Жошияны армандуу ырларында айтып, бєткєл Ысрайылга таратышты, ал армандуу ырлар азыркыга чейин Ысрайыл элинде колдонулуп келе жатат. Жошияны жоктогон кошоктор армандуу ырлар китебинде жазылган.
Тењирдин мыйзамы боюнча аткарган Жошиянын башка жакшы иштери,
анын дагы башка иштери, алгачкы жана акыркы иштери Ысрайыл менен Жєйєт падышаларынын китебинде жазылган.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible