Скрыть
14:4
14:5
14:6
14:7
14:8
14:10
14:13
14:15
Абиям кљз жумуп, ата-бабаларына кошулду, аны Дљљттєн шаарына коюшту. Анын ордуна уулу Аса падыша болду. Анын тушунда ал жерде он жыл тынчтык болду.
Аса љз Кудай-Тењирине жаккан жакшы иштерди кылды.
Ал башка кудайлардын курмандык чалынуучу жайларын, бийик жердеги бутканаларын четке какты, балбалдарын кыйратты, Ашейра мамыларын кыйды.
Анан ал жєйєттљргљ ата-бабаларынын Кудай-Тењирин издљљнє, Анын мыйзамдары менен буйруктарын аткарууну буйрук кылды.
Жєйєттєн бардык шаарларындагы балбалдар менен кєнгљ арналган эстеликтерди алып таштады. Анын убагында падышачылык тынч болду.
Ал Жєйєт аймагында бекем шаарларды курду, анткени ал жерде тынчтык љкєм сєрєп турган эле. Тењир ал жылдары бейкуттук бергендиктен, эч кандай согуш болгон жок.
Ал жєйєттљргљ: «Бул шаарларды куруп чыгалы да, аларды чептер менен, мунаралар менен, дарбазалар менен, кулпулуу эшиктер менен бекители. Жер азырынча биздики, анткени биз љз Кудай-Тењирибизди издедик. Биз Аны издегендиктен, Ал бизге бардык тараптан бейпилдик берди», – деди. Алар шаарларды куруп, ийгиликке жетишти.
Асанын аскер кєчтљрє љтљ кљп эле. Анын калкан, найза менен куралданган Жєйєт тукумунан єч жєз мињ аскери, Бенжемин тукумунан жаа тартып, калкан менен куралданган эки жєз сексен мињ эр жєрљк аскери бар эле.
Эфиопиялык Зерак бир миллион аскери, єч жєз майдан арабасы менен Асанын аскерине каршы Марейшага келди.
Аса ага каршы чыкты. Ал љзєнєн аскерлери менен Марейшанын жанындагы Сепата љрљљнєндљ согушка даяр турду.
Ошондо Аса Тењирге: «Тењир! Алдууга да, алсызга да Сен гана жардам бере аласыњ. Кудайым, Тењирим, бизге жардам бер, анткени биз Сага таянабыз, биз бул сансыз душманга каршы Сенин атыњдан аттандык. Тењир! Сен биздин Кудайыбызсыњ, адам Сага каршы чыга албайт», – деп кайрылды.
Тењир эфиопиялыктарды Аса менен Жєйєттєн кљз алдында талкалады. Эфиопиялыктар качып жљнљштє.
Аса љз эли менен аларды Герарга чейин кууп барды. Эфиопиялыктар кырылды, эч ким тирєє калган жок, анткени алар Тењирдин алдында, Анын жоокерлеринин алдында кырылышты. Аса љз аскери менен эбегейсиз кљп олжого ээ болду.
Алар Герардын айланасындагы бардык шаарларды кыйратышты, анткени душманды Тењирдин коркунучу басты. Алар бардык шаарларды талап-тоноп, кљп олжо алып кетишти.
Ошондой эле малчылардын чатырларын кыйратып, љтљ кљп майда малды, тљљлљрдє айдап алып Иерусалимге кайтышты.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible