Скрыть
30:3
30:4
30:8
30:10
30:11
30:14
30:16
30:17
30:19
30:20
30:21
30:22
30:23
30:24
30:26
Хиския Ысрайыл менен Жєйєттєн бардык аймагына чабармандарды чаптырып, Ысрайылдын Кудай-Тењирине арнап Пасах майрамын љткљрєш єчєн, Иерусалимге, Тењирдин єйєнљ келєєгљ Эпрайым менен Менашеге кат жазып жљнљттє.
Падыша љз тљрљлљрє менен жана Иерусалимдеги эл менен Пасах майрамын экинчи айда љткљрљлє деп кењешти.
Анткени аны љз убагында љткљрљ албай калышкан, себеби ыйык кызмат кылуучулар жетишерлик санда ыйыкталып бєтљ элек болчу, эл да Иерусалимге жыйнала элек болчу.
Муну падыша да, бєт эл да жактырды.
Ысрайылдын Кудай-Тењиринин Пасах майрамын љткљрєш єчєн, Бейер-Шебадан Данга чейинки аймакта жашаган ысрайылдыктардын баарына Иерусалимге келєєнє жарыя кылууну чечишти, себеби мыйзамда жазылгандай, ал майрамды кљптљн бери љткљрєшљ элек болчу.
Чабармандар падышадан, анын тљрљлљрєнљн каттарды алып, бардык Ысрайыл менен Жєйєттєн жерлерине чапкылап, падышанын буйругун жар салып жєрєштє: «Оо Ысрайыл уулдары! Ата-бабањар Ыбрайым, Ыскак, Ысрайылдын Кудай-Тењирине кайрылгыла! Ошондо Ашур падышаларынын колдорунан аман калган силерге Ал да жєзєн бурат.
Ата-бабаларыњардын Кудай-Тењиринин алдында мыйзамсыз иш кылган љзєњљрдєн ата-бабаларыњар менен бир туугандарыњардай болбогула. Љзєњљр кљрєп турганыњардай, Тењир алардын кыйратылуусуна жол берди.
Эми ата-бабаларыњарга окшоп тоњ моюн болбогула, Тењирге моюн сунгула. Тєбљлєккљ ыйык кылып койгон Анын ыйык жайына келгиле. Љз Кудай-Тењирињерге кызмат кылгыла. Ошондо Ал силерден жалындаган каарын кайт кылат.
Силер Тењирге кайрылсањар, силердин бир туугандарыњар, балдарыњар туткундап алгандардан ырайым таап, љз жерине кайтышат, анткени Кудай-Тењирињер ырайымдуу, боорукер. Эгерде силер Кудай-Тењирињерге кайрылсањар, Ал силерден жєзєн бурбайт».
Чабармандар Эпрайымдын, Менашенин жерлеринде шаардан шаарга чапкылап, Забулундун жерине чейин жетишти. Бирок аларды шылдыњдап, мазактап жатышты.
Ошого карабастан Ашырдын, Менашенин, Забулундун тукумдарынан кээ бирљљлљр моюн сунуп, Иерусалимге келишти.
Жєйєт аймагындагылар Тењирдин сљзє боюнча падыша менен тљрљлљрдєн буйруктарын аткарышы єчєн, аларга бир жєрљк берген Кудайдын колу алардын єстєндљ болду.
Экинчи айда Ачыткысыз нан майрамын љткљрєш єчєн, Иерусалимге кљп эл келди, ал жерге кљп сандагы эл чогулду.
Иерусалимдеги курмандык чалынуучу жайларды кыйратып, таш буркандарга арнап жыпар жыттуу зат тєтљтєлєєчє жайлардын баарын талкалап, Кидрон суусуна ыргытып жиберишти.
Экинчи айдын он тљртєнчє кєнє Пасах майрамына арналган козуну союшту. Ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер уялышып, љздљрєн ыйыкташты да, Тењир єйєнљ бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыктарды алып келишти.
Кудайдын кулу Мусанын мыйзамы боюнча, љз тартиби боюнча љз-љз орундарына турушту. Ыйык кызмат кылуучулар лебилердин колунан козунун канын алып, кан чачышты.
Жыйналган элдин арасында ыйыкталбаган адамдар кљп болгондуктан, таза эместердин ордуна лебилер Тењирге арнап Пасах козусун союшту.
Кљпчєлєк эл, айрыкча Эпрайымдын, Менашенин, Исахардын, Забулундун тукуму тазаланган эмес экен, ошентсе да, алар Пасах тамагын жешти, бирок мыйзам боюнча эмес.
Бирок Хиския алар єчєн: «Кайрымдуу Кудай, ыйыкталбаган болсо да, ата-бабаларынын Кудай-Тењирин издљљгљ жєрљгєн бурган ар бир адамды кечире кљр!» – деп сыйынды.
Тењир Хискиянын сыйынганын угуп, элди кечирди.
Иерусалимге келген Ысрайыл уулдары Ачыткысыз нан майрамын жети кєн зор кубаныч менен майрамдашты. Лебилер менен ыйык кызмат кылуучулар кєн сайын аспаптарда ойноп, Тењирди дањкташты.
Анан Хиския Тењирге чын жєрљктљн кызмат кылган лебилерге жакшы сљздљрдє айтты. Майрам тамактарын жети кєн жешип, тынчтык курмандыктарын чалышып, ата-бабаларынын Кудай-Тењирин дањазалашты.
Бардык жыйын дагы жети кєн майрамдоону чечип, ал жети кєндє да шаттык менен љткљрєштє.
Анткени Жєйєт падышасы Хиския жыйналган элге бир мињ букачар, он мињ майда мал берди жана тљрљлљр да жыйналган элге бир мињ букачар, он мињ майда мал беришти. Ошентип, ыйыкталган ыйык кызмат кылуучулардын саны кљбљйдє.
Жєйєт аймагынан келген ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер, Ысрайылдан келген эл, Жєйєт жана Ысрайыл жеринде жашаган келгиндердин бардыгы кљњєл ачышты.
Иерусалимде укмуштай кубанычтуу улуу майрам болду. Анткени Ысрайыл падышасы Дљљт уулу Сулаймандын тушунан бери мындай майрам љткљрєлљ элек болчу.
Ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер туруп, жалпы элге бата беришти. Кудай алардын єнєн укту, алардын сыйынуусу Тењирдин асмандагы ыйык жайына жетти.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible